ТАРЫХЧЫЛАР АЙМАКТАРДЫН ТАРЫХЫН ИЗИЛДЕШҮҮДӨ

  • 26.06.2018
  • 0

22-июнда И.Арабаев атындагы КМУда «КР региондорунун тарыхы инсандардын элесинде. Ысык-Көл. Муратаалы бий» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү.

ТАРЫХЧЫЛАР АЙМАКТАРДЫН ТАРЫХЫН ИЗИЛДЕШҮҮДӨ

Иш-чара региондордогу легендарлуу инсандардын элесине арналып, алардын басып өткөн өмүр жолун изилдөө, эскерүү аркылуу региондун элинин тарыхын жалпы кыргыз элинин тарыхынын контекстинде карап чыгуу максатын көздөйт.

«Негизинен, азыркы мамлекеттик саясатта элдин тарыхынын, маданиятынын, башкаруу жана бийлик жүргүзүү тажрыйбасынын эске алынышы региондорду өнүктүрүү иштеринин натыйжалуу ишке ашышынын негизги өбөлгөсү болуп саналат. Кыргыз элинин басып өткөн тарыхында Муратаалы бий Бирназар уулунун өмүрү Ысык-Көл аймагынын жана кыргыз элинин тарыхы, тагдыры менен тыгыз байланыштуу. Азыр тарыхтагы көптөгөн маселелер кайрадан каралып, жаңыланып жаткан кезде Муратаалы бий сыяктуу инсандардын өз доорундагы бийлик жүргүзүү тажрыйбасын, аймактык саясатты аныктоодогу карманган позициясын, тарыхый таасирин изилдеп, тактап, карап чыгуу биздин коом үчүн актуалдуу маселе», – дейт өз сөзүндө ректор Т.Абдырахманов.

Окуу жайдын илим иштери боюнча проректору Э.Каниметов кыргыз элинин рухун-духун сактаган Муратаалы бийдин элесин эскерүү тарыхтагы намысты туу туткан чыгаан адамдарга болгон сый-урматтын белгиси экендигин баса белгилеп, тарыхтын уланаарын, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөн чыгаан жетекчилер элдин эсинде ар дайым сакталып, алар тарыхта жазылаарын эске алуу зарылдыгын айтып өттү.  

Муратаалы бий Бирназар уулунун өмүр-жолуна, ошол доордогу бул инсандын кадыр-баркына, элине кылган кызматына кеңири токтолгон тарых илимдеринин доктору К.Молдокасымов: «1868-жылы Жакыпбекке кошулуп, Түндүк кыргыздарды Орус империясына каршы кол топтоп, аларга курал-жарак берип жатыпсың деп орус аскерлери тарабынан суракка алынган экен. Анда Муратаалы бий 86 жашта болуптур. Ошондо анын «Мен ак сөөкмүн, мусулманмын. Азыркы тапта ден-соолугум жакшы эмес. Ал эми Жакыпбек менен менин мамилем жок жана орустарга каршы эч кандай кол топтогон жокмун» деп айтканы архивдик документтерде сакталуу», – деди.

Бишкек гуманитардык университетинин профессору, т.и.д., Д.Сапаралиев: «Муратаалы бий Бирназар уулу тууралуу архивдик материалдар Россиянын, Казакстандын мамлекеттик архивдеринде сакталып калган. Архивде Муратаалы бий Берназар уулу деп жазылган. Муну кээ бир кыргыздын окумуштуулары деле Берназар деп колдонушууда. Бул туура эмес, орустар бурмалап жиберишкен. Туурасы — Бирназар. Ал эми Мурааталы бий Боромбайга эч кандай каршы чыккан эмес, чыгышы да мүмкүн эмес. Анткени Муратаалы бий да Боромбай сыяктуу элдин акылман, насаатчы, алысты көрө билген көрөгөч инсандарынын бири болгон», – деди өз сөзүндө.

Улуу инсанды эскерүү үчүн Ысык-Көл өрөөнүнөн анын урпактары да келишип, эл оозунда Муратаалы бий тууралуу айтылып калган кептерден айтып беишти.

Э.Каниметовдун айтымында, иш-чаранын жыйынтыгы жана архивдик материалдардын негизинде Мурааталы бий Бирназар уулу жөнүндө такталган маалыматтар атайын жыйнак болуп чыгат.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер