ТАРБИЯ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУГА АЛГАН СИМПОЗИУМ

  • 16.05.2023
  • 0

ТАРБИЯ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУГА АЛГАН СИМПОЗИУМ

12-13-майда Жалал-Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, Адабий окуу предметинин негиздөөчүсү Токтомаметов Алмазбек Даткабековичтин педагогдук ишмердигинин 40 жылдыгына жана 60 жаш мааракесине арналган “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү, дене тарбиясы жана жарандык аң-сезими – учурдун өзөктүү маселеси» аттуу XII эл аралык илимий-практикалык симпозиум жогорку деңгээлде өттү.

Симпозиумдун катышуучуларын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов онлайн режиминде куттуктады. «Мен Алмаз Даткабековичти чыгаан окумуштуу, мыкты жетекчи катары билем. Бул жолку илимий жыйын анын мааракесине арналып жатканы бекеринен эмес. Билим берүүгө көп салым кошту. Дагы кошо берет деп ишенем. Биз Алмаз Даткабекович менен биргеликте мектептерде STEM билим берүүнү жайылтууга киришип жатабыз.  Симпозиум бизге жаңы багыттарды көрсөтүп берет деген үмүттөмүн», — деп айтты Эдил Байсалов.

Маараке ээсин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев да чын жүрөктөн куттуктады. «Жакында Таласка барып атактуу мугалим Бектур Исаков  менен жолугуп келдим. Ушундай акылгөй мугалимдин жанында акылдуу сөзүн угуп олтуруп, чынын айтсам, өзүмдү жаш баладай сездим. Азыр бул залда Гапыр Мадаминовду, Орозали Сайдилкановду көрүп толкунданып турам. Алмаз Даткабекович дагы мына ушул устат мугалимдердин бири, эне тилге, билим берүү ишине опол тоодой салым кошкон нукура лидер», — деп белгиледи өз сөзүндө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.

Эл аралык илимий жыйында маараке ээси Алмаз Токтомаметов да сөз алды. «Бул жыйын он экинчи жолу өтүп жатат. Он экидеги бала балакатка жетет, кыргыздын «Болор бала он экисинде эр болот, Болбос бала кыркында жаш болот» деген жакшы макалы бар.  Бул илимий симпозиумду Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүүнү ниеттендик эле, буюрса бул тилегибиз аткарылып жатат. Былтыр Таласта өткөрдүк эле, эмки жылы Нарында өтмөкчү. Быйылкы симпозиумга Сингапурдан,  Эстониядан, Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан өкүлдөр келишти, — деп айтты  Алмаз Токтомаметов.

Эл аралык илимий жыйындын катышуучуларын  «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фондунун жетекчиси Жаныбек уулу Нурсултан куттуктап, симпозиумдун ишине ийгиликтерди каалады.

Пленардык жыйында Эстониядагы билим берүү жетишкендиктери тууралуу онлайн билдирүү угулду. Мунун кызыктуу жагы докладчы ал жакта орус тилдүү мектептерге караганда эстон мектептеринин билим сапаты жогору экенин айтып өттү. «Эстонияда мектептер автономдуу болгондуктан окуу программаларын өздөрү түзүшөт», — деди Гунда Тире.

Андан кийин орусиялык Инна Воронкова «Педагогдун конфликтологиялык компетенциясы: ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү» деген темада кеп курса, Филиппин өлкөсүнүн өкүлү, Нарындагы БАУнун окутуучусу Фил Канлас өз докладын мугалимдердин STEM билим берүүсүндөгү даярдыгына арнады. Педагогика илимдеринин кандидаты Ирода Кахарова өзбек балдар фольклорунун тарбиялык таасирлерине, Бухара университетинин профессору Дармонай Ураева «Алпамыш» жана «Манас» эпосторунун окшоштуктарына токтолсо, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов мугалимдердин инсандыгы жана өнүгүүсү жөнүндө мазмундуу баян жасады. Симпозиумда Кара-Кулжадагы  автордук мектептин негиздөөчүсү Орозали Сайдилканов чыгып сүйлөп, азыркы мектептин эң чоң көйгөйү авторитардык педагогика экенин белгилеп, бардык педагогдорду гумандуу педагогиканын талаптарына ылайык эмгектенүүгө чакырды. Атактуу мугалим гумандуу педагогиканын жети принцибин атап берди.

Ал эми Борбордук Азия университетинин өкүлү, билим берүү боюнча көрүнүктүү эксперт Мырза Каримов келечекте муктаждык жаратуучу кесиптер тууралуу кеп салды.

13-майда XII Эл аралык илимий-практикалык симпозиум өз ишин секциялык иштерде улантты. Эртең менен симпозиумдун бардык катышуучулары профессор Дүйшөн Шаматовдун мастер-классына активдүү катышты. Алдын мугалимдерге 25 суроо берилип, катышуучулар  «Бул мугалимдин үй-бүлөсүндө үч же андан ашык мугалимдер бар», «Бул мугалим бир да окуучусун урушкан эмес», «Бул мугалим мугалимдик кесипти таштайм деп эч качан ойлогон эмес» деген сыяктуу суроолорго жоопторду башкалардан сурап жазып чыгышты. Көнүгүүнүн максаты таанышуу экенин эскертип, Дүйшөн агай тапшырманы эң биринчи аткарган Нурзат эжейге, стажы бир жылга жете элек Мээримге, эң узак иштеген Токтокан эжейге, Жалал-Абадга биринчи жолу келген Нигорага, шакирти жакшы чыккан Мээркан эжейге  китептерди белекке берди.

Мугалимдердин кызматташуусу тууралуу «Биз семинар, конференцияга барганда мектеп-мектеп, район-район болуп бөлүнүп обочолонуп жүрөбүз. Жаныбызда олтурган катышуучуну билбейбиз. Кызыкпайбыз» — деп айтты.  Ошентип, катышуучулар бул көнүгүүнү аткарып, башкалардын тажрыйбасына кызыгуу симпозиумдагы жеке таанышуудан башталарын билишти. Муну бышыктоо үчүн Дүйшөн агай залдан үч катышуучуну ортого чыгарып, «Канча мугалимдин атын билесиз?» деп сурады. Он-он беш катышуучунун атын атаган үч мугалимге тең китептерди белекке берди.

Мындан кийин симпозиумга келгендер жети секцияга бөлүнүп, секциялык иштерге катышты.
ОшМПУнун окутуучусу Жороева Айнура «Зуура Сооронбаеванын «Чоочун киши» романындагы инсандык сапаттарды ачуудагы эпитетти колдонуу өзгөчөлүктөрү» деген темада эпитеттерди пайдалануу, колдонуу жолдоруна токтолду.

Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунан А.К. Койлубаева Айтматовдун чыгармаларын интерактивдүү ыкмалар менен окутуу жолдорун баяндап берди.

Устат мугалим Гапыр Мадаминов модераторлук кылган тарбия маселелерин талкууга алган секцияда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинен Осекова Айнура бала тарбиялоодо элдик оозеки чыгармалардын маанисине кайрылды.

Дүйшөналиев Жумабек агай жетектеген секцияда Ала-Тоо университетинин кыргыз тилин үйрөтүү бөлүмүнүн башчысы Сайдалиева Алтынай эне тилди этнопедагогика аркылуу үйрөтүү маселесин ортого салса, Талас мамлекеттик университетинен Айнура Усубалиева кыз баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүктөргө айкын мисалдар менен кайрылды. Ал эми Баткен шаарынан келген мектеп мугалими Авлиёев Фуркат мектеп окуучуларына тарбия берүүдөгү агайлардын орду тууралуу баяндама жасады. «Мектептерде агайлар аз, бирок орду бөтөнчө. Агайларга үч нерсе керек. Биринчиси баш – билүү, экинчиси кол – билгениңди жеткирүү, үчүнчүсү жүрөк – балдарды сүйүү. Ушул үч нерсени орду менен колдонгон  Бектур Исаковду, Гапыр Мадаминовду, Дүйшөн Шаматовду азыр агартуучулардын дээрлик баары билет», —  деди ал.

Ала-Тоо университетинин окутуучусу Черикбаева Наргиза кол жаңсоолор аркылуу студенттердин сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, ОшМПУнун доценти Касымбеков Эркин болочок педагогдорду компетенттүү негизде даярдоо маселесине,  ОшМПУнун алдындагы колледжинен Хатамова Нигора чет өлкөлөрдөгү көп маданияттуу билим берүү жана тарбия көйгөйлөрүнө, Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу Эгамбердиева Айсулуу жалпы физика курсунда физикалык процесстерди компьютердик моделдештирүү темасына кайрылды.

— Физика курсу көпчүлүк жогорку окуу жайларында окутулат.  Сабакта төрт-беш эле студент билим алууга дилгир экенин көрөсүң. Калганы эптеп эле окушат. Ушул абалдан чыгуу үчүн, бир жагы студенттерди предметке кызыктыруу үчүн практикалык сабакты компьютердик класска өтө баштадым. Кызыктуу тажрыйбаларды студенттер менен чогуу жасап, алардын предметке кызыгуусун өрчүттүм. Натыйжасы, мен күткөндөн да жакшы болду, — деп айтты докладчы.

Түштөн кийин симпозиумдун иши кызыктуу мастер-класстарда улантылды.

Нейромаркетинг боюнча адис, Ала-Тоо университетинин окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров окутуудагы, тарбиялоодогу ишендирүү усулдарына, ушул эле окуу жайдан журналистика кафедрасынын башчысы, профессор Элира Турдубаева жасалма акылдын окуу процессине таасири тууралуу өтө кызыктуу жана пайдалуу баяндама жасады.

— Жасалма акыл менен азыр студенттер дебатка чыга алышат. Баарлаша алат. Текстти жазып эле бербейт, сиз менен чогуу акылдашып жазат. Балдар үчүн аңгеме жазсаңар болот. Жасалма акылдын окуп түшүнүү жөндөмү да бар, — деди баяндамачы.

Биз, катышуучулар, жасалма акыл мугалимдерге окуу планын түзүүгө, баалоого жардам берерин жана мында мугалимдин окуу планын түзүүгө жана баалоого кеткен убактысы эки эсе кыскараарын билдик.

— Бул үнөмдөлгөн убакытты мугалимдер окуучулары, достору менен пикир алышууга сарпташат — деди Элира.

Симпозиумда Борбор Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинин ага окутуучусу Бурул Шамбаева окутуунун интерактивдүү усулдары тууралуу кызыктуу мастер-класс өттү.

Ошентип, бул күнү Эл аралык симпозиумда жыйындын резолюциясы кабыл алынып, эң мыкты илимий доклад ээлерине Ыраазычылык каттар жана Ардак грамоталар тапшырылды.

 

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим», (Бишкек-Жалал-Абад- Бишкек)

Бөлүшүү

Комментарийлер