ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ КОЛДОГОН, БИЛИМ БААЛУУЛУГУНА ЖОЛДОГОН ЭКИ ЖЕТЕКЧИ

  • 05.12.2023
  • 0

Лейлек районундагы “Бурул эне”, “Үмүт” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчилери Жапаргүл Саттарова жана Рахатай Анарбаева Кулунду, Кең-Талаа жана Бешкент айыл өкмөттөрүнүн тарбиячылары үчүн эки күндүк семинар уюштурду.

ТАРБИЯЧЫЛАРДЫ КОЛДОГОН, БИЛИМ БААЛУУЛУГУНА ЖОЛДОГОН ЭКИ ЖЕТЕКЧИ

— Семинарга 30 тарбиячы, беш жетекчи катышып, алар эвристикалык усул, нейрокөнүгүүлөрдүн түрлөрү, сабакка коюлучу талаптар, сабакка байкоо жүргүзүү, анализдин түрлөрү, жөнөкөй математикалык түшүнүктөр сабагын башка сабактар менен интеграциялап, комплекстүү сабак өтүү, көркөм өнөр (сүрөт) сабагындагы психология жана тарбия, үйрөнүү стилдери, дидактикалык оюндар, энерджайзерлер, ММКлар менен иштөө сыяктуу эң актуалдуу темалар жана усулдар боюнча билимин жогорулатышты. Семинарды өткөрүүнүн башкы максаты – мектепке чейинки билим берүү мекмелеринин тарбиячыларынын ишине дем берүү, шыктандыруу жана окутуунун теориясы, методикасы боюнча акыркы жаңылыктар менен тааныштыруу, — деп баса белгиледи Жыпаргүл эжеке.

Ал эми Рахатай Анарбаева өз сөзүндө: ““Креатив” билим берүү борборунун тренери, республикалык “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын менеджер-координатору Жеңишбек Абдиназаров тажрыйба бөлүшүп, эки күн практикалык сабактарды жаңыча усулдар менен жалпак тил менен жогорку деңгээлде, жугумдуу, таасирдүү өтүп бергенин белгиледи. Катышуучулардын баары ыраазы болуп кетишти. Кийинки эки күндүк семинар 2024-жылдын март айына белгиленди”.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер