СОЧИ ШААРЫНДА ЖАШТАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ

  • 02.03.2024
  • 0

СОЧИ ШААРЫНДА  ЖАШТАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ1-мартта Сочи шаарындагы Сириус федералдык аймагында башталган жаштардын дүйнөлүк фестиалы 7-мартта жыйынтыкталат. Ал эми 4-мартта катышуучу өлкөлөрдүн жүрүшү уюштурулат.

Дүйнөлүк жаштар фестивалында 190 мамлекетинен келген жаш лидерлердин саны 20 миңден ашты дешүүдө уюштуруучулар. Алар спорт, медиа, илим, бизнес, ыктыярчылык, кайрымдуулук, билим берүү, маданият, бизнес жана башка тармактардын өкүлдөрү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын атынан фестивалга 231 адам катышууда. Иш-чара маанилүү көйгөйлөр талкууланган аянтча болуп жатканын адистер айтышууда.

Ошондой эле фестивалдын меймандары мастер-класстарга, талкууларга, панелдик сессияларга жана тренингдерге катышып, чыгармачыл топтордун спектаклдерин көрүп жатышканы маалымадалууда.

Мындан тышкары, Science Slam илимий-популярдуу шоусуна катышып, гастрофестивалда Россиянын аймактарынан келген тамактарды даамдай алышат. Ал эми «Валдай» дискуссиялык клубунун алкагында глобалдык маселелерди талкуулашмакчы.

СОЧИ ШААРЫНДА  ЖАШТАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ

СОЧИ ШААРЫНДА  ЖАШТАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮҮДӨ

Кабыл Макешов,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер