ТАРБИЯ КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 12.02.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУда «Жаңы муунга татыктуу тарбия» аттуу тегерек стол  өтүп, анда  КР Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасында 2021-2030- жылдарда мектеп окуучуларын жана жаштарды тарбиялоо концепциясын,» жана ага карата бекиген  иш- чаралардын долбоорлору талкууланды.  Иш-чара КР Президенти Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык уюштурулду.  Талкууга КР билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышып, тарбия багытында кеңири сөз сүйлөдү.

ТАРБИЯ КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 

Мындан тышкары талкууга аталган министрликтин  адистери,  кесиптикк-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери, Кыргыз билим берүү академиясынын, Республикалык педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, республикалык мектептен сырткары кошумча билим берүү уюмдарынын, билим берүүнү башкаруу органдарынын жетекчилери, илимий-педагогикалык коомчулуктун, педагог кадрларды даярдоочу жогорку окуу жайлардын, ошондой эле массалык маалымат каражаттардын жана эл аралык донорлордун өкүлдөрү катышты.

ТАРБИЯ КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тегерек столдун максаты – жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн багыттарын, милдеттерин, мазмунун, ыкмаларын, формаларын жана педагогикалык шарттарын педагогикалык коомчулукта кеңири талдоо. Аталган  Концепцияны ишке ашыруу иш-чараларынын долбоорлорун  Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору  А.Токтомаметов презентациялады. «Окуучуларды жана жаштарды улуттук баалулуктардын негизинде тарбиялоо»  темада Кыргыз Эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор С.Байгазиев баяндама жасады.

ТАРБИЯ КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Концепцияны жана иш-чараларды талкууга республикабыздын таанымал окмуштуулары, педагогика илимдеринин докторлору, профессорлор А. Калдыбаева, А. Алымбеков, Н.Асипова, А.Муратов, педагогика илимдеринин кандидаттары Д. Мусина жана башкалар катышып, олуттуу проблемага карата көз караштарын билдиришти жана сунуштарды беришти.

Тегерек столдо жаңы муунга татыктуу тарбия берүүнүн негизги багыттары такталды жана тийиштүү мазмунду иштеп чыгуу боюнча сунуштар берилди. Биринчи кезекте колго алууну жана чечүүнү талап кылуучу милдеттер, оң жагынан көрсөткөн ыкмалар, ийгиликтүү тажрыйбалар, эффективдүү формалар жана ошондой эле келечекте ийгиликке жаратууга салым кошуучу педагогикалык шарттар жөнүндө кеңири пикир алмашуу орун алды.

ТАРБИЯ КОНЦЕПЦИЯСЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

Тегерек столдун катышуучулары концепцияны турмушка ашыруу үчүн иштелип чыккан   иш- чаралардын долбоорлорун негизинен жактырып,  бир катар сунуштарды беришти.   Натыйжада  алымча кошумчаларды эске алуу менен   практикалык жумушту уюштурууда жогоруда аталган документтердин негизинде иштөө багытын аныктаган   атайын резолюция кабыл алышты.

М.ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер