“ТААЗИМ САГА, МУГАЛИМ!”

  • 18.10.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин “Таазим сага, мугалим!” атуу флешмобу старт алганына бир жуманын ичи болду. Жаңы министр Догдуркүл Кендирбаеванын мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү демилгеси аз убакыт болсо дагы кулачын жайды.

“ТААЗИМ САГА, МУГАЛИМ!”

Ушул аралыкта республиканын бардык булуң-бурчтарынан мугалимдик кесипке кайдигер карабаган жарандар, ыйык кесиптин ээлери, билим тармагында иштеген жетекчилер мугалимге болгон сый-урматын көрсөтүп, ыр окугандары ыр окушса, мугалимдер тууралуу чакан видеосюжеттер тартылып, соцтармактарда кенен жарыялана баштады.

— “Мугалим – мөмөлүү дарак” деген таасын кеп бар.  Чындыгында мугалимдик кесипти жөнөкөй адам аркалай албайт, ал үчүн көрөңгөлүү билим, талыкпас эмгекчилдик, өзгөчө адамдык асыл сапаттардын топтому керектелет. Мугалимдин кесиби ардакталган коомдун келечеги кең, — дейт флешмобдун катышуучусу Назира Айтбекова.

Кечээ И.Арабаев атындагы КУУнун жамааты флешмобдун алкагында Эл мугалими Симийла Абдрахманованы окуу жайга чакырып, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Эсиңиздерге сала кетсек, Кыргызстанда Эл мугалимдери 25 болсо, анын көбүнчөсү дүйнө салган.

Анда эмесе, мугалим тууралуу ыр окуйлу, көмүскөдө жүргөн нукура мугалимдердин иш такжрыйбасын алып чыгалы, новаторалорду коомчулукка тааныштыралы, мыктылардын мыктыларын жарыялайлы, мугалимдин бийиктиги, ыйыктыгын даңктайлы!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер