СТРЕССКЕ БЕКЕМ БОЛУУ. ШОТЛАНДИЯ МЕКТЕБИНДЕГИ МЫКТЫ КӨНДҮМДӨР
- 26.01.2024
- 0
Улуу Британияда Шотландиянын борбору Эдинбургда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлү Рахат Жусупова өткөн жылы “Мекендештер форумуна” жана Элдик курултайга делегат болуп катышып кетти. “Кут Билим” алыстагы кыргыз кызын маекке тартып, анын мекенине келгендеги түйшөлткөн ой-толгоолорун сурады. Сөз удулу сыртта жүргөн мигранттардын турмушунан тартып азыркы замандагы экологиянын, билим берүүнүн ургаалдуу проблемалары жөнүндө болду.
– Климаттык өзгөрүү бүт дүйнөнүн көңүл чордонунда турган маселе эмеспи. Кыргызстанда дагы экологиялык балансты сактоо экономикадан да маанилүү болуп турат.
– Мен ушул суроону өзүмө көп берчү элем, кийин түшүнүшкө аракет кылдым. Советтер Союзу кулагандан кийин биз эркин мамлекет болдук, эми өзүбүз акча таап жан сактайбыз деп, жаратылышты коргоо дегенди эски салт деп каалагандай жашайбыз дегенге өтүп алышты.
– Керектөөчүлүк мамиле деп коёт го.
– Ооба. Бир канча жылдарга чейин аксакалдар нарк-нускасын айтып келди. Бирок кийинки муундарда жаратылышка камкор мамиле жоголуп баратат. Эми анын кесепетин көргөндөн кийин мамиле өзгөрө баштады деп ойлойм. Бул ишти баары эле түшүндү деп айта албайм, ал үчүн билим берүүдөн башташ керек.
Нарктуулук төмөн түшүп кетти. Бул менин жерим, ал менин балдарыма керек болот деген мамиле жана түшүнүк ар бир жараныбызда болушу керек.
Чет мамлекетте recycling – кайра иштетүү кеңири таркаган тажрыйба. Биз муну бала чакта жасачубуз. Пияздын кабыгын сыртка чыгартышпайт эле, себеби ал бир-эки жылга барып саксайып эшикте жатып, чөп өстүрбөй коет деп өрттөтүп жиберишер эле.
Ушуга окшогон көндүмдөр үй-бүлөдөн, мектептен башталат. Мектеп программасына кириши керек. Коомчулук менен иштөө абзел. Азыр интернет, социалдык тармак бар. Ошол жактан мамлекеттик уюмдар, мамлекеттик эмес уюмдар, волонтёрлор баары чогулуп келип, ушул ишти кыргыз тилинде жүргүзүү керек.
Мен байкаган бир көрүнүш, Кыргызстанда көпчүлүк учурда жыйындар орусча өтөт экен, өздөрү түшүнсө баары түшүндү деп ойлошот го. Элдин калың катмары кыргызча зорго сүйлөп жатканда бул абдан маанилүү. Баарыбыз чогуу иштегенде гана мамилени өзгөртө алабыз.
Бизге окшоп четтен келген, көзү канып калган мекендештердин алдыңкы тажрыйбасы менен элибиздин нарк-насилин байытып, эриш-аркак иш кылсак туура болот.
– Сиз жашаган Шотландиянын калкынын өзүнүн тили бар, бирок анда деле англис тили үстөмдүк кылат эмеспи. Ошого карабай, алар түшүндүрүү, агартуу иштерин өздөрүнүн тилинде жүргүзөт болсо керек?
– Бул кийинки мезгилде актуалдуу темалардын бири болуп турат. Тагыраак айтканда, сегиз жыл болду. Алардын тили англис тилине анча ыкташа бербейт. Мышык дегенди бышак дешет. Эдинбург шаарында галик тилиндеги (Gàidhlig [ˈkaːlikʲ]; англ. Gaelic, же Scottish Gaelic) мектептерди ачышты. Галик мектеп биринчи ачылганда барып окуган менин досумдун балдары он төрткө чыкты. Алар биринчи класстан жетинчи класска чейин окушат.
Парламентте жалпы сүйлөгөндө англис тилинде сүйлөшөт, бирок бардык жазуу галик жана англис тилинде. Бирдей жазылган.
– Демек, Шотландия өзүнүн тилин акырындап калыбына келтирүү үчүн күрөшүп жаткан экен да.
– Себеби ар бир адам баласы чоңое баштаганда эле мен киммин деген суроонун үстүндө ойлоно баштайт. Биз жети атабызды издегендей эле, алар да ДНКларын да текшере баштады. Ар бир адам өзүнүн иденттүүлүгүн издейт. Азыр дүйнө глобалдашып жатканда, кайсы жерде болбойлу, биз кыргыз болсок эле Кыргызстанда жашашыбыз керек деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Биз кыргыздыгыбызды кайсыл өлкөдө болсок дагы сактап калышыбыз зарыл.
Мына индиялыктардан үйрөнүшүбүз керек. Ушунчалык ынтымактуу болуп, тилин-дилин бербей, бири-бирин колдоп жашайт. Менин бир курсташым айтчу эле, ушул индиялыктар менен пакистандыктарга ыраазымын деп. Мына азыр көрүп жатасыз, Британиянын премьер-министри Риши Сунак. Болгондо дагы Африка аркылуу келген Индостан тукумдарынын
бири.
Биздин Шотландиянын биринчи министри Юса Алхам теги пакистандык, мусулман. Бул жерде анын улуту, каяктан келгенинде эмес, ошол өлкөнүн кызыкчылыгына кызмат кылганында болуп жатат.
Биз эмнеге Шотландияга барып жашап калдык. Кайын атам изилдеп жүрүп, өзүнүн Шотландиядагы Макклейн уруусунан экенин таап чыгып, эми канча бир муундардан кийин небереси барып жашап жатат.
“Римдиксиңби, анда римдиктердей кийин” деген макал бар. Ар бир жердин мыйзамына баш ийип жашоо керек.
– Шотландиянын мектептеринин Кыргызстан үчүн кандай алгылыктуу салт-тажрыйбасын көрүп турасыз?
– Улуу Британияда тышкы иштер, коргонуудан башкасын ар бир королдук өздөрү башкарат. Билим берүү саясатын Шотландия, Ирландия жана Уельс дагы өз алдынча жүргүзөт.
Билим берүүдө Шотландиянын тажрыйбасы жакшы деп саналат. Азыркы заманбап талапка ылайык түзүп алышты. Мектепте, университеттерди студенттер эмнеге “мен стресс болдум, нерв болдум” деп тезден уруксат ала беришет деп изилдөө жүргүзүштү. Ошондон кийин бул маселенин үстүнөн ойлоно башташты. «Чоң энем өтүп кетти», «мышыгым өлүп калды, ошого капа болуп жатам» деп балдар мектепке келбей калган учурлар көп боло баштаган. Булар коомдогу өзгөрүүлөргө, ар бир нерсеге тез реакция кылышат.
Эми системаны өзгөртүп, стресске туруктуу болууга окута баштады. Математиканы, физиканы жакшы билесиңби дебестен, кайгыны көтөргөнгө, достордон ажыраганга, проблемаларды, стрессти көтөрө билгенге бала бакчадан баштап мектептерге чейин көнүктүрө баштады.
Мен балдарымдын мектебине барып, спорттук мелдешти көрүп, ушунчалык ыраазы болдум. Аутизм менен жабыркаган бир кыз бар эле. Ал жарышты жакшы жасабай эле жарым жолдон чыгып кетти. Бирок классташтары баары аны “азамат, эң жакшы иш жасадың” деп колдоп көтөрүп кетишти. Мен ушундай боорукерликти көрүп, ыйлагым келди.
Туруктуулукка көндүрүү менен эле бир учурда эртелеп кесипке багыт берет. Рынокто кайсы кесип керектүү болуп жатканын карап, университетте окуп жатканда деле толугу менен башкага алмаштырышат. Азыр IT технология абдан керектүү болуп жатпайбы. Биз балдарды технологиянын бардык түрүн билгенге даярдап окутушубуз керек, ансыз биз алдыга кете албайбыз.
Маектешкен Кубат ЧЕКИРОВ
Комментарийлер