СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВ

  • 10.06.2024
  • 0

Кыргызстанда Социалисттик Эмгектин Баатыры деген бийик наамга эки гана мугалим ээ болгон: Кочкор районунан Көкөбай Мамбеталиев жана Ат-Башы районунан Апыш Койчуманов.  Совет доорунда таанылган бул устаттар жөнүндө көп жазылган, айтылган, алдыда дагы далай сөз болору бышык. Бул макаладан мурда Көкөбай Мамбеталиев тууралуу баян “Кут Билим” медиа борборунун сайтына жарыяланган.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВКыргыз ССРине эмгек сиңирген мугалим Апыш Койчуманов 1923-жылы 17-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1940-жылы өз айылындагы жети жылдык мектепти бүтүргөн соӊ башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Ал фронтко чакырылып, Ата Мекендик согушка катышып, эки жолу жараат алган. 1945-жылы декабрда демобилизацияланып, мектепте иштөөнү уланткан. Ал өмүрүнүн акырына чейин Кызыл-Дыйкан орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп, үзүрлүү иштеп келген.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВКойчуманов Апыш 1949-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайын, 1969-жылы Фрунзедеги В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун педагогика-методикалык факультетинин башталгыч мектептерде окутуу кафедрасында сырттан окуу бөлүмүндө жогорку педагогикалык билим алган.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВ1970-жылы КПССтин катарына мүчө болуп өткөн. Апыш Койчуманов эмгек чыйырын баштаган алгачкы жылдан өмүрүнүн акырына чейин өзүнүн жогорку деңгээлдеги адис, ишке жан-дилин койгон, кесибин терең сүйгөн, өзгөчө тартиптүү жана чыгармачылык жигер менен иштеген  ишмер мугалим катарында өзүн көрсөтө алган. Апыш агай  боорукердиги, кичи пейилдиги, кен пейилдиги, балдарды сүйгөндүгү, терс көрүнүштөргө келишпес мамиле жасагандыгы менен айырмаланып турган. Апыш агай мектептин коомдук иштерине активдүү катышып, окуу-тарбия иштерин жүргүзүүдө зор эмгек сиңирген.

Ал мектептин баштапкы партиялык уюмунун секретарь болуп иштеген. 14 жолу окууга арналган теле көрсөтүү аркылуу көрсөтмөлүү сабак өтүп, 19 жолу илимий-теориялык конференцияларда, педагогикалык окууларга доклад жасаган. Окуу тарбия ишиндеги алдыңкы тажрыйбалары жөнүндөгү атайын брошюралар, китепчелер чыгарылган.

ОСОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВшол учурдагы  совет өкмөтү Апыш Койчумановдун эмгегин жогору баалаган, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу сиңирген эмгеги үчүн ага СССР Жогорку Советинин Президиумунун 1978-жылдын 27-июнундагы Указы менен  «Социалисттик Эмгектин Баатыры» деген ардактуу наам ыйгарган. Андан сырткары “Ленин”, “Кызыл Жылдыз”  ордендери, «Орок жана Балка» алтын медалы, “Каармандыгы үчүн”,  “Согуштагы каармандыгы үчүн” медалдары менен да сыйланган.

Апыш агайга «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими», «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги» деген ардактуу наам берилген. Апыш Койчуманов өтө карапайым мээримдүү адам болгон. Апыш Койчуманов агай мугалим жана сүрөтчү кол өнөрчү да болгонун кесиптештери айтып, эскерип калышат. Жаныбарлардын сүрөтүн тартканда түгүн, жүнүн, тал канаттарын желимдеп жабыштырып, ар кайсы сабактарда көрсөтмө курал катары колдонуп жүргөн экен. Агай окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында беш жарым миӊдей көргөзмө куралды өз колу менен даярдаган.

Ал өзүнүн бүткүл өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого арнаган.

Апыш Койчуманов агай жөнүндө «Мугалим» даректүү тасмасы 1982-жылы “Кыргызтелефильм” киностудиясында тартылган. Сценарийдин автору жана режиссеру, Кыргыз эл артиси Асанкожо Айтикеев. Бул тасмада чыгаан устаттын окуучуларга жасаган жылуу мамилеси, адамгерчилик асыл сапаттары, талыкпаган ак эмгеги, бийик адамгерчилик сапаты даана көрсөтүлгөн.

1984-жылы 4-июлда жол кырсыгынан улам каза болгон. Ат-Башы районундагы  Ак-Моюн айылындагы мектеп Апыш Койчумановдун ысымын сыймык менен алып жүрөт. Улуу устаттын айкели айылда жана өзү иштеген мектептин имараттын жанында, ошондой эле Ат-Башы айылындагы райондук мамлекеттик администрациянын алдына  тургузулган.

СОЦИАЛИСТТИК ЭМГЕКТИН БААТЫРЫ, ЭМГЕК СИҢИРГЕН МУГАЛИМ АПЫШ КОЙЧУМАНОВЖубайы Эсенкожоева Жумакадыр менен Апыш агай 4 уул, 5 кыз, 35 небере, 73 чөбөрөлүү болушкан.

2023-жылы үлкөн устаттын 100 жылдык мааракесине арнап,  акын Өскөнбай Бердибаевдин “Түбөлүк өчпөс издер (Эскерүүлөр жана ой толгоолор)” аттуу китеби жарык көргөн.

Даярдаган Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер