Т.СЫДЫКБЕКОВДУН КӨРКӨМ ЧЕБЕРЧИЛИГИ
- 13.09.2022
- 0
Кєркєм адабият объективдїї дїйнєнїн субъективдїї образы, б.а. чындыктын акындын жан дїйнєсї аркылуу єтїшї же образдуу кабылданышы.
Жазуучу бизге кєз карандысыз жашап турган дїйнєнї їйрєнєт, материал чогултат. Андан соў аны кєркєм жалпылаштыруу, мындайча айтканда, тип жаратуу башталат. Мына ушул экинчи этапта художниктин колунда кадимки эў сонун азем буюм жасап жаткан зергер сыяктуу ар тїрдїї аспаптары болууга тийиш. Эў башкы нерсе – тил. Кєркєм дїйнє жаратып жаткан жазуучуда калыптанган адабий тил болууга тийиш, б.а. ал сєз устаты, єз тилинин лексикалык запасын жакшы єздєштїргєн, анын тїз жана єтмє маанисин жакшы билет.
Мына ошентип, автор тандап алган темасын ачуу їчїн эў биринчи иретте эпикада баяндоону колдонот. Лирикада болсо сезимди кылдат жеткирїї їчїн сїрєттєє талап этилет, драмада каармандардын диалогу уюштурулат. Мунун бардыгында тил чеберчилиги єтє керектїї каражат болуп эсептелет.
Чыгармада эў негизги маселе – бул мазмун. Кєркєм форма аны ачып берїї їчїн кызмат кылат.
Тил жана композиция менен сюжет мазмундуу чечмелєєдє колдонулган эў негизги каражат.
Кєркєм адабиятта формага кире турган кєп компоненттер бар. Акын-жазуучу ошолордун бардыгынан ыктуу пайдаланууга жетише алса, ал анын устаттыгынын белгиси. Мына ушундай кєркєм каражаттардын сыналган тїрлєрїнїн бири троп жана анын тїрлєрї. Бул грек сєзї, биздин тилге которгондо ал «ооштуруу» деп тїшїндїрїлєт, б.а. сєздїн тїз мааниден єтмє мааниге ооштуруп колдонуу. Буга салыштыруу, метафора, метонимия, гипербола, литота, аллегория, символ жана башкалар кирет. Алар аркылуу акын-жазуучу єзїнїн айтайын деген оюн таамай, таасирдїї, образдуу жеткирїїгє аракеттенет.
Эми деталга келе турган болсок бул да сыналган кєркєм каражаттардын бири. Анын колдонуш сферасы єтє кеўири. Мисалы, деталга жогорку саналып єткєндєрдїн бардыгын пайдаланса боло берет. Алсак, каармандын портретин, табият сїрєтїн тартууда, салыштыруу менен метафораларда деталдар кездешет, б.а. кандайдыр бир кєрїнїштї сїрєттєп жатканда жазуучу ага подтексттик маани берет, єзгєчє бир ой-туюму сиўирилет. Ошон їчїн биз аны шарттуу тїрдє деталь-портрет, деталь-пейзаж, деталь.
Деталдын илимий адабияттарда талкууланышын жыйынтыктап келгенде ал белгилїї бир идеялык-кєркємдїк, маанилик, эмоционалдык жїк кєтєргєн кєркєм каражат. Ал чыгарманы окуп жатканда кандайдыр бир психологиялык ассоциация чакырат, б.а. ошол деталь аркылуу окурман кандайдыр бир идеяны кабылдайт. Е.Добин єзїнїн «Искусство детали» аттуу эмгегине берген аннотацияда деталды «чыгарманын микроэлементи» деп аныктаптыр. Мындан биз аны кєркєм адабияттагы эў бир кичинекей элемент деп тїшїнєбїз. Ал чыгарманын тулкуна сиўип, белгилїї бир идеялык-кєркємдїк жїк кєтєрїп турат. Добин турмушту тереў їйрєнїп, андагы карапайым кєзгє анчалык байкалбаган эў бир «майда» деталдарды кєрє билиш їчїн жазуучунун байкагычтыгын, кєрєгєчтїгїн микроскопко салыштырат.
Алсак, Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», «Тоо арасында» романдарына коюлган аттардын да деталдык мааниси ачык. Ошо деталь чыгарманын бїтїндєй кан-жїлїнїн аралап єтїп жатат. Советтик доордун єзгєчєлїгїн автор ошол заманда жашаган адамдардын образдары менен ачып берди. Ал эми жаўы заман оўой-олтоў эле курула калбады, тоо арасында эски менен жаўынын кырчылдашкан кїрєшї жїрдї. Бул маанини «Тоо арасында» деген деталь туюнтуп турат.
Ар бир жазуучунун єзїнчє стилдик єзгєчєлїгї бар. Кээ бирєєлєр кыска жаза албайт. Алар ошондой кеўири эпикалык баянга ыкташып калган, мындайча айтканда, табият аларга ошондой шык берген. Ошол эле Сыдыкбеков менен Жантєшевдерди кыска жаз деп кыйнасак да, анте албас эле, анткени ал булардын каны-жаны менен кошо бїткєн єзгєчєлїк. Бирок муну менен аларда кыска деталдар такыр жок деген жыйынтык чыкпайт. Алар жазган романдарда конкреттїї деталдар да кездешет. «Тоо арасында» романы эки томдон турат. Анда «майдалап» сїрєттєє кєп, бирок окурманды тажатпайт, анткени анда деталдын экєє теў (кеўири жана кыска) кайчылашып кездеше берет. Мисалы, романда «Ыманбайдын єлїп-тирилиши» деген бир эпизод – деталь бар. Ал каармандын «уруучулук», «элчилик» деп жїргєн иллюзиялык тїшїнїктєрїн жокко чыгарган караўгы, сабатсыз адамдын оор тагдырын мїнєздєйт. Саадат деген кулактардын куйругу кыз ала качып, эки уруу эл єз ара чабыша турган болгондо мурунку бай Кийизбай баштаган «жакшылар» Ыманбайды советтин «кишиси» деген шылтоо менен элчиликке жиберсе, кыз уурдаткан тараптар аны єлєрчє сабап ташташат. Ошентип, бечара киши ємїрїндє биринчи жолу байлар менен теў ата болдум деп сїйїнїп, эки урууну элдештирїїгє баргандыгы кєргєн кїнї ошол болот.
«Тоо арасында» романынын алгачкы изилдєєчїсї атактуу адабиятчы К.Асаналиевдин ушул каарман тууралуу ой жїгїртїїсїн окуп кєрєлї: «Автор Ыманбайдын образын комедиялык да, трагедиялык да планда кєрсєтєт. Анын образынын таасирдїїлїгїнїн кїчї – аны ачууда Т.Сыдыкбеков эў майда штрихтерди, эў зарыл курал катары пайдаланат. Ымандай Сарала атын минбейт, «соорусуна сагызганча конуп алат», анткени анын жону бїтїндєй жоор. Жєє жїргєндє ал «далдактап» басат, саал кыймылдаса эле эскилиги жеткен тону же багелеги «куудурайт». Булар абдан мїнєздїї деталдар Ыманбайдын образынын комедиялык жагдайларын ачуу їчїн кызмат кылат. Ал эми трагедиялык ситуациялар каармандын жалгыз аты Саралага байланыштуу. Алар бири-биринин мїнєздєрїн толуктап турат. Ыманбайдын «мен тигил Сараланы билем, сарала мени билет» деген сєзїндє маани бар. Романдын башынан аягына чейин автор аларды кошоктоп сїрєттєйт. К.Асаналиев жазгандай, Ыманбай жалкоолугу, шалаакылыгы аттын жоорлугу, арыктыгы менен шайкеш келет. Финалда Айсарала єлїп, аны менен кєзїнє жаш алып коштошуп келе жатып Ыманбай айылдын жанындагы талаадан «калдаўдап» ары-бери чуркап жїргєн бир темирди кєрїп, таўгалып карап турат. Кєрсє, ал трактор экен. Бул деталь Ымандын эски турмушу менен коштошо тургандыгын алдын ала туюнтуп турат, анткени айылга келген техника жаўылыктын жарчысы болчу.
«Биздин замандын кишилери» романына келсек, ал да ушундай эле деталдарга бай. Чыгарманын башталышында жогорку окшош дагы бир ситуацияны байкайбыз. «Б» колхозунун башкармасы Шамбет баш болгон бир топ адамдары Чїйдї кєздєй жол жїрїп келатышат. Тїшкєнї полуторка жїк ташуучу машине. Алардын арасында бир кемпир бар. Техниканын сырын, айдоочулардын жолдо жїрїїчї эрежелерин жакшы билбеген байбиче єзїнчє коркуп, азап чегип келе жатат. А кокус алдынан дагы бир машине чыга калса, кандай кїн болот?! Анда Шамбет тїшїндїрєт:
– Байбиче, коркпоўуз, биз жолдун оў жагы менен кетип баратабыз. Келаткан машина сол тараптан єтїп кетет.
Бул романды талдоодо К.Асаналиев кєркєм деталдарга айрыкча кєўїл бурат, анткени ал жазуучуга таандык стилдик єзгєчєлїктєрдїн бири «Ал анчейин гана каармандын мїнєзїн тїзїїдєгї кєркєм сєз каражаты эмес, ошону менен бирге сюжеттин жїрїшїнє кадимкидей темп киргизїїчї компоненттерден» болуп эсептелет.
Ырас эле сюжеттик ыргакты кєп маанилїї кєркєм деталдар коштоп келет.
Ошентип, Ата Мекендик согуш башталап, Шамбет, Сергей єўдїї жаштар армияга кетип, айылга баш-кєз болуп Акман менен Дмитрий калды. Алар революцияга чейин эле бир аймакта жашап, суу талашып урушуп да жїрчї, бирок Акман андан картошка айдоону, багууну їйрєндї. Кийин Совет єкмєтї чыкканда алар колхоздо чогуу жашап, бир туугандай жакшы мамиледе болуп калышкан. Дмитрийди айылдаштары чоў сакал Метрей дешет. Орус кыргыздын тилин да, дилин да билет. Колхоздо темир уста болуп иштеп, соко-шаймандардын баарын ошол жасайт. Ат арабаны кыймылдаткан да ошол. Бул образ совет элинин достугун, биримдигин символдоштурат. Метрейдин їлгїсї менен айылдаштары там-тарак салганды да їйрєнїштї, бирок орустукуна кайдан жетсин. Дмитрийдин їйї кыштактын башындагы акталган чоў там, эшигинин алдында дїпїйгєн багы бар. Терезелери сыртка ачылма, эгерде жаап койсо, форточкадан аба кирип турат, ошон їчїн їйдїн ичиндеги аба таза. Акман аныкына келгенде минтип суктанат: «Нажеджа байбиченин їйїнє келгенде Соў-Кєлгє чыккандай боло калам да! Кєрчї! Гїл! Аба таза». Ушул деталга кошумча
К.Асаналиев минтип жазат: «Дмитрийдикине Акман келгенде карыя їйдїн ээсин сыйлап, тебетейин алат да, чоў сандыктын їстїнє коёт. Анан столдун їстїнє скатерть жабылган. Анда жакшынакай бышырылган бєлкє нан турат. Акман ооз тиет». Сыртынан караганда єтє эле «майдалап» сїрєттєгєндєй кєрїнєт. А чынында мында чоў маани бар. Ошол 40-жылдардын деўгээлинде караганда Дмитрийдин їйїнїн сїрєттєлїшї анын маданиятынын бир топ бийиктигин кєрсєтїп турат. Кыргыздар ал заманда їйгє форточка салганды билген эмес, аны актоо да кийинки кезде турмушка кирген жаўылык.
Дмитрий го бир кыштакта чогуу жашаган адам. Ал эми Украина жеринен эмчектеги баласын кєтєрїп, эвакуацияланып ошол айылга келген жаш келинди кыргыздардын абдан мээримдїї кабыл алышы – бул бїткїл совет жергесинде калыптанган достуктун улуу їлгїсї эмеспи: «Кєрдїм аке, — деди сары кемпирди жактырбай камка, – Алда кайдан эмес, деле тигил чоў Поронзодон келсе да, биздин кеўеш єкмєтїнїн адамы. Бул бечара менин тилиме тїшїнбєс, ниетиме тїшїнєт. «Жакшы ниет жарам ырыс» деген. Ниеттери дурус болсо, жер жїзїндєгї калктардын баары бир тууган». Кары аялдын сєзї бутага даана тийген нускалуу сєз. Ошол улуу Союз жашап турган кездеги элдердин ынтымагы дїйнєдє болуп кєрбєгєн жаўылык эле. Ал жомокто гана айтылуучу чындык болчу.
Ал эми ооруктагы элдин кайраттуу эмгегин Акия аттуу келиндин армиядан келген Шамбетке чор колдорун кєрсєтїп, «карачы. Тепкени темир їзчї эр-азаматтардын жумушун ушул колдор менен бїтїрдїк» деп сыймыктанып отурушу – бул да чындык. Согуштун оор жылдарында аялзатынын жасаган тоодой эрдигин кєрсєтїїчї бул деталь да абдан маанилїї.
Демек, кєлємдїї чыгармаларда «кеўири сїрєттєє» ушул романдагыдай ишке ашырылса, аны максатына жеткен «кеўирилик» деп, ар тараптан кубаттоо керек.
Кєркєм сєз менен кєркєм деталь диалектикалык карым-катнашта тура тургандыгы айдан ачык, анткени деталды айкын жазуу їчїн сєздїн кїчї талап этилет. Жазуучу тапкан бир жакшы макал же салыштыруу каармандын жан дїйнєсїн ачууга жакшы кємєк берет.
Гульзада БИЛБАЕВА,
КР Билим берїї жана илим министрлигинин контролдоо бєлїмїнїн башчысы,
ф.и.к, доцент
Комментарийлер