ТҮCҮ ИЙГИДЕН ТҮҢҮЛБӨ

  • 25.04.2023
  • 0

ТҮCҮ ИЙГИДЕН ТҮҢҮЛБӨ

Суусар Искендеровна дегенде, биз өтө назик, кичипейил, адамгерчилиги бийик адамды, өз ишин мыкты билген кызматкерди, чарчабас дыйкан катары эмгектенген илимпозду жана да эң бактылуу жубайды, мээримдүү энени билебиз. “Түcү ийгиден түңүлбө” деген кыргыз макалы бар, ошол сыяктуу С.Искендеровнанын сырткы чырайына ички сулуулугу төп келип турат.

Бизге, бүтүндөй Бишкек мамлекеттик университетинин жамаатына ушундай эң мыкты касиети менен сиңген, урмат-сыйыбызга татыган профессорубуз быйыл 70 жашка чыгып отурат. Азыр филология илимдеринин доктору, профессор Суусар Искендеровнага кандай мактоо сөз айтсаң да жарашат. Биздин окуу жайга дээрлик отуз жылдык өмүрүн арнап, ак эмгеги менен кызмат кылып келе жатат. Биз С.Искендеровна экөөбүз өткөн кылымдын 80-чи жылдарынан бери кесиптеш болуп бирге иштеп келебиз. Суусар Искендеровна 1974-жылы Ош мамлекеттик пединститутун артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин эмгек жолун мугалимдиктен баштаган. Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы мектебинде беш жыл иштегенден кийин өзү окуп бүткөн Пединститутка кайра барып, беш жыл эмгектенип, кийин борбор калаага келип, Кыргыз мамлекеттик университетинде кыргыз адабияты кафедрасында күндүзгү бөлүмдө аспирантурада окуйт. 1987-жылы кандидаттык диссертациясын мөөнөтүнөн мурда бүтүрүп, коргоого сунуш кылынат. 1988-жылы “Н.Байтемировдун көркөм прозасындагы каармандын духовный-нравалык жактан калыптанышы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоп, кыргыз адабияты кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доценттикке чейин жеткен. 1994-жылдан бери биздин окуу жайда үзүрлүү эмгектенүүдө. Алгачкы беш жылда  кыргыз адабияты кафедрасын жетектесе, гуманитардык билимдер кафедрасын он жыл бою алдыңкы кафедра катары кармап турду.

2009-жылдан 2017-жылга чейин илимий иштер, мамлекеттик тил жана эл аралык байланыштар боюнча проректор болуп тогуз жыл иштеди. Бул жылдар аралыгында университетте илимий изилдөө иштеринин сапаты артып, бир канчалаган илимдин кандидаттары менен докторлору чыгып, алардын эмгектери чет өлкөлөрдө да жогору бааланды. Эл аралык байланыштар да жылдан-жылга чыңдалып, окутуучулар менен студенттердин тажрыйба алмашуулары жакшы натыйжаларын берди. Республикалык, эл аралык илимий-практикалык, илимий-теориялык конференциялар өткөрүлүп, илимдин ар кандай тармактары боюнча жаңы багыттарга, ачылыштарга негиз салынды.

ТҮCҮ ИЙГИДЕН ТҮҢҮЛБӨ

Суусар Искендеровна илимпоздуктун оор жүгүн тээ университетти аяктагандан бери көтөрүп келе жаткан окумуштуу катары азыр да, проректор болуп турган кезинде да далайлаган жаш илимпоздорго жол көрсөттү, дем берип, көбүнүн жолун ачты. Башкача айтканда, окумуштуулук да, методист-педагогдук ишмердигинде да тыным билбеген уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү шайкеш келип иштеди.

Билинбеген менен кафедра башчынын иши өтө оор жана көп түйшүктү талап кылат. Көзгө көрүнбөгөн, майда өңдөнгөн, бирок өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган кызмат. Өзгөчө жамаатта жагымдуу атмосфера түзүү ар бир эле жетекчинин колунан келе бербейт. Суусар Искендеровна өтө маданияттуулугу, иш билгилиги жана толеранттуулугу менен бул жагынан эч качан аксаган жок.

Илимий изилдөө ишинде болобу, эл аралык мамилелерди чыңдоодо болобу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө болобу, айтор, университеттин алдына кандай максат, милдеттер коюлса, ошонун өтөсүнө чыга иштеп берди, азыр да педагогикалык билим берүү жана инновациялык технологиялар кафедрасын ийгиликтүү жетектөөдө.

Суусар Искендеровнанын жаштайынан чыйрак, зирек болгону анын жетимиш жылда басып өткөн жолу, өзгөчө 24 жашында Ош облустук эмгекчилер кеңешине депутат, 35 жашында илимдин кандидаты, андан кийин илимдин доктору болгонунан эле көрүнүп турат. Суусар Искендеровна коомдук иштерде да активдүү. Бир эмес үч жолу Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерден мамлекеттик тил боюнча сынак алуу комиссиясынын мүчөсү болду. 2009-жылдан бери БМУнун Жарчысынын, “Кыргыз тили жана адабияты” журналынын башкы редакторунун орун басары болгон. 2009-жылдан бери Улуттук илимдер академиясынын филология адистиги боюнча кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча диссертациялык кеңештин мүчөсү жана эксперти болуп келүүдө. Буюрса, дагы ондогон илимдин кандидаттарынын, докторлорунун чыгышына өз салымын кошот деген изги тилектебиз.

Суусар Искендеровнанын кыргыз адабияттаануу илиминде мыкты илимпоз катары өз орду бар. Ал илимде чарчабас дыйкан катары эмгектенип, жүздөн ашык илимий макалаларды, ондон ашык монография, окуу-методикалык китептерди жазды. Бир канча окуу куралдарды даярдады.  Бул эмгектери биздин окуу жайдын студенттерине сапаттуу билим берүүдө, жаш илимпоздорду даярдоодо чоң табылга болуп келет.

Өзгөчө өткөн кылымдын 80-90-жылдарында Насирдин Байтемиров, Алыкул Осмонов, Осмонкул Бөлөбалаев, Кубанычбек Маликов, Сүйүнбай Эралиев өңдүү залкарлардын чыгармачылыгы жөнүндө жазган илимий макалалары ушул күндө да жаш илимпоздордун издеп окуган макалаларына айланды. Суусар Искендеровна 1916-жылдагы Үркүндүн адабий чыгармаларда чагылдырылышы тууралуу да бир канча эмгектерди жараткан. Бул жааттагы эмгектеринин жыйындысын 1992-жылы окумуштуу-адабиятчылар
Лайли Үкүбаева, К.Кырбашев менен биргеликте жазган “Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы” аттуу окуу куралынан көрүүгө болот. Анда профессордун эмгектери “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш жана анын акындар поэзиясында чагылышы” деген чоң бөлүмдөн орун алган. Бул эмгек 1988-жылы чыгарылган “Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы” аттуу окуу куралынын уландысы болуп эсептелет. Анда кыргыз акындар поэзиясында элге кеңири таанымал болгон бир катар акындардын чыгармачылыгы илимий негизде талданып, жаңылануунун, кайра куруунун көз карашынан каралып жазылган портреттер, макалалар орун алган.

Суусар Искендеровна фольклор, кыргыз адабияты менен фольклордун карым-катышы, балдар адабияты жана фольклор, анын изилдениши, Жаңыл Мырза, “Манас” эпосу сыяктуу адабияттагы өчпөс темаларда калемин, убактысын аянган жок. Бир катар макалаларды жазды, кандидаттыкты, кийин докторлукту жактады.

ТҮCҮ ИЙГИДЕН ТҮҢҮЛБӨ

Кыргыз акын-жазуучуларынын, адабиятчыларынын ичинен Насирдин Байтемировдон кийин эле  Качкынбай Артыкбаевдин чыгармачылыгына көбүрөөк кайрылган. К.Артыкбаевди адабий сын жана адабият таануу багытында дайыма талаш туудурган, татаал проблемалардын айланасында олуттуу ойлорду, калыс пикирин айткан сынчы катары баалайт.  Аны өзүнүн жекече көз карашы, оригиналдуу ойлору менен башкалардан айырмаланган адабиятчы дейт.

Суусар Искендеровнанын мына ушуга окшогон эмгектерин санап отурсаң аягына чыкпайсың. Бул окумуштуунун маңдай тери, көзүнүн майын коротуп тапкан олжосу. Анан, албетте,  ак эмгек, адал иш эч качан бааланбай калбайт. “Мээнетке жараша дөөлөт” дегендей, С.Искендеровна бир катар сыйлыктардын ээси болду.  Анан да Түркия, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерде тынбай кесиптик чеберчилигин жогорулатып турду. Элүү жылдык ушундай түйшүктүү эмгек жолду басып өткөн окумуштуубуз эмгек менен энелик милдетти бирдей, татыктуу аткарды. Жолдошу Өмүрзак экөө эки жарым бир бүтүн болуп 50 жыл бирге өмүр сүрүштү. Бир кыз, эки уулду тарбиялап, өстүрүштү. Учурда сегиз неберенин, бактылуу чоң ата, чоң энеси, таене, таятасы болуп, карылыктын бактылуу күндөрүн өткөрүп жатышат. Эмне дейбиз, Суусар Искендеровнаны 70 жылдык мааракеси менен чын дилимден өзүмдүн жана сүйүктүү окуу жайыбыздын жалпы жамаатынын атынан куттуктайм! Чың ден соолук, узак өмүр, бардар турмуш, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм. Суусар Искендеровнада аялзатына таандык бардык касиет бар. Ал өтө назиктиги, адамгерчилиги, кичипейилдиги, бир сырдуулугу менен башкалардан айырмаланып турат. Анын жумшак сүйлөп, качан да болсо жылмайып жүргөнү ажарына ажар, сулуулугуна сулуулук кошот. Суусар Искендеровнанын ушул калыбынан жазбай, арабызда бар болуңуз!

Абдылда Мусаев, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор, ф.и.д., КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын ЖОЖдор ассоциациясынын төрагасы, Евразиялык университеттер ассоциациясынын вице-президенти

Бөлүшүү

Комментарийлер