STEM мугалимдери үчүн курстар жыйынтыкталды

  • 27.02.2025
  • 0

Математика жана табигый илимдер (анын ичинде биология, химия, физика, география) багыттары боюнча жүргөн курстар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту тарабынан Азия өнүктүрүү банкы каржылаган “Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

STEM мугалимдери үчүн  курстар жыйынтыкталды

Тренингдер мугалимдерге окуучулардын STEM-сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөөчүлүк жөндөмүн жана командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө үйрөтүүгө багытталган.

Окутууларды квалификациялуу мастер-тренерлер өткөргөн.

Курстардын структурасы төмөнкүлөрдү камтыган:

  • мастер-тренерлер тарабынан жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер;
  • кошумча электрондук материалдарды изилдөө;
  • алган билимдеринин негизинде өздүк сабак пландарын иштеп чыгуу;
  • мастер-тренерлердин жетекчилиги астында онлайн сессияларга катышуу;
  • жаңы форматта сабактарды өткөрүү.

STEM мугалимдери үчүн  курстар жыйынтыкталды

Ушул тапта мастер-тренерлер мугалимдердин сабактарына байкоо жүргүзүп, мугалимдерге жаңы методдорду күнүмдүк практикага киргизүүгө колдоо көрсөтүп жатышат.

Быйыл Кыргызстан PISA эл аралык тестирлөөсүнө катышканы турат. Андыктан, PISAнын компетенцияларын калыптандыруу аркылуу окуучулардын табигый-математикалык сабаттуулугун жогорулатууда тренингдердин мааниси зор.

Маалымат иретинде: STEM – (science, technology, engineering and mathematics) деген аталыш илим, технология, инженерия жана математика деген сөздөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан куралган. STEM билим берүү технологиясынын негизин инженердик ойлоп табуучулуктун ыкмасы түзөт (балдарды бир сабактын чегинде чектебестен, комплекстүү ой жүгүртүүгө үйрөтөт). Анын өзгөчөлүгү – бул технология жаатындагы билимди колдонуу менен окуу процессин түзүү болуп саналат. Ал эми максаты – балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерге даярдоо болуп эсептелет.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер