“СТУДЕНТТИК СТАРТАП” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 26.12.2024
  • 0

19-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын “Ынтымак ордо” имаратында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында “Студенттик стартап” сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктоо боюнча координациялык кеңештин отуруму болду.

Жети студенттик долбоордун баары Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан жактырылды, алардын ичинен эки стартапка (Борбордук Азия университети менен К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети) идеяларды пилоттоо үчүн 200 миң сомдон каржылоонун суммасы азайтылды.

Төмөнкүлөр 2025-жылдын стартап сынагынын жеңүүчүлөрү деп табылды:

•    МЕЛДЕШ тиркемеси (олимпиадалар, гранттар, волотердук программалар тууралуу маалыматтык платформа) – Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университети;
•    GFace технологиясы (көздүн кыймылынын жардамы менен компьютерди өз алдынча башкаруу) – Ош мамлекеттик университети;
•    Тамчылатып сугаруу – Баткен мамлекеттик университети;
•    IDoctor (медициналык маалыматтарды башкаруунун интеграциялык платформасы: кабыл алууга жазылуу, кезектерди башкаруу, документтик дарылоолор) – Борбордук Азия университети;
•    Кыргыз алмасынын полифен-оксидаз ферменттерин тазалоо – Кыргыз-Түрк “Манас” университети;
•    ZN brend – ZN Inclusive (инклюзивдик кийим) – Ош мамлекеттик университети.

Эске сала кетсек, жаштардын ишкердигин өнүктүрүүгө дем берүү, Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы бизнес-идеяларды андан ары илгерилетүү  максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 128 “Студенттик стартап” пилоттук программасы жөнүндө” токтому менен “Студенттик стартап” пилоттук программасы жөнүндө жобо бекитилген жана Пилоттук программаны ишке ашырууну координациялоо боюнча кеңеш түзүлгөн.

2024-жылдын май айында 2025-жылга студенттик стартаптардын сынагы жарыяланган. Табыштамаларды кабыл алуу 2024-жылдын 10-майынан 10-августуна чейин жүргөн. Көрсөтүлгөн мезгилде электрондук почтага өлкөнүн 14 жогорку окуу жайынын студенттеринен 68 табыштама келип түшкөн.

2024-жылдын сентябрында бардык стартап табыштамалар 10 эң мыкты долбоорду тандоо үчүн көз карандысыз эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүлгөн. Көрсөтүлгөн комиссиянын тандоосунун жыйынтыгы боюнча жарым финалга Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Баткен мамлекеттик университетинин, Борбордук Азия университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жана К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенттик командаларынын 7 табыштамасы тандалып алынган.

Бөлүшүү

Комментарийлер