Студенттер эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду ээледи

  • 12.12.2024
  • 0

Орусиянын Уфа шаарында өткөн «Дары каражаты: идеядан бейтапка чейинки жол» аттуу эл аралык олимпиадада ОшМУнун Медицина факультетинин студенттеринен түзүлгөн команда 3-орунду алды.

Студенттер эл аралык олимпиадада үчүнчү орунду ээледи

Сынак 22-ноябрда болгон. Ага төрт өлкөдөн 9 команда катышкан.

ОшМУнун командасынын курамында фармация жана дарылоо иши адистигинде билим алган төрт студент бар. Аларды Базалык жана клиникалык фармакология кафедрасынын башчысы Ибрагим Атабаев менен Фармациянын негиздери жана фармацевтикалык химия кафедрасынын башчысы Жекшен Маматов жетектеп барган.

Бөлүшүү

Комментарийлер