Шакиев: «Мугалимдердин макамын колдошубуз керек»
- 20.12.2024
- 0
Бүгүн курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Шакиев билим берүү кызматкерлерин колдоо керектигин баса белгилеп өттү:
«Билимдуү коомду , билимдүү элди, билимдүү өлкөнү курабыз. Эгерде биздин коом билимдүү болбосо, келечекти кура албайбыз. Жаратылыш ресурстары жок, жарды мамлекеттер илим менен, технология менен дүйнөнү багытөнтып келе жатат. Биз билим берүү тармагына өтө чоң көңүл бөлүшүбүз керек. Мугалимдердин макамын көтөрүшүбүз керек, колдошубуз керек. Бирок биздин коомдо терс көрүнүштөр жок эмес. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле татаалдашып, ар кандай терс пикирлер жаралууда. Чындыгында ата-эне үйдө тарбия берсе, мугалим мектепте тарбиялап, билим берет. Андыктан биз, мугалимдерди мазактоо, шылдыңдоо, кордоо сыяктуу жаман көрүнүштөрдөн сакташыбыз керек. Бул боюнча Жогорку Кеңеште бир катар мыйзамдар кабыл алынып жатат.
2025—жылдан баштап 12жылдык окутууга өтүп жатабыз. Бул өлкөбүздөгу эң чоң реформа десек болот. Дүйнөнүн 140 мамлекети ушул программа менен окутат. Бул система биздин дагы жаштарыбыздын эң алдыңкы окуу жайларда билим алуусуна шарт түзөт».
Комментарийлер