ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА РЭКЕТЧИЛИК, ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУГА АРАКЕТТЕР КӨРҮЛӨТ

  • 01.12.2023
  • 0

Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жыйын болуп өттү. Жыйынга акимдин орун басары, Ж. Жантелиева,   райондук прокуратуранын өкүлдөрү, мектеп директорлору, соцпедагогдор, соцадистер, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу кызматкерлери катышты.

ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА РЭКЕТЧИЛИК, ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУГА АРАКЕТТЕР КӨРҮЛӨТ

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын маалыматына караганда, анда райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграциянын, ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан райондун аймагында балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берилди. Ошондой эле окуучулар арасында рэкетчиликтин, зомбулуктун алдын алуу боюнча ой-пикирлер ортого салынып, тиешелүү адистерге, мектеп директорлоруна бир катар тапшырмалар берилди.

Муундан-муунга өтүп келе жаткан мындай  көрүнүштөрдү болтурбоого бардык тиешелүү органдар биргеликте тынымсыз иш алып баруулары керектиги айтылып, иш-пландар бекитилди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер