«СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО» ДОЛБООРУ

  • 22.01.2025
  • 0

21-январда «Секторду өнүктүрүү долбоору: Мектептик билим берүүнү реформалоо» долбоорунун Байкоочу кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

"СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО" ДОЛБООРУ

Иш-чараны билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ачып, долбоордун алкагындагы иш-аракеттерди сөзсүз түрдө өз убагында жана эффективдүү аткаруу керектигине токтолду.

Андан соң иш-чаранын катышуучуларына долбоор жөнүндө презентация өткөрүлдү. Кеңештин мүчөлөрү байкоочу кеңештин жобосун, иш планын жана долбоордун бюджетин талкуулап, жактырышты.

"СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО" ДОЛБООРУ

Белгилей кетсек, долбоор билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо, башкарууну жакшыртуу жана бүткүл өлкө боюнча инновациялык мектептерди түзүү аркылуу 2018-2040-жылдарга улуттук өнүгүү стратегиясын, 2021-2040-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү программасын жана 2026-жылга чейинки Улуттук программаны ишке ашырууга Билим берүү жана илим министрлигине колдоо көрсөтөт.

"СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО" ДОЛБООРУ

Долбоордун алкагында 23 инновациялык мектеп жана Кыргыз билим берүү академиясы модернизацияланат, коомдук дисциплиналар жана маалыматтык технологиялар үчүн жабдуулар жаңыланат, ошондой эле 220 кластердик мектептерде лабораториялар жабдылат.

"СЕКТОРДУ ӨНҮКТҮРҮҮ ДОЛБООРУ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛОО" ДОЛБООРУ

Бөлүшүү

Комментарийлер