Студенттер жаш окумуштуулардын эл аралык конференциясында
- 19.12.2024
- 0
Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алкагында «Улуттук коопсуздуктан глобалдык коопсуздукка: Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнө чакырыктар менен коркунучтарды көп кырдуу анализ» аттуу университеттер аралык биргелешкен эл аралык илимий-практикалык конференция болуп, ага жаш окумуштуулар жана студенттер катышты.
Конференциянын алкагында Ош мамлекеттик университети Кыргыз улуттук университетинин базасында «Жарандык коомго карата бузулган идеологиялык таасирлерди нейтралдаштыруу маселелери» деген темада тегерек стол уюштурду. Ага окуу жайдын жыйырмадан ашык студенти, магистранттар онлайн жана оффлайн катышып, баяндама жасашты.
Талкууда бузулган идеологияларга каршы күрөшүүнүн мааниси жана жаштардын радикализми менен экстремизминин алдын алуу тууралуу сөз болду. Ошондой эле жаштарды идеологиялык таасирлерге туруктуу болууга тарбиялоонун социалдык-психологиялык негиздери талкууланды.
Комментарийлер