STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу

  • 26.03.2025
  • 0

STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча адистер үчүн семинар
Кыргыз билим берүү академиясында 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү боюнча STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу, ошондой эле 7–12-класстар үчүн окуу-методикалык комплекстерди адаптациялоо боюнча адистер үчүн семинар болуп өттү.

STEM предметтик стандарттарын иштеп чыгуу
Семинардын катышуучулары жаңы мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартынын талаптары, анын негизинде билим мазмунун аныктоо принциптери, ошондой эле предметтик стандарттардын макеттери менен таанышты.
Иш-чараны КББАнын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Н. Дюшеева алып барды.
Семинарга сынактан өткөн 50 адис офлайн жана онлайн форматта катышты. Семинардын соңунда адистер аткарыла турган иштердин графигин түзүштү.
Семинар Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектеп билим берүүнү реформалоо» долбоорунун алкагында уюштурулган.

Комментарийлер