ТҮШҮНҮҮГӨ ООР ГРАММАТИКА

  • 28.04.2023
  • 0
ТҮШҮНҮҮГӨ ООР ГРАММАТИКА

portrait of azeri woman in traditional dress with semeni studio shot red background holidays concept spring novruz

“Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экинчи окуусунда каралды. Бул долбоордо мамлекеттик тилдин өнүгүшү, ар бир кыргызстандык кыргыз тилин урматтап билүүсү жана башка беренелер белгиленген. Албетте, тилди өздөштүрүү бала бакча менен мектептен башталат эмеспи. Андыктан, окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили предмети кандай окутулуп жатат деген суроого жооп издеп көрдүк.

Баш калаабыздын орус тилдүү мектептеринин мисалында, Кыргызстандын окуучулары биринчи класстан 11-класска чейин окуган кыргыз тили жана адабияты предметин жакшы өздөштүрө албай келе жатканы маалым. Айрым ата-энелердин билдирүүсүнө караганда, окуучулар окуган китептеги морфологиялык, синтаксистик талдоону камтыган тапшырмалар, күнүмдүк турмушта пайдасын алып келбеген бышыктоочтун түрлөрү социум ичинде кыргыз эмес улутундагы мекендештерибизге эле эмес, шаарда туулуп-өскөн кыргыздарга деле мамлекеттик тилде  баарлашууга жардамы жок болуп келет. Кыргыз адабияты китебинде берилген тексттер, акындардын ырлары түшүнүүгө, өздөштүрүүгө оор. Ошол эле учурда кыргыз тилчи мугалимдер сабак учурунда китеп чегинен чыга албай, программаны кубалап кете берип, окуучулардын да, өзүнүн да убактысын коротуу, эреже жаттоо, талдоолор менен алек. Болгон айырма балага жеткирилбеген билим үчүн мугалим эмгек акы алат. Ал эми 11 жыл мектепте окуган окуучу кыргыз тилинде толук кандуу сүйлөбөй эле окууну бүтүп кетип жатат. Сапаттуу билим берүү үчүн мугалим, окуу куралы кандай болушу зарыл деген суроо менен эксперттерге кайрылдык.

КӨЙГӨЙ ТҮЙҮНҮ

– Мамлекеттик тилди окутуунун абалы жакшырбай келишинин себеби, мугалим тил үйрөтүүдөгү өзүнүн негизги маселеси эмнеде экенин түшүнбөй келүүдө. Ошол себептен, мектептеги тил окутуу боюнча: “Кыргыз класстын мугалими”, “Орус класстын мугалими”, “Усулдук бирикменин жетекчиси” жана “Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары” деген төрт квалификациялык талап иштелип чыгуу алдында турат, — деди КР ББИМ мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.

Адистин айтымында, бүгүнкү күндө кыргыз тилчи мугалимдер өзүнө коюлган талапты билбейт, окуу китеби менен чектелип келет. Бирок мугалимде эч айып жок экен, бул жерде башкы жетекчилик болгондуктан, билим берүүнүн багытынын кемчилиги – көзүн ачып, так аткаруучу маселелер коюлган эмес. Мынакей китеп, мына стандарт – окут деп гана тапшырылган. Билим берүү системасындагы стандартта  кесиптик стандарт иштелип чыккан эмес экен. Жакынкы эки жылдан бери квалификациялык талаптар иштелип чыгып министрликте бекитилип, учурда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинде бекитүүгө берилген.

– Мугалимдер жогорку окуу жайын бүтүрүп жатканда эки түрдүү диплом алып чыгат: бирөөсү кыргыз тили жана адабияты улуттук мектептерде, экинчиси — кыргыз тили жана адабиятын окутуу экинчи тилде жүргүзүлгөн мектепте окутуу  үчүн. Тилекке каршы,  окуу жүктөмүнө келгенде, биздин мектеп жетекчилерибиз кыргыз класста окута турган мугалимге орус класстын саатын, ал эми орус класста окута турган адиске кыргыз класстарынын саатын бөлүп берип коё берет. Мунун баары эмне себептен? Анткени кыргыз класс менен орус классынын окутуунун методикасы, технологиясы таптакыр эки башка, максаты дагы түп-тамырынан айырмаланып турат. Мына ушуну мектеп жетекчилери түшүнбөй, сааттарды бере берет. Ал эми  мугалимдерге акча керек, берген  саатты ала берет. Мына ушул себептен кыргыз тилин окутуунун квалификациялык талаптары иштелип чыгышы керек деген маселени көтөрүп чыгууга туура келди. Мугалимден эмне талап кылганыбызды алар билбейт, барган текшерүүчү эмнеге барганын, эмнени талап кылаарын ал билбейт. Ортодо балдар көп нерсе билбей калып жатат, — деди адис.

– Ар бир предметке коюлуучу талаптар ар башка. Анын ичинде кыргыз класстарда жана орус класстарында кыргыз тилин окутуудагы талаптар таптакыр башка болуусу керек. Анткени кыргыз класстарга биз филологиялык билим беришибиз керек (грамматика, талдоо ж.б.), ал эми орус класстарында тили жаңы чыккан балага сүйлөгөндү үйрөткөндөй эле сүйлөгөндү, текст кураганды үйрөтүшүбүз керек, биздин максатыбыз ошол эле. Эртең ошол бала аптекага барып, дары сурап алгыдай, базарга барып бир нерсе сатып ала тургандай, өзү жөнүндө айтып, адашып кетсе, жумушка орношсо өзүнүн өмүр баянын айтып бере алгандай деңгээлде билдирип алсак, биз азаматпыз! Аларга синтаксистик талдоонун, чактардын, сөз түркүмдөрүнүн кереги жок. Китеп жазган авторлор аны эске алган эмес. Азыр квалификациялык талаптарды иштеп баштадык: бала бакчанын кыргыз тилчилери үчүн, мектептин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарды окуткан мугалимдери үчүн, кыргыз класстарын окуткандары үчүн өз-өзүнчө, — дейт Гүлнара Үмөтбековна.

– Жетекчинин көз карашында, мектептин усулдук бирикмесинин, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарынын иши сармерден, улуттук тамак-аш, комуз, бий, макал айтуу деген иш менен чектелип, андан ары өспөй калган. Усулдук бирикме жетекчиси жалаң усулдардын, жаңы ыкмалардын үстүндө иштеп, өзүнө новатор, белгилүү усулчулардын базасын түзүп алып, ыңгайына карата өз ишине пайдалануусу туура болмок. Азыркы балдардын табияты, психологиясы, кабыл алуусу таптакыр башка, компьютердик технология өнүгүп жатат. Андыктан биз бүгүн мындай ыкмаларды колдонушубуз керек экен деп, аң-сезимдүү өнүгүүгө баруусу шарт.

Ал эми мамлекеттик тил боюнча завуч болсо, мен кыргыз тилчилер менен иштейм деген утопиялык ой менен отуруусу туура эмес. Анын компетенциясында мектептеги кыргыз тилин билүү деңгээлинин, мамлекеттик мыйзамынын аткарылышына жооп берүү. Орус тилдүү мектепте канча мугалим бар, канчасы кыргыз тилин кандай деңгээлде билет? Жалпы мектеп боюнча тил саясаты кандай болуп жатат? Мектептин ичиндеги, сырттагы көрнөк-жарнагы, иш-кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө. Кыргыз тилчи эмес, башка предметтин мугалимдери, завуч, директорлор менен иш алып барышы керек, — деди КР ББИМ мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.

БАЛА САБАКТА КЫРГЫЗЧА СҮЙЛӨСҮН

Жогорудагы маселе боюнча Бишкек шаардык билим берүү департаментинин билим өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Чынара Бактыгуловага кайрылганыбызда:

– Ар бир сабак программанын негизинде план түзүү менен өтүлөт, ал эми программа предметтик стандарттын негизинде жазылат жана аткарылышы керек. Китеп тартыштыгы, ички мазмунунун төп келбестиги эч кимге сыр эмес. Учурда “Аркус” басмасынан басылып чыккан 5-6-7-класстар үчүн кыргыз тили китеби бар, ички мазмуну БЛУМдун таксономиясынын негизинде түзүлгөн, мугалимдер анын ички мазмунун туура жеткирүү максатында курстардан өтүп жатат. Бирок ал китеп Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген эмес, — деди.

РПККЖ КДИ Инновациялык технологиялар борбору 2016-жылы түзүлгөн жана кыргыз тилин окутууну түп ордунан өзгөртүп, курска келген мугалимдерди окутуу жаңыча ыкмалар, коммуникативдик, функционалдык мамилелер башкача жыйынтык берерин сабактардын мисалында көрсөтүп, үйрөтүп келет.

– Кыргыз тили сабагына келе жаткан бала эмне максат менен келет деп сураганымда,  мугалимдер: кыргыз тилинин грамматикасын үйрөнүш үчүн, этиштин чактарын ажыратыш үчүн, атооч, тактоочту билиш  үчүн деп жооп беришет. Жок, андай эмес, окуучу кыргыз тили сабагына келе жатканда – кыргызча сүйлөйүн, кыргызча сабаттуу жазайын, өзүмдүн оюмду элдин алдына чыгып сүйлөгөнгө, уккан, окуган нерсемди түшүнгөнгө, билгендеримди кыргызча анализдөөгө үйрөнөйүн деп келиши керек! – дейт Айгүл Омурова, Инновациялык технологиялар борборунун улук окутуучусу, ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын Көп тилдүү жана инклюзивдик билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси.

Баладан чыккан баалуу сөз

– Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан орус тилдүү мектебинин жетинчи классынын окуучулары менен баарлашып, кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабагында өтүлгөн темалар, кыргыз тилин өздөштүрүүдө кандай кыйынчылыктар кездешет, кандай өтүлүүсүн каалары, күнүмдүк турмушта тилдин орду жана башка темаларда эркин сүйлөшүп, балдардын баалуу пикирлерин уктук:

– «Кыргыз адабияты сабагындагы дээрлик бардык авторлордун чыгармалары түшүнүүгө оор келип жатат. Өзгөчө Алыкул Осмоновдун ырлары мен үчүн татаал. Себебин изденип көрүп, кээ бир эски сөздөр, салыштырууларга келгенде, котормосун таппай калсам, ошол жерде токтоп калам. Негизинен жатка айтып берем, бирок убакыт өткөндөн кийин унутуп калам», — деди Алина.

– «Кыргыз тилин үйрөтүүдө мугалимдер сүйлөгөндөн эмес, грамматикадан баштайт. Ал эми окуучулардын сөз байлыгы аз болуп, жаңы сөздөрдүн маанисин жакшы түшүнбөй калгандыктан темага киришип кетүү оңой эмес», — деп ой бөлүштү Сабина.

– «Кыргыз болуп туруп, кыргыз тилин олуттуу кабыл албагандын себеби шаарда жашаган үй-бүлөлөрдүн көбүндө балдары орус тилинде сүйлөгөн чөйрөдө чоңоёт. Мисалы, бала бакчадан, мектептен жана үйдөн», — деген пикирин айтты Сезим.

– «Кыргыз үй-бүлөлөрдө эмнегедир орусча жана кыргызча “аралаш” кылып сүйлөгөнгө үйрөнүп алдык, башын кыргызча, калганын орусча улап. Өз оюңду орусча түшүндүрүү абдан оңой, анткени сөз байлыгыбыз кенен, ал эми кыргызча сүйлөй келгенде кыйналып кетебиз. Ошондуктан кыргызча эркин сүйлөгөн кыйын сезилет. Мисалы, маршруткада кетип бара жатып айдоочуга кайсы тилде сүйлөсөм деген суроого көп кабылам. Анткени кыргызча сүйлөсөң орусча жооп берет, орусча сүйлөсөң “кыргызча сүйлөчү” деп урушуп салат», — деп оюн ортого салды Алинур.

Тил үйрөнүүнүн эки жолу бар: биринчиси – жаттоо, экинчиси – түшүнүү аркылуу өздөштүрүү. Мектептерде тил үйрөтүү жаттоо ыкмасы менен берилет, ошондуктан көп учурда жатталган сөздөр эстен чыгып кетет, — деп айтты Сережа.

Бөлүшүү

Комментарийлер