СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

  • 25.02.2025
  • 0

Быйыл Кыргыз улуттук университетинин 25 студенти алты айга академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча Япония, Кореяда билимин улантышат. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Догдурбек Чонтоев студент жана алардын ата-энелери менен болгон жолугушууда билдирди.

СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев эл аралык аккредитациянын талабы боюнча окуу жай эл аралык деңгээлдеги кызматташуусун арттыруусу керектигин белгилеп, Япония жана Кореяга кетип жаткан студенттердин жакшы окуп келиши университет үчүн чоң жетишкендик экендигин айтты.

  • Бүгүнкү күндө окуу жайда үч миңден ашуун кызматкер эмгектенип, 30миң студент билим алат. Дүйнөлүк рнйтингге кириш үчүн жана эл аралык аккредитациянын талаптары боюнча, жалпы студенттердин 2-5% чейинкиси сырттка окуп, чет элдик студенттер да биздин окуу жайга келип окушу керек. Ошондой эле окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу да абдан маанилүү. Кыргыз улуттук университеттин диплому Кыргызстанда биринчи орунда турат. Башка жогорку окуу жайлардай “чын эле окудуң беле?” деп тастыктоону талап кылбайт. , — деди ректор.

Учурда окуу жайдын 14 факультет, 14 институт, төрт колледжи, 63 кафедрасында 120дан ашык багыт боюнча адистерди даярдайт. 250дөн ашык эл аралык мекемелер, элчиликтер, ЖОЖдор менен кызматташат.

СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Корея жана Япония өлкөлөрүндө билим берүү жогорку деңгээлде болгондуктан, академиялык мобилдүүлүк студенттер үчүн жакшы жана чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Чет жерде окуп келген студенттер дүйнө таанымын кеңейтип, билимин тереңдетишет. Окуусу, жатаканасы акысыз  болуп, студенттер тамак-аш жана өз чыгымдарына гана каражат жумшашат. Ошондой эле жакшы окуган стдуенттерге ай сайын стипендия төлөнүп берилет.

СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Эл аралдык байланыш жана чыгыш таануу факултьетинде билим алып жаткан Амина Аденова программа аркылуу Кореяга билим алуу үчүн кетип жаткан 13чү студент. “Жыл сайын студенттерге  бирден гана орун берилет, быйыл мага буйруптур” деген студент тест аркылуу өтүп кеткен. Эми корей тилин азыркыдан да жакшы өздөштүрүп келерин айтып кубанат. Барган жол акысын, андан сырткары ай сайын стипендия төлөп бергени ар бир студент үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экендигин кошулчалады.

СТУДЕНТТЕРДИ ШЫКТАНДЫРГАН АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

Ушул эле факультеттин эки студенти да сентябрь айында Түштүк Кореянын Чонбук улуттук университетинде билим алып келген. Алардын бири – электроника жана физика факультетинин 4- курсунун студенти Махабат Тынаева.

  • Төрт айда өзүбүзгө аябай эле керектүү, пайдалуу маалыматтарды алып, билимибизди жогорулатып келдик. Биринчи эле корей жана англис тилин өркүндөттүк. Себеби сабактарыбыздын дээрлик баары англис тилинде өткөрүлдү. Ар бир студенттин жеке жүгүртмөчү болуп, ошого жараша сабактарга кирип турат. Төрт айда болжолдуу 200миң сом каражат сарптадык. Жатаканада бардык шарттары бар, бир же эки адам жашайт. Мени аябай тан калдырган нерсе — Кореяда бир нерсени унутуп же таштап кетип калсаң, эч ким тийбейт. Буга чейин угуп, бирок анчейин ишенчү эмесмин. Пусандын аэропортунда буюмдарыбызды унутуп калып, эки күндөн кийин келсек, ордунда туруптур. Кыргызстаныбызга эч нерсе жетпейт, ошентсе да Кореядан алчу нерсебиз көп. Эгерде кандайдыр бир маалымат же жардам керек болсо, кубануу менен кол сунууга даярмын, — дейт  Махабат Тынаева.

Академиялык мобилдүүлүк программасы көп ийгиликтерге жол ачканын айткан 3-курсунун студенти Бермет Токторбекова да сентябрь айында Чонбук улуттук университетинде окуп келген.

  • Үч жылдык окуу жылымдагы эң эле сонун күндөрүм чет жактагы окуум болду. Мүмкүнчүлүк болсо, бардык студенттерге окуп келүүнү сунуштайт элем. Турист студент катары өз көзүңдөр менен көрүшүңөр керек. Кореяда студенттерге абдан оор, ал жакка окуйм деп баргандан кийин сөзсүз окушу керек, ооруп калуу дагы сабакты калтырганга себеп эмес, — дейт студент.

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер