СТУДЕНТТЕР АНГЛИЯДАН ТАКШАЛМАДАН ӨТӨТ

  • 22.11.2024
  • 0

ОшТУнун студенттери Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан жана практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жана Улуу Британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Ош технологиялык университети Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштеринин программасынын алкагында студенттер үчүн практиканы уюштурууга багытталган үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Келишимдин шарттарына ылайык, Ош технологиялык университетинин студенттерине 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат. Мында англис же орус тилдерин билген студентерге артыкчылык берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер