ТАЛАСТА ОКУУЧУЛАРДЫН ИННОВАЦИЯЛЫК ДОЛБООРЛОРУ КООМЧУЛУККА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
- 10.04.2026
- 0
9-апрелде Талас районундагы Борош Жанузаков атындагы орто мектебинде ачык эшиктер күнү өтүп, мектептин 12 жылдык билим берүү программасынын алкагында даярдалган инновациялык долбоорлор коомчулукка тааныштырылды. Иш-чарага ата-энелер, мугалимдер жана башка мектептерден келген педагогдор катышып, окуучулардын практикалык иштерине күбө болушту.

Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын практикалык көндүмдөрүн көрсөтүү, мектептер аралык тажрыйба алмашуу жана ата-энелерге балдардын мектептеги активдүүлүгүн жакындан тааныштыруу болду. Ачык эшиктер күнү билим берүүнүн жаңы ыкмаларын, санариптик технологияларды жана окуучулардын чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган бир катар багыттар боюнча уюштурулду.
Мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Назгүл Дөөлөталиеванын айтымында, иш-чарада окуучулар заманбап санариптик технологиялардын жардамы менен күнүмдүк турмушта колдонулган суусундуктардын сапатын жана алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдеп көрсөтүштү.
— Бүгүн санариптик билим берүү боюнча заманбап технологиялардын жардамы менен күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн суусундуктардын сапатын жана алардын ден соолукка тийгизген таасирин так маалыматтар менен көрсөтө алдык. Көп учурда суусундуктардын сырткы көрүнүшүнө ишенип, анын курамындагы химиялык заттар тууралуу терең ойлонбойбуз. Сенсордук датчиктердин жардамы менен алардын ичиндеги курамды аныктап, окуучулар илимий негизде талдоо жүргүзүүгө аракет кылышты, — деди ал.
Ачык эшиктер күнү алты негизги багыт боюнча уюштурулуп, ар бир бөлүмдө окуучулар өздөрүнүн практикалык иштерин жана долбоорлорун көрсөтүштү.
Санариптик билим берүү мейкиндигинде окуучулар “акылдуу класс” жана санариптик лаборатория долбоорлорун тааныштырышты. Бул жерде ар кандай сенсорлор, датчиктер жана изилдөөчү жабдуулар аркылуу жүргүзүлгөн эксперименттер көрсөтүлдү.

Биоинженерия жана практикалык биология бөлүмүндө окуучулар ар кандай тажрыйбаларды жасап, жаратылыш кубулуштарын илимий негизде түшүндүрүштү.
Кулинардык көндүмдөр багытында окуучулар өз колдору менен даярдаган таттууларды сунуштап, дасторкон жасоонун маданиятын көрсөтүштү.

Жашыл аймак жана жашыл көндүмдөр бөлүмүндө окуучулар гүл өстүрүү, парник менен иштөө жана айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча практикалык иштерин көрсөтүштү.

Инфо борбордо мектеп китепканасынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, ачык китепкана, этно китепкана жана электрондук китепкана аркылуу билим алуунун жаңы жолдору көрсөтүлдү.
Ал эми Экология борборунда окуучулар таштандыны кайра иштетүү, желим бөтөлкөлөрдү жана кагаздарды чогултуу, ошондой эле тамак-аш калдыктарынан биогаз өндүрүү боюнча практикалык ыкмаларды көрсөтүштү.

Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турдубек Момоконов мындай иш-чаралар окуучулардын инженердик жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
— Агартуу министрлиги тарабынан мектепке санариптик лаборатория берилген. Ошол лабораториянын жардамы менен күнүмдүк турмушта колдонулган суусундуктардын кайсынысы пайдалуу, кайсынысы зыяндуу экенин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Изилдөө учурунда бир жөжө чыгара турган аппараттын баасы 25 миң сомго чейин жетерин билдик. Бирок окуучулар ушундай аппаратты өздөрү жасап чыгышты. Бул алардын инженердик ой жүгүртүүсүн, илимий байкоо жүргүзүү жөндөмүн жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрөт, — деди ал.

Иш-чарага келген ата-энелер да балдарынын билим алуудагы практикалык иш-аракеттерине жогору баа беришти. Ачык эшиктер күнүнө башка мектептерден келген мугалимдер да катышып, окуучулардын долбоорлору менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай иш-чаралар окуучуларды мектептен тартып кесипке багыттоого, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана заманбап билим берүү моделдерин жайылтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА «Кут Билим»











Комментарийлер