СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

  • 16.07.2025
  • 0

4-июлдан тартып өлкөнүн бардык аймактарынан келген 175 педагог Сингапурдун  Marshall Cavendish Education уюмунан келген тогуз тренерден жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди колдонуу ыкмалары боюнча сабак алууда.   

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Бул окууга усулчу, райондук, шаардык усулдук бирикмелердин жетекчилери, облустук билим берүү борборлорунун, инстуттардын окутуучулары катышууда. Алар 1, 2, 5, 7-класстар үчүн иштелип чыккан математика, табигый илимдер предметтери жана 3-9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди колдонуу ыкмаларын, ошондой эле 12 жылдык билим берүү моделине ыңгайлаштырылган жаңы окуу программаларын терең өздөштүрүшөт.

Жаңы билим берүүү моделин өздөштүрүүгө тоолуу Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылдык мектебинен  Эльнура Жумаева келген. Ал 16 жылдык эмгек стажы бар педагог. Англис тилин жогорку деңгээлде билген мугалим акыркы үч жылдан бери райондук деңгээлдеги англис тили боюнча секцияда жетекчилик кызматты аркалап келет.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Эльнура Жумаеванын айтымында, жаңы система менен таанышуу процесси башында бир аз кыйынчылык жаратып, айрым кесиптештери котормочунун жардамына муктаж болушту. Бирок бир аз көнгөндөн кийин дээрлик бардык  мугалимдер котормочусуз, түздөн-түз англис тилинде баарлашып, ар бир темага активдүү катышууда.

–Тренинг толугу менен англис тилинде өтүп жатат. Сингапурдан келген, тажрыйбалуу тренер Стив менен иштешип жатабыз.  Ал мугалимдер менен бат эле тил табышып кетти. Бул окуу – сингапурлук билим берүүнү биздин улуттук системабыз менен айкалыштыруу аракети. Мен бул кадамды чоң тобокелчилик менен коштолгон, бирок келечек үчүн өтө маанилүү багыт деп эсептейм. Эгер биз өзгөрүүгө даяр болбосок, ошол эле деңгээлде туруп калуу коркунучу бар. Ал эми эл аралык тажрыйбага негизделген билим берүү – дүйнөлүк аренада атаандаша алган муунду тарбиялоонун ачкычы, — дейт ал.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Өзүн өнүктүүрүдөн ырахат алган мугалим  жакында англис тилинен эл аралык тест тапшырууну да максат кылууда. Ошондой эле буга чейин дагы Кембридж системасы боюнча окуулардан өтүп, Ага Хан фонду тарабынан уюштурулган программага катышып, сертификатка ээ болгон. Алган тажрыйбасын кесиптештери менен бөлүшүп туруу негизги максаттарынын бири экендигин айтат.

Эльнура Жумаева Нарын мамлекеттик университетин аяктап, эмгек жолу А.Осмоналиев атындагы орто мектептеп башталып, он жылдан ашык мезгил аралыгында бир жерде үзүрлүү эмгектенип келет. Англис тилчи мугалим болуу анын балалык кыялдарынын бири болуп, өзүн башка чөйрөдөн такыр элестете алчу эмес. Бул кесипке болгон кызыгуусун өзүнүн эжей-агайларынын үлгүсү ачкан.

  • Англис тили 3-класстан баштап берилет эмеспи, мотурайган, мурдунан суусу аккан, баёо сезим, ичинде кири жок кезде колума келишет. Аларды жумшак мамилем менен кабыл алам. Балдардын ар бир кылык-жоругун көрүп, элжирейм. Жакшы көрүп, беттеринен өөп, башынан сылап турам. Мугалимдик кесипке келгенимдин себеби – балдарга болгон сүйүүм окшойт,  — дейт мугалим.

Англис тилчи ар бир окуучуга жекече мамиле жасайт. Айтымында, баланы күчкө салып окутуудан пайда жок. Ар биринин кызыккан нерсесине жараша багытты буруу туура. Ошондой эле баалоо да баланы сындырып коёт. Балага кичиненекей болсо да белек берип, мактап койсо, көкөлөп, окууга далалаты күч болот.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Ошондой эле бул тренингге Баткен облусунан 18 педагог келген. Арасында Билим берүү усулдук борборунун башкы адиси Осмон Эркебаев да бар. Ал агартуу тармагына 46 жылдык кызматы сиңген мыкты педагог.  Осмон Эркебаев сабактар көргөзмөлүү, практикалык иштер менен камтылып, жакшы уюштурулганын,  ар бир  тренингдин көнүгүүлөрү түшүнүктүү, турмуштук мисалдар менен байланыштырылып жатканын белгиледи.

  • Тренерлер англис тилинде сабак өтүп, аны биздин кызматкерлер кыргыз тилине которуп берип жатышат. Алган билимди башка мугалимдерге кантип жеткирүү керектиги боюнча дагы сунуштар берилүүдө. Мага өзгөчө таасир калтырганы — практиалык көндүмдөргө басым жасагандыгы. Математикадагы конкреттүү графикалык жана абстрактуу ыкма менен балдарга сабакты кантип жеткириш керектигине чейин түшүндүрүп жатышат. Бул усулду USAIDдин «Келгиле, окуйбуз» долбоорунан да өткөнбүз. Ага кошумча абдан жакшы толуктоо болууда. Муну эми тренер катары башка мугалимдерге жеткиргенге аракеттенем. Бул жаатта тажрыйбам бар, — дейт.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Осмон Эркебаев Оштогу Жогорку технологиялык колледжин аяктаган. 2008-2016-жылдары Баткен облустук гимназиясында,  андан кийин Билим берүү усулдук борборунда жетекчилик кызматта аркалаган. 2004-жылдан баштап USAID, UNICEF уюмунун бир канча долбоорлорунда мастер-тренер катары эмгектенип, башталгыч класстын мугалимдеринен тартып, математик, орус тилчи, класс жетекчи жана жетекчилик кызматтагы адамдарды да окутуп келген.

Бул иш-чарада агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө билим берүү аймагы кеңейгенин, бир өлкөнүн менчик билим берүү системасы жоктугун, ар бир өлкө кайсы бир өлкөнүн ийгиликтүү билим берүү системасын колдонорун белгилеп,  “Биз эл аралык тажрыйбалардын эң мыкты үлгүлөрүн пайдаландык, бирок жаңы билим берүү стандарттарын мамлекеттик, улуттук баалуулуктарды эске алуу менен иштеп чыктык. Өлкөбүздүн билим берүү системасын биз, өзүбүз өнүктүрөбүз” – деп кошумчалады.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Беш күнгө созулган тренингден кийин катышуучуларга “Улуттук мастер-тренер» деген сертификаттар берилип, атайын бекитилген графиктин негизинде жер-жерлердеги мугалимдерге төрт күндүк курстарды өтүшөт. Аны менен гана чектелбестен, каникул убактарында да  усулдук жардамдарды көрсөтүп турушат.

Тренингдин негизги максаты — 12жылдык билим берүү моделине ылайык STEM багытында жаңы билим берүү стандарттарын ишке киргизүү, эл аралык талаптарга ылайык мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн улуттук мастер-тренерлерди даярдоо.

СИНГАПУР САБАКТАРЫ ЖАНА УЛУТТУК ТАЖРЫЙБА

Белгилей кетсек, 2024-жылы “Маршалл Кавендиш” басмасы (Сингапур) менен “Окуу китеби” басма үйүнүн (Кыргызстан) ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде “Маршалл Кавендиш” басмасынан табигый илимдер (табият таануу, физика, химия, биология), математика (математика, алгебра, геометрия) жана англис тили предметтери боюнча окуу-методикалык комплекстерди мөөнөтсүз колдонуу укугу алынган.

Бүгүнкү күнгө карата 1, 2, 5, 7-класстар үчүн математика, табигый илимдер предметтери боюнча жана 3 – 9-класстар үчүн даярдалган англис тили предмети боюнча жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер даярдалып, басылууда.

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер