СОКУЛУКТА ЖАҢЫ БАЛА БАКЧА
- 15.11.2024
- 0
Чүй облусунун Сокулук районунда жаңы бала бакча ачылды. Анын ачылышына Президент Садыр Жапаров онлайн катышты.
Жалпы аянты 3500 кв.метр турган эки кабаттуу бала бакча 180 орундуу. Имараттын курулушуна жалпысынан 30 млн 200 миң сом жумшалган. Ага Сокулук райондук өнүктүрүү фонду 1 млн 900 миң сом салым кошкон.
Бала бакчанын ачылышы менен 30 адам жумуш орду менен камсыз болду.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылы Чүй облусу боюнча 510 бала жети бакчанын имараты, 965 орундуу үч мектеп жана башка социалдык обьектилер болуп жалпысынан 43 социалдык объект курулган.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер