ТАЛАНТ МАМЫТОВ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ РУСЛАН КАЗАКБАЕВДИ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 18.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытов, 17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер