Студенттерге экстремизмге каршы сабак окулду

  • 15.11.2024
  • 0

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Интернет аркылуу жаштардын радикалдашуусу жана тыюу салынган агымдарга тартуу» аталышында иш-чара Дин комиссиясынын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер башкармалыгынын жана Жалал-Абад казыятынын өкүлдөрүнүн жана студенттердин катышуусунда өттү.

Студенттерге экстремизмге каршы сабак окулду

Иш-чарада жаштарды интернеттеги радикализм жана экстремизмдин коркунучтуу чакырыктарынан оолак болууга үндөп, Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдар (Хизбут-Тахрир, Аль-Каида, Чыгыш Туркстан кыймылы ж.б.) тууралуу жана ошондой эле мамлекетке баш ийбөө, халифат куруу, жихадка чакыруу, экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды ар кандай сайттар аркылуу таратууда мыйзам алдында жоопкерчиликтер тууралуу баяндалды.

Студенттерге экстремизмге каршы сабак окулду

Мындан сырткары, экстремисттердин кылтагына илинип калбоосу үчүн пропагандалык маалыматтарды айырмалай билүү боюнча студенттерге практикалык сунуштар берилди.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер