ТҮП НУСКА БААЛУУ

  • 04.09.2020
  • 0

Алмустактан ата-бабаларыбыз аруулуктун ааламын аздектеп сактап, ар бир табылгасын чып-чыргасын коротпой «Манасына» салып, кийинки урпактарга жетсин деп максаттап, атадан балага муун улап, улам жаңылап, жайылтып, жалпы адамзаттын руханий кенчине айландырды. Манастын атын укканда Улуу Жолдун тоомунда өнүккөн батышты ээрчий албай, же Улуу көчмөндөрдүн түптөн зилдеп аккан кутуна ээрий албай эндароо турганда кыргызды кой, дүйнө эли сарпылып, тартылып Улуу мурасты аңдай албай акылы ай-таң.

Манас океан, улуу дастан деп эпоско салып карап келебиз. Чоюн Өмүралиевдин: «»Илиаданы» эпос десе болот. «Махабхаратаны», «Гесер», «Жаңгырды» айтса болот. Манас бул ченемге сыйбайт», — деп айтканы бар. Ошол Манастаануу илими колго алынып, көп иштер аткарылууда. Жакында И. Арабаев атындагы КМУнун басмаканасынан Манастаануу институтунун окутуучусу, “Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын кызматкери Чолпон Субакожоева даярдаган “Манас” эпосунун булактарына арналган алты китеп жарык көрдү.

  1. Казак окумуштуусу А.Маргуландын “Шокан жане Манас” аттуу монографиясына талдоолор жүргүзүлдү. Казак тилинен Ч.Субакожоева эркин которгон. Баш редактор – “Манас” жана Ч. Айтматов академиясынын Манастаануу бөлүмүнүн башчысы, т.и.д, проф. Т.Кененсариев.

Аннотациясында мындай жазат: Көп жылдар бою казак элинин чыгаан уулу Чокан Валихановдун кыргыздардын “Манасынан” жазып алган бөлүктөрүнүн тексти илимге белгисиз болуп келген. Казак ССР Илимдер Академиясынын академиги Алкей Хакан уулу Маргулан ошол белгисиздиктин ордун толтуруп, Чокан жазып алган түп-нусканы архивден тaап, тиешелүү деңгээлде изилдеп жана пикирлерин жазып, илимий чыгарма катары 1971-жылы манастаануу илиминин айлампасына киргизген.

Колуңуздардагы китепте А.Маргуландын чыгармасынын тексти кыргыз тилине эркин которулуп, манастаануучуларга биринчи жолу сунуш кылынып жатат. А.Маргуландын текстинин алдында чыгарманын мазмуну жана анын авторунун манастаануу илиминдеги ордуна баа берилип, кыргыз илимпоздору тарабынан талданат, пикирлер айтылат.

Китептин тили кыргызча. Бирок, аны казакчадан эркин которуу процессинде А.Маргуландын стили, казак илимий-популярдуу тилдин улуттук белгилери атайылап сакталды.

Басылма илимге тактык киргизүү максатын көздөгөн манастаануучулардын кеңири чөйрөсүнө арналат. Китепти автордун уруксатысыз көчүрүп пайдаланууга болбойт.

2. “Улуу жибек жолундагы” Орто Азия, Казакстан жана Кавказ элдеринин эпостору (аны басып чыгаруунун жана изилдөөнүн тарыхынан) Авторлор А.И. Алиева., Ч. Субакожоева китеп орус кыргыз тилдеринде. Мурдагы Советтер Союзунун территориясында “Жибек жолу” бир нече маршруттар боюнча: алардын бири Алтай, Орто Азиянын азыркы эгемендүү мамлекеттери — Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу Каспий деңизинин түштүк жээгин бойлой азыркы Азербайжан аркылуу жана башкалары Түндүк Кавказ аркылуу өткөн. Бул китепте эл жараткан руханий казнанын “Жибек жолу” аркылуу өткөн элдердин эпосторунун тарыхы басылып чыгышы жөнүндө учкай айтылат.

3. Алмамбет – деген аталыштагы кол жазма түп нускадан берилген. Атактуу казак жазуучусу Мухтар Шаханов Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп жүргөн жылдары ага бир айым келип «Мухтар Ауэзов учурунда биздин «Манасыбызды» сактаган, бул эпосту сиз сактаңыз» — деп эки китепти ишенип бериптир.

2012-жылдын август айында үйгө Мухтар ага чалып издептир. Алматыга барып, Мухтар агайга жолукканымда, ал сейфинен эки көөнө китеп алып чыгып, мага «Манас» менен иштеп атыпсын, бул китептерди сага берейин. Эки жолу инфаркт болдум. Касиеттүү ыйык нерсе, кутулайын, ал» — деп эки китеп берди. Ошол эки китептин бири жөнүндө сөз болуп жатат. Ал кара дермантинден жасалган сырты бар, орточо блокнот экен. Ичин ачып карасам, араб арибиндеги ыр саптарга окшогон 160 бетке толтура жазылган текст. Кыргызстанга келгенимде, бул китепти окуп которгонго адам чыкпады, кымбат сурашты. Менин багыма көп өтпөй Кытай Эл Республикасынын Ак-Чий ооданынан келип Кыргызстанда жашап калган аалым Алмамбет Осмон деген жигитти таап котортком. Мухтар агайдан алган кол жазма, бул белгисиз автордун «Алмамбеттин арманы» деп аталган чыгармасы экен. Кимдики болсо да, биздин уникалдуу рухий байлыгыбыздын бир үзүмү. Бүгүнкү күнгө жеткен канчалаган варианттардын ичиндеги көөнөрбөгөн салтуулук менен калган тирүү эпосубуздун бир тамчысы катары карайт элем, — деп жазат.

4. Чохан Валихановдун биринчи кагазга түшкөн “Көкөтөйдүн ашы” эпизоду. Бул китептин баш сөзүндө окумуштуу Камбаралы Ботояровдун эмгегине гүл десте болмокчу деп, кыргыз тилинин азыркы алфавитине салып транскрипциялаганын, анын Оксфорд университетинин профессору А.Т. Хаттонун латын графикасына салып англис тилине которгонун жазат. “Көкөтөйдүн ашы” – “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Батыш Сибирь генерал-губернатору М. М. Хаментовский жетектеген аскердик-илимий экспедиция бугу уруусуна таандык жерди топографиялык картага түшүрүү максатында Ысык-Көл өрөөнүнө келет. Генерал-губернаторунун адьютанты* болуп Ч. Валиханов дайындалат. Ч.Ч. Валихановдун көзөмөлү астында “Манас” эпосундагы эпизод “Көкөтөйдүн ашы” араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Бирок ошол айткан манасчынын, тиги жазып отурган адамдын аты жөнү жазылбай калган. Кол жазма кадым* формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр. Ч. Валиханов жаздырып алган бул эпизод “Манас” эпосунун бардык варианттарында учурайт. “Көкөтөйдүн ашында” сакталган канондук сюжет негизинен толук бар. Өзгөчөлүгү: айрым варианттарда Көкөтөй хандын ашы Каркыра жайлоосунда өтсө, Валиханов жаздырып алган вариат боюнча Алтайдагы Түпкү хандын жергесинде өтөт.

5. Мухтар Ауэзовдун “Манас” кыргыз элинин баатырдык поэмасы. Бул фундаменталдуу эмгек ушул күнгө чейин кыргыз тилинде жарык көргөн эмес. Орусча жана кыргызча басылып чыкты. 1959-жылы Ауэзовдун “ар жылкы ойлор” аттуу китебине басылып чыккан. Баш редактор И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д, профессор Абдырахманов Т.А. Бул эмгекти улуу муундагы манастаануучу айрым гана окумуштууларыбыз түп нускасында таанышып чыгып, өз кезегинде эмгектеринде пайдаланышкан. Жалпы кыргыз окурмандарына жеткен эмес. Эмгекти кыргыз тилине которулушу, алгач ирет ишке ашырылып жатат, — деп жазат.

6. “Манас” эпосу кыргыз тарыхынын баалуу эстелиги — аттуу эмгек.

Көкөтөйдүн ашы” эпизодундагы элдин чакырылышы канчалык өзгөрүүлөргө дуушар болгон, бүгүнкү абалын аныктаган.Ошол өткөн кылымда биринчи белгисиз манасчыдан жазылып алынган “Манас” эпосунун бир эпизоду “Көкөтөйдүн ашы” канчалык деңгээлде кандай бизге жеткенин таржымалдап чыгуу үчүн, Валиханов жазып алган варианттан, манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантынан, манасчы Саякбай Каралаевдин вариантынан, Кытай Эл Республикасында жарык дүйнөгө келип, жашап өткөн “Манас” эпосун 8 урпакка жеткире айткан манасчы Жүсүп Мамайдын вариантынан, бүгүнкү илимпоз Талантаалы Бакчиевдин айткан вариантынан «Манас» ордо комплексинин атайы кызматка алынган манасчысы Камил Мамадалиевдин айтуусунда, Кыргыз Улуттук Университетинин “Кыргыз филологиясы” факультетинин студенти Азиз Биймырза уулунун айтуусунда, “Көкөтөйдүн ашына” элдин чакырылышын гана алып таржымал (анализ) жүргүзгөн. Эң кызык жыйынтык чыгарган, изилдөөчү Чолпон Субакожоева бул эмгегинде бүгүн бизге “Манас” эпосунун ушул эпизодду кандай жеткенин жадыбалдар менен дагы жабдып берген. Түп нуска дайыма баалуу, өз туркунда окуу кандай жакшы, ошондой мүмкүнчүлүк түзгөн коллегам көп жылдан бери үзөңгүлөш иштешип келе жаткан Чолпон Субакожоеванын изилдөөдөгү табылгаларын манастаануучулар, студент, магистранттарга өтө керек булактар экендигин баса белгилегим келет. Чолпондун бул чыгып жаткан эмгектери биздин институттун, академиянын дагы бир ийгилиги болуп калмакчы. Себеби, бул китептер өтө керектүү манастаануунун булактары.

Гулзат Нусубалиева,

ф.и.к., И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу,

Манас” жана Ч. Айтматов Улуттук академиясынын кызматкери

Бөлүшүү

Комментарийлер