СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 27.05.2024
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Аймактык университеттер аралык XI студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана аларды даярдаган мугалимдерин сыйлоо иш-чарасы болуп өттү.

СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Сыйлоо аземине университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилик катышып, студенттик олимпиадада ийгилик жараткан студенттерди куттуктады.

Окуу жайдын ректору аймактык олимпиадада 1-орунду камсыз кылган студенттерге 5000 сом, даярдаган окутуучусуна 3000 сом, 2-орундун ээлерине 3000 сом, окутуучусуна 2000 сом, ал эми 3-орунду камсыз кылгандарга 2000 сом, окутучуусуна 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар өздүк эсептерине которулганын билдирди.

СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Ошондой эле үч жыл катары менен студенттери жеңишке жеткен окутуучуларга университеттин Ардак грамотасын тапшырып, аймактык, республикалык  олимпиадаларда, спорттук — маданий иш-чараларда үч жыл бою жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге жана аларды даярдаган окуутучуларга өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ ЖАНА ОКУТУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өтүп келе жаткан аймактык олимпиадада Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети жыл сайын жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздап келет.  Былтыркы окуу жылында жалпы жыйынтык боюнча 1- орунду багындырышкан. Быйылкы да мыктыф даярдыктар менен ийгиликтерге жетишти.

Бөлүшүү

Комментарийлер