Студенттер кош диплом алышат

  • 20.02.2025
  • 0

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Башкырстандагы Башкыр мамлекеттик медициналык университетинде болушту.

Студенттер кош диплом алышат

Окуу жайдын ректору Валентин Павлов менен болгон жолугушуудан соң эки университеттин ортосунда 2+2 форматы боюнча кош диплом берүү келишимине кол коюлду. Ага ылайык, Медицина факультетинин студенттери (бардык адистиктери боюнча окууга тапшыргандар) эки окуу жайда билим алып, кош дипломго ээ болушат.

Жолушугууда биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, билим берүү, илим изилдөө маселелери боюнча да сөз болду.

Студенттер кош диплом алышат

ОшМУдан барган делегация Башкыр мамлекеттик медициналык университетинин кампустары, клиникалары, илимий изилдөө лабораторияларында болушту. Алар роботтордун бейтаптарга жасаган операцияларына күбө болушту. Мындан сырткары фармация, фармакология, микробиология, биохимия жана гистология боюнча изилдөө борборлорун көрүп чыгышкан. Фармация факультетиндеги билим берүү процессинин жүрүшү менен да жеринен таанышты.

Учурда ОшМУда 22 адистик боюнча кош дипломдуулук программасы ишке ашууда. ОшМУ менен Урал медициналык университетинин ортосундагы келишим 2021-2022-жылдары түзүлгөн. Бул долбоор ОшМУда Кыргызстандагы медициналык ЖОЖдордун ичинен биринчилерден болуп ишке ашкан.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер