ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС ЖОК

  • 22.08.2022
  • 0

22-августта Бишкекте 2022-2023-жылдагы Август педагогикалык конференциясына карата тарбия иштери боюнча секциялык  иштин отуруму өз ишин жыйынтыктады.

ТАРБИЯ ИШИНДЕ ТАНАПИС ЖОК

Катышуучулардын басымдуу бөлүгү райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулдук кабинетинин башчыларынан турган жыйынды “Устат-шакирт” салттуу музыка борборунун директору, филология илимдеринин кандидаты Разия Сырдыбаева жана Чүй облусунун Сокулук районундагы К.Шопокова атындагы №3 мектеп-лицейинин окуу бөлүмүнүн башчысы Бекташова Замира жетектеп алып барды.

Отурумда катышуучуларга «Ата-энелер мектеби» программасынын негизинде
«Зордук-зомбулук жана анын баланын
өнүгүүсүнө тийгизген таасири» деген
аталыштагы мастер-класс сунушталып, зомбулук — бул адамдын эркин чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы келген физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар экени баса белгиленди.

Белгилүү болгондой, психологдор үй-бүлөлүк зомбулуктун физикалык, сексуалдык, эмоционалдык жана камкордуктун жетишсиздиги сыяктуу төрт түрүн ачыктап, алардын ар бирине кенен кайрылып жүрүшөт.

Бирок зомбулуктун кайсы түрү болбосун, эң негизи, балдардын жан дүйнөсү түбөлүккө жабыркайт. Ушуну ар бир ата-эне билиши керек. Ал эми тарбиячылар зомбулукту жоюш үчүн ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатышы абзел.

Секциялык отурумда катышуучулар зомбулуктун келип чыгуусун топтордо талкууга алып, үй-бүлөдөгү кош көңүлдүк, аша чабуу, тарбиянын баалуулугун жана зарылдыгын түшүнбөө, тарбиялоону билбегендик, жөндөмсүздүк, кайдыгерлик зомбулуктун пайда болушуна алып келерин далилдүү мисалдар менен көрсөтүп беришти. Көйгөйдү чечүү жолдору да унутта калган жок. Үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климатты, атмосфераны, тарбияга болгон мамилени өзгөртүү көйгөйдү чечүүгө алып келери белгиленди.

Ушул жерде бир аксиоманы айта кетсек. Дүйнө жүзүндө бардык кесиптерге окуса болот, болгону ата жана эне болуу кесибине окушпайт. Биздин балдарыбыз турмуш курууга даяр, ал эми ата-эне болууга такыр даяр эмес. Ошол себептен, учурда жаш жубайларга алдын ала үй-бүлө куруу боюнча кеңири маалымат беришибиз керек. Ал үчүн ар бир мектепте «Ата-энелер мектеби» жакшы иштеши зарыл.

Гапыр Мадаминов чейрек кылым эксперимент жүргүзүп, ата-энелер мектебинин артыкчылыгын далилдеп келди. Улуу устат: «ата-энелер балдарына жакшы сөз айтышпайт, тарбиянын баалуулугун билишпейт, балдарга мээрим төгүшпөйт, балдарга убакыт табышпайт, китеп окушпайт, мектеп менен байланышпайт, өздөрүн тарбиялабай калды» деп эсептейт.
Секциялык иштин катышуучулары Гапыр Мадаминовдун төмөнкү уникалдуу эрежелерин эске салышты:
1. Мен бүгүнтөн баштап баламдын каталарын, кемчилигин такыр көрбөймүн! (көздү жумабыз)
2. Мен бүгүнтөн баштап балдарымды жаман сөздөр менен урушпаймын! (оозду жабабыз)
3. Мен бүгүнтөн баштап чын дилимден
балдарыма сүйүү, мээрим төгөмүн! (жүрөктү кармайбыз)
4. Мен бүгүнтөн баштап өзүмдү тарбиялаймын! (честь беребиз)
5. Мен бүгүнтөн баштап балдарымдын жакшы иштерин гана байкаймын, көрөмүн! (дүрбү салабыз)

Бул күнкү отурумдун катышуучусу, райондук усулдук кабинеттин башчысы Таалайкүл Какаева алыскы Тогуз-Торо районунан келген. Ал бизге секциялык иш жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди.

-Биздин райондун мектептериндеги тарбиячылар буга чейин Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектебинин” табылгаларын жайылтуу үстүндө иштеп келди. Жаңы долбоордун “Ата-энелер мектеби” деп аталып, бала тарбиясында аталардын, энелердин жоопкерчилиги бирдей коюлганы бизге жакты. Менимче, бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып калса, тарбия жаатында балдардын туура калыптанышына өбөлгө түзүлөт деген ойдомун, — дейт Таалайкүл Сансызбаевна.

 

Белгилей кетсек, эртең, 23-августта, борбор калаабыздагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өлкө Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Август педагогикалык конференциясы өтөт.

А.АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер