СТУДЕНТТЕР АДАМ УКУКТАРЫН ОКУШАТ

  • 08.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде Адам укуктарынын жалпы кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата жана жаштардын адам укуктары жаатындагы малымдуулугун жогорулатуу боюнча атайын иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

СТУДЕНТТЕР АДАМ УКУКТАРЫН ОКУШАТ

Бул максатта Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу Бактыгул Нуркамилова гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттерине “Вена деклорациясы жана билим алуу укугу” деген темада лекция окуду. Мында Кыргыз Республикасында адамдын конституциялык укуктары жана аларды сактоо, бүгүнкү күндөгү жаштардын коомдогу орду тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер