STEM мугалимдери үчүн тренинг

  • 06.02.2025
  • 0

5-февралдан баштап Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен дагы 1600гө жакын мугалим тренингке катышууда.

STEM мугалимдери үчүн тренинг

Ал мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүнү үйрөтүүгө багытталган.

Окутуулар математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүрүүдө.

STEM мугалимдери үчүн тренинг

Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • мастер-тренерлер тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер;
  • кошумча электрондук материалдарды изилдөө;
  • алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгуу;
  • мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышуу;
  • жаңы форматта сабактарды өткөрүү.

“Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун алкагында буга чейин 14 000ден ашык мугалим окуудан өткөн.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер