STEM4ALL КЕСИПТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН

  • 27.10.2023
  • 0

STEM4ALL КЕСИПТЕРДИН КЕЛЕЧЕГИ ҮЧҮН

27-октябрда Билим берүү жана илим министрлиги, БУУӨП Кыргызстан жана STEM4ALL коомчулугунун өнөктөштөрү менен “STEM4ALL кесиптердин келечеги үчүн”, “STEM FAIR” жарменкеси жана “Келечек жөнүндө диалогдор” конференциясын өткөрүүнү мерчемдөөдө.

Конференциянын максаты – аялдардын укуктарын илгерилетүү жана STEM4ALL коомчулугунда гендердик теңчиликти жана санариптик күн тартибин позициялоо боюнча жамааттык аракеттерди координациялоо болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө БУУӨПтүн “Кыргызстанда STEM тармагындагы аялдардын муктаждыктарын COVID-19дан кийинки мезгилде баалоо” баяндамасы жана STEM тармагындагы аялдардын көйгөйлөрү, өсүү жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу “Mentoring Her” санарип платформасы сунушталат. Саясий чечимдерди кабыл алуучулар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жаштардын өкүлдөрү жана STEM тармагына кызыкдар тараптары катышары күтүлүүдө. Компаниялардын жана университеттердин өкүлдөрү жасалма интеллект, энергетика, биомедицина жана башка технологиялардын келечеги жөнүндө диалогдордун сериясын өткөрүшөт. Студенттер, окутуучулар, ата-энелер жана жаш адистер үчүн STEM облустарында кошумча билим берүү ресурстары жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жарманке өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер