Суучул ДЕНИС ПЕТРАШОВ дүйнө чемпионатында КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ

  • 01.08.2025
  • 0

Учурда Сингапур өлкөсүндө сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты курч мүнөздө өтүп жатат.  Мында кыргызстандык суучул, Азия чемпиону, Бүткүл дүйнөлүк унивсиада оюндарынын чемпиону Денис Петрашов тарыхый ийгиликке жетишти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышевдин айтымында, Денис Петрашов 100 метрге сүзүүдө финалда 58,88 секунд жыйынтык көрсөтүп, үчүнчү орунду камсыз кылуу менен коло медаль тагынды. Ал 27-июлда 100 метрге брасс ыкмасында сууда сүзүү боюнча жарышка катышып, жалпысынан 76 спортчу атаандашты. Петрашов алгачкы мыктыларды иргеп алуу жарышында 59,53 секунд жыйынтык менен сегизинчи орунду, жарым финалда 59,2 секунд көрсөткүч менен жетинчи орунду ээлеген. 28-июлда баш байгеге талапкерлердин финалдык жарышында 58,88 секунд жыйынтык менен үчүнчү орунга татыды.

Суучул ДЕНИС ПЕТРАШОВ дүйнө чемпионатында КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ

Rhine-Ruhr 2025 FISU World University Games | 17.07.2025 | Schwimm- und Sprunghalle im Europasportpark | Berlin | Evening Session Men’s 100m Breaststroke Semifinals | X | © Rhine-Ruhr 2025/Reinaldo Coddou

 

Белгилей кетсек, Денис Петрашовдун бул медалы Кыргызстандын тарыхында сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы байге болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дагы телефон аркылуу сууда сүзүүчү Денис Петрашовду дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алышы менен куттуктады.

Адылбек Касымалиев Денис Петрашовдун 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө Кыргызстандын жаңы рекордун (58,88 секунд) жараткан жеңиши ата мекендик спорт үчүн тарыхый окуя экенин айтты. Ал Денис Петрашов дүйнөлүк чемпионаттын жеңиш сересине көтөрүлгөн биринчи кыргызстандык суучул болуп, өлкөнү эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин төрагасы ошондой эле спортчунун таланттын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн башкы машыктыруучу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Евгений Петрашовго жана устаттарына ыраазычылык билдирди. Адылбек Касымалиев Денис Петрашов каармандыктын жана спортко берилгендиктин символу, анын ийгилиги бүткүл Кыргызстан эли үчүн зор сыймык жана жаштарды шыктандыруу экенин баса билдирди.Суучул ДЕНИС ПЕТРАШОВ дүйнө чемпионатында КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ

Денистин атасы жана машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Евгений Петрашовдун айтымында, Денис Петрашов быйыл май айында АКШдагы университетте окуусун аяктап, ошол жакта машыгып жүргөн. Университетти аяктагандан кийин команда бийик тоолуу шарттарда Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдөн баш тарткан.

– Биз тобокелге баргандан кооптондук, себеби Денис бир жыл бою тоодо болбогондуктан, бул анын даярдыгына кандай таасирин тийгизерин билген жокпуз. Ошондуктан биз машыгуу үчүн 21 күнгө Түркияга бардык, ал жакта машыгууга жакшы шарттар түзүлгөн. Андан соң бир жумага үйгө кайтып келип, Германияга Дүйнөлүк универсиадага катышуу үчүн визага документтерди тапшырдык. Кайра Түркияга жыйынтыктоочу машыгууга жөнөп кеттик. Ал жакта даярдык ийгиликтүү өткөнү менен Универсиада учурунда айрым кыйынчылыктар жаралды. Машыгуудан түз эле мелдешке учуп бардык. Бирок Германияда Денис бир аз ооруп калгандыктан старттык стратегияны өзгөртүүгө туура келди.

Универсиадан кийин дүйнө чемпионатына алты күн калганда Сингапурга бардык. Себеби Европадан убакыт айырмасы алты саатты түзгөндүктөн, акклиматизация болуу үчүн убакыт керек эле. Машыгуунун жыйынтыгында ал мыкты жыйынтык көрсөтүшү керек болчу. Денис дүйнөлүк спортчулардын деңгээлинде сүзүп, ишенимди актады. Бул кыргыз спорту үчүн чоң жетишкендик. Дүйнө чемпионатына катышуунун өзү эле 209 өлкөнүн арасынан тандалып чыгуу дегенди билдирет.

Бизде таланттуу балдар көп. Бирок олимпиадалык деңгээлдеги бассейндин жоктугу чоң көйгөй жаратууда. Бишкектеги мамлекеттик жалгыз бассейн “Дельфин” эскирген, калгандары болсо жеке менчик болуп саналат.

Алдыдагы Лос-Анжелес Олимпиада оюндарына жакшы даярдануу үчүн АКШда машыгуу зарыл экенин баары билет. Америкада окуу учурунда университет Дениске турак жай, тамак-аш, окуу төлөмдөрү жана бардык чыгымдарды камсыздаган. Эми ал IT багытында магистратурада окуусун улантса дейбиз, бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Эгер мамлекет колдоо көрсөтсө, абдан жакшы болмок. Себеби Кыргызстанда азырынча заманбап машыгуу залдары, бассейндер жана деңгээли туура келген спарринг-өнөктөштөр жок, — дейт Евгений Петрашов.

Ошондой эле Денис Петрашов Сингапурда өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионатта 50 метрге брасс ыкмасындагы сүзүүдө жарым финалга чыга алган жок. Алгачкы сегиз атаандашы менен жарышта 27,31 секунд жыйынтыгын көрсөтүп, сегизинчи орунду ээлесе, жалпы жыйнтыгында 23-орун менен жарым финалга чыга алган эмес. Эми 31-июлда Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасындагы жарышка катышууда камылга көрүүдө.

Суучул ДЕНИС ПЕТРАШОВ дүйнө чемпионатында КОЛО МЕДАЛЬ УТТУ

World Aquatics Championships Singapore 2025 — Swimming Final

 

Ошондой эле кыргызстандык 15 жаштагы спортчу Айымкыз Айдаралиева суу спорту боюнча дүйнө чемпионатына алгач ирет катышып, тажрыйба топтой алды.

29-июлда Сингапурдагы дүйнөлүк чемпионатты 47 спортчу катталган 200 метрге эркин сүзүү мелдешинде Айымкыз 2 мүнөт 14,18 секунд жыйынтыгын көрсөткөн. Бул аралыкта жыйынтыктоочу протоколдо Айдаралиева 45-орунду ээлеп, жарым финалга чыга алган жок. 31-июлда Айымкыз 100 метрге эркин сүзүүдө күч сынашмакчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер