СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 16.02.2023
  • 0

Жайлоо өнүгүү борборлорунун арасындагы натыйжалуу ишмердүүлүгү боюнча өткөн сынактын жыйынтыгы чыкты.

СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын билдирүүсүнө караганда, Жайлоо өнүктүрүү борборлору арасында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

“Мыкты тарбиячы” номинациясы төмөнкүлөргө ыйгарылды:

I орунга  Ысык-Көл облусунун Бозучук жайлоосундагы “Алтын балалык” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы  Гүлзат Исмаилова чыкты. II орунду  Нарын облусундагы Роза Өмүракунова атындагы жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Жусупбек кызы Сезим камсыздады. Ал эми III орунду Ош облусунун Алай районундагы “Гүлбурак” жайлоо өнүгүү борборунун тарбиячысы Нуралиева Айнагүл жеңип алды.

 «Жылдын мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору жана портфолиосу» номинациясы боюнча:

I орун — Нарын облусундагы “Жалгыз терек жоогазындары” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды,

II орун — Баткен облусунун Лейлек районундагы “Ак шумкар” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды

III орун — Нарын облусунун Ат-башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер