ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

  • 07.05.2020
  • 0

Каракол педагогикалык колледжинин музейинде окуу жайдын тарыхын баяндаган көптөгөн материалдар бар.

Колледжге 90 жыл!

Республикалык маанидеги архитектуралык эстелик болгон колледждин имараты 1878-жылы тянь-шань карагайларынан салынып, экинчи имараты 1908-жылы курулган. Окуу жайдын имаратынын кенен, жарык класстык бөлмөлөрүндө биздин өлкөнүн белгилүү адамдары Касым Тыныстанов, Хусеин Карасаев, Нагима Айтматова,Калыйнур Үсөнбеков, Бүбүйна Орузбаева жана башка илимдин жана маданияттын белгилүү ишмерлери окуп жана иштеп кеткендерин билебиз.

Бул имараттарда XX кылымдын башында эркектердин жана аялдардын туземдик гимназиялары жайгашкан. Мезгилдин талабына жараша өлкөгө сабаттуу адистер талап кылына баштайт, ошондуктан 1930-жылы туземдик гиназиянын базасында педагогикалык техникум ачуу чечими кабыл алынган. Үстүбүздөгү 2020-жылы колледжге 90 жыл болот.

Бүтүрүүчүлөр мугалимдик кесипти аркалабай, фронтко аттанышкан

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Колледждин музейинде тарыхтын түрдүү мезгилдерине арналган стенддер түзүлгөн. Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата 1941-1945-жылдарга арналган бир нече стенддерге токтоло кетсек. 1941-жылы 21-июнда педагогикалык техникумдун бүтүрүүчүлөрү акыркы мамлекеттик сыноону тапшырып, кийинки күнү дипломду салтанаттуу тапшыруу күнүнө даярданып жатышкан. Бирок кубанычтуу күндүн ордуна, 22-июнда радиодон согуштун башталышы жарыяланды.

Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып педагогикалык окуу жайдын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү өз ыктыяры менен армияга жана аскердик бөлүктөргө жазыла башташты. Эң биринчи ыктыярчылар окуу жайдын директору Давлетов Акмат, Нагаев Абдулла Галиевич жана башкалар болушту.

Согуш жылдарынан кийинки мезгилинде бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү мугалимдик кесиптин ордуна, колдоруна курал алып фронтко жөнөп жатышты. Согуш башталгандан анын акырына чейин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү мекенин коргогон жоокерлерден боло алышты. Советтер Союзунун Маршалы Г.К.Жуковдун эскерүүсүнөн: “ …1945-жылдын 1-4-февралында Кюстрин районунун Одер дарыясынын батыш жээгинде болгон оор согушта 1008 аткычтар полкунун 1-батальонунун жоокерлери, офицерлери, сержанттары өзгөчө айырмаланышты жана орден, медалдар менен сыйланышты. Батальондун командири М.А.Алексеевге жана батальондун парторгу, улуу лейтенант Калыйнур Үсөнбековго Советтер Союзунун Баатыры жогорку наамы берилди”.

Калыйнур Үсөнбеков

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбековичтин 1921-жылы 23-сентябрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Булак кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1941-жылы июнда Пржевальск педагогикалык окуу жайын бүткөн. Бир жылдай Кичи-Жаргылчак толук эмес орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Кызыл Армиянын катарына 1942-жылдын февралында чакырылат. Согуштан кийин Советтик Армиянын катарында кызматын улантат. 1973-жылы генерал-майор наамында запаска бошотулган. 1987-жылдын май айынан генерал-лейтенант Үсөнбеков Калыйнур Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн согуш жана эмгек ардагерлер Кеңешин жетектейт. 1990-жылдан баштап республикалык “Эстелик китебинин” башкы редактору болгон. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 9-,10-,11-чакырылыштарынын депутаты; ал эми 1989-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Калыйнур Үсөнбеков – көптөгөн китептердин, мезгилдүү басылмалардын автору.

Музейдин бараандуу стенддеринде Кыргызстандын сыймыгы жана даңкы болгон көптөгөн инсандар: окумуштуу Касым Тыныстанов, академик Жумагул Алышпаев, отставкадагы майор Кадырбай Абдыкалыков, параддын катышуулары Тенти Тамашаев, Бакир Чодобаев жана башка согуштун жана эмгектин ардагерлери бар. Арасынан айрымдарына токтоло кетели.

Жумагул Алышпаев

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Педагогикалык окуу жайдын 1939-жылкы бүтүрүүчүсү Жумагул Алышпаев Кызыл Армиянын катарына чакырылып, согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кызыл Жылдыз”, “Улуу Ата Мекендик согуштун 1- жана 2-даражадагы” ордендери, “Эрдиги үчүн” медалы менен сыйланган. Согуштан кийин Талас обком комсомолунун катчысы Кыргызстан комсомол жаштар союзунун катчысы, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын вице-президенти жана башка жооптуу кызматтарда иштеген. 200дөн ашуун илимий эмгектердин автору. Кыргыз экономика илимине кошкон салымы жана жемиштүү эмгеги үчүн “Эмгек Кызыл Туу”, “Ардак белгиси” ордендери , “Эмгек ардагери” Юбилейлик медалдары менен сыйланган. Белгилүү илимпоз катары республиканын өнүгүүсүнүн экономикалык программасын иштеп чыккан. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1954-жыл), Экономика илимдеринин доктору (1966-жыл) наамдарына ээ.

Чыпаш Өмүралиев

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Педагогикалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү, мурдагы фронтовик Чыпаш Өмүралиев Ысык-Көл, Жети-Өгүз райондорунун прокурору, Ысык-Көл райондук аткаруу комитетинин төрагасы, Ош областык сотунун төрагасы жана республикалык прокурорунун биринчи орун басары кызматтарында иштеген.

Бакир Чодобаев

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Окуу жайдын дагы бир бүтүрүүчүсү – Бакир Чодобаев Кыргыз ССРинин геология тармагындагы белгилүү адам. Улуу Ата мекендик согуштун жана ооруктагы эмгек ардагерлер коомдук бирикмесинин уюштуруучусу жана төрагасы. 1942-жылы 18 жашка толгон Бакир Чодобаев армияга чакырылып, миномёттук полкко туш болот. Жаш жоокер Ленинград блокадасынын, Псков, Новгородду бошотуу, Нарва салгылашуусу сыяктуу тарыхый салгылашуулардын катышуучусу болгон. Бир нече жолу жарадар болгон. Мекенге кылган кызматы үчүн “Улуу Ата мекендик согуштун I даражадагы” орденинин кавалери, “Эмгек Кызыл Туу”, “II даражадагы Манас” ордени, “Эрдиги үчүн”, “Даңк” медалдары менен сыйланган.

Тенти Тамашаев

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Согуштун жана эмгектин ардагери Талды-Суу айылынын жашоочусу Тенти Тамашаев педагогикалык колледждин окутуучулары жана студенттери менен жолугушууда жаш кезинде военкоматка келип, жүздөгөн жаш жоокерлер менен окуу полкунда согуш илимин өздөштүргөнүн эскерип айтаар эле. 1945-жылы согуштан кийин, райком партияда инструктор, 1946-жылы Ысык-Көл обком партияда инструктор, 1952-жылы Пржевальск шаардык партия комитетинин катчысы болуп иштеген.

Абдыкалыков Кадырбай, Мусаев Саламат жана башка жүздөгөн жаш жоокерлер Мекенди коргоого аттанышкан. Алардын көпчүлүгү диплом алууга да үлгүрбөй, кээ бирлери окуусун да аяктабай фронтко жөнөп жатышты.

Эвакуация

Согуш ССРдин көп аймагында жүрүп жаткандыктан, көптөгөн ишканалар, окуу жайлары Сибирге, Орто Азия, Поволжьеге эвакуацияланган. Бул аймактарда ишканаларды, окуу жайларды жайгаштырууга шарттар түзүлө баштаган. Мындай абалга Пржевальск шаары да туш болду. Аталган шаарда, тактап айтканда педагогикалык окуу жайынын имараттарына Николаевскийдеги жана Ленинграддагы корабль куруу институттарынын эвакуацияланган факультеттери жайгаштырылган. Бул институттун сабактары түшкө чейин өтүлүп, түштөн кийин педагогикалык окуу жайдын студенттери окушкан.

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Корабль куруучу –инженерлерди даярдоо 3 жылга, 1942-жылдан 1944-жылдын жай айына чейин уланган.

Николаевский корабль куруу институту менен Пржевальск шаарына мугалимдер В.В.Лаханин, Е.Г.Серебряков, А.И.Картава, И.Д.Лясковский, К.Е.Чуешко, В.М.Бузник, А.П.Гаврилов, А.Г.Архангородский, А.Р.Шухман, Н.К.Реммер жана башкалар эвакуацияланган. 1942-жылдын жай айынын аягында Горькийден Ленинград корабль куруу институтунун профессор жана доценттери Г.Е.Павленко, В.А.Ванштейдт, В.К.Васильев, Н.Е.Путов, П.И.Титов жана башкалар 172 студент менен келишкен. Пржевальскийде педагогикалык окуу жайдын имаратында инженерлерди, механиктерди, технологдорду даярдоо жүргүзүлүп, 375 адис окутуп чыгарылган.

Николаевский корабль куруу институтунун жамааты бул жылдары эл чарбасы үчүн маанилүү иштерди аткарган, жергиликтүү ишканалардын жана колхоздордун муктаждыктарына байланышкан иштерди аткарууга техникалык жардамдарды көрсөтүп, Ысык-Көлдө жүк ташуу долбоорун ишке ашырган.

Жалпысынан, окуу жайдын илимпоздору жана окутуучуларынын илимий-изилдөө ишмердүүлүгү согуштук кеме куруу маселесине багытталган. Доцент А.Г.Архонгородскийдин жетекчилиги менен 20 окутуучудан жана студенттерде турган конструкторлук бюросу Ысык-Көл жана Балхаш көлдөрү үчүн эки теплоход жана эки баржаны долбоорлогон. Бул иш СССРдин Наркомречфлоттун жана Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин тапшырмасы менен аткарылган.

Иван Михайлович Савченко

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1942-1944-жылдары корабль куруу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен Советтер Союзунун белгилүү жана эмгек сиңирген корабль куруучулары: Иван Михайлович Савченко корабль куруучу инженер, XX кылымдын 60-80-жылдарындагы ССРдин корабль куруу өндүрүшүнүн уюштуруучусу, суу астындагы атомдук корабль куруу жана анын технологиясынын мыкты адиси, Советтер Союзунун Баатыры.

Сергей Никитыч Ковалев

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

Сергей Никитыч Ковалев – стратегиялык маанидеги советтик атомдук суу астындагы крейсерлердин генералдык конструктору. С.Н.Ковалевдун жетекчилиги менен 92 суу астындагы атомдук крейсер конструкцияланган. Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры ( 963,1974), Лениндик сыйлыктын (1965) жана СССРдин, Россия Федерациясынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978,2007), төрт Ленин орденинин кавалери (1963,1970,1974,1984), Октябрь Революциясы орденинин кавалери (1979), Россия илимдер академиясынын мүчөсү (1991-жыл АН СССР- 1981), техника илимдеринин доктору.

Василий Степанович Куцевол

Василий Степанович Куцевол – советтик жана партиялык кызматкер. 1947-жылдан тарта ВКП (Б)нын мүчөсү, улуту – украин. 1920-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Николаевский кеме куруу институтунда билим алган. Пржевальск шаарында институтту аяктагандан кийин, 1942-жылдан 1944-жылга чейин Ярославль жана Киевдин өндүрүштүк ишканаларын техникалык өнүгүү бюросунун начальниги болуп иштеген. 1952-жылдан баштап партиялык кызматта Львовдо Совнархоздун төрагасынын орун басары (1961), КПССтин Львов шаардык комитетинин биринчи катчысы кызматында 1973-жылга чейин иштеген. Андан кийин 1973-жылдын ноябрынан 1986-жылдын мартына чейин В.Куцевол Украина ССРинин элдик контроль Комитетинин төрагасы болгон. КПСС БКнын мүчөсү (1971-1976). СССРдин Жогорку Кеңешинин 7-9-чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Эки жолу Ленин ордени, үч Эмгек Кызыл Туу ордендери, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган. 2001-жылы март айында дүйнөдөн кайткан.

Педагогикалык колледждин администрациясы, окутуучулары жана студенттери музейди жөн гана ысымдарын, фактылардын, документтердин жыйнагы деп эсептебейт. Жыйналган тарыхый материалдар студенттер менен иштөөдө зор тарбиялык мааниге ээ. Музейде бүтүрүүчүлөр менен жолугушуулар, коомдук маанидеги иш-чаралар, экскурсиялар жана тарых сабактары өткөрүлүп турат. Музейдеги тарых барактарынан, сүрөттөрдөн жердештерибизди, тааныган адамдарды, Кыргыз мамлекетинин өткөн даңктуу тарыхын көрүүгө болот.

С.Молдосанов, И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык

колледжинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер