«СЕЙТЕК»: «МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН»

  • 17.07.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору, «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы менен бирдикте Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында өткөргөн «Менин мекеним — Кыргызстан» XIII  Балдардын чыгармачылык фестивалына  боордош Казакстандан,  республиканын бардык булуң-бурчунан  600дөн ашык таланттуу балдар келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Казакстандан келген “Ритм- Данс”, жумгалдык окуучулардан турган “Келечек” бий тобу, акталаалык “Камбаркан”, Аламүдүн районунан “Анаэль”, Түп районунун “Айданек” ж.б.у.с. бий топтору көрөрмандардын купулуна толушту. Бул жолу фестивалдын катышуучуларынын ой-пикирлерин ортого салууну туура көрдүк.

(башталышы өткөн санда)

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

 Бактыгүл Туратова, Кара-Суу райондук балдар чыгармачылык борборунун директору, Ош облусу:

— «Менин мекеним — Кыргызстан» республикалык фестивалдын өзгөчөлүгү — быйыл боордош Казакстандан “Ритм-Данс” бий тобу келиптир. Нур-Султан шаарынан келген таланттуу балдар менен аралашып, чогуу болуу биз үчүн чоң жетишкендик, кубаныч, сүйүнүч, ийгилик десем да болот. Себеби биз башка өлкөнүн балдарын көрүп, алардын мугалимдери менен байланышкан үчүн биздин чыгармачылыгыбыз, усулубуз өсүп-өнүгүп атат.  Биздин борбордо «Жаш толкун», «Миң кыял», «Ай эркем» деген комузчулар ансамблдери, «Аруузат»  бий топтору, ошондой эле  поэзия, көркөм окуу, театр ийримдери иштейт. Албетте, ошол ийримдердин тарбиялануучуларын алып келсек сонун болмок.   Бирок замандын шартына, мүмкүнчүлүккө  карап, болгону быйыл он эки баланы алып келдим.  Төрт жыл мурда ушул фестивалга келип, абдан шыктануу менен кеткем. Ошондон бери эле окуучуларымды жылда өтүүчү фестивалга алып келүүнү салтка айланткам. Ушул жерден балдар аябай такшалат, мамиле түзүүнү, өздөрүн алып жүрүүнү, сахнанын ыйыктыгын, ага чыгуудагы бардык жүрүм-турумдарды үйрөнүшөт. Анткени “Сейтек” борборунун тарбиялануучулары тартиптүү, жогорку деңгээлде бийлерди аткарышат, кийген кийимдери дагы көздүн жоосун алат. “Сейтек” борбору хореография жагынан педагогдорду, жетекчилерди жылга окутат, билимдерибизди өркүндөтөт. Чын ниетибизден борбордун директору С.Челпаковага, ал жетектеген жалпы жамаатка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Биздин чыгармачылык борбордогу 990 окуучуга 40 мугалим сабак берет. Албетте, окуучулардын бекер кошумча билим алуусу акысыз.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"Наргиза Хаджиева, «ДЭЯ» элдик бий ансамблинин жетекчиси, Балыкчы шаары:

— Бул фестивалга үчүнчү жолу келип атабыз. Ар жылы ар кандай жаңы көрүнүштөрдү көрүп, кубанып кетебиз. Анткени бул фестивалдын максаты —  бир гана региондон келген катышуучулардын достугун бекемдөө эмес, башка өлкөдөн келгендер менен дагы достукту бекемдеп, жакындан таанышып, бири-бирибиз менен тажрыйба алмашууну көздөйт. Фестивалда башка улуттардын маданиятын көрүп, башка топтордун иштери менен таанышып, жакшы маанайда кетебиз. Жылына 600гө жакын балдар келишет. XIII Балдардын чыгармачылык фестивалына 58 окуучу менен келдим. «ДЭЯ» ансамбли Бишкек жана Балыкчы шаарларында иштейт.

Биздин окуучуларыбыз дагы ушул фестивалды абдан күтүшөт. Анткени алардын чыгармачылыктан жактан өсүшүнө чоң таасир этет.

Кыргыз маданиятыбыздын өнүгүп-өсүшүнө фестиваль чоң түрткү берип келатат.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

Нурдана Тыналиева, «Шертай» студиясынын жетекчиси, Бишкек шаары:

— Биздин ансамбль 2012-жылы уюшулган. Бизге болгону 1,5 жыл болду. Ушул аралыкта биз көп ийгиликтерге жетиштик. “Сейтек” борборунун деңгээлине чыгабыз деп бардык күч- аракетибизди жумшап келатабыз. XIII Балдардын чыгармачылык фестивалына биринчи жолу биздин ансамбль катышып жатат. Ар бир облустан келген топтордун  кыргыз бийи, күүсү, ыры  балдардын патриоттук сезимин ойготту десем болот.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

 Сүйүнбек Эмилбек уулу,  Баетов атындагы орто мектебинин директору, “Камбаркан” бий тобунун жетекчиси, Ак-Талаа району:

— «Менин мекеним — Кыргызстан» фестивалына биринчи жолу келип отурам. Фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Балдар үчүн кам көрүп, региондогу балдардын талантын ачып, аны жалпы республикага таанытып жаткан «Сейтек» борборуна терең ыраазычылык билдиребиз. Балдардын өсүшүнө, алардын чыгармачылыгынын ар тараптан өнүгүп жатканына “Сейтек” борборунун таасири чоң. Ар бир баланын келечектеги ырчы, бийчи болушуна бардык шарттар түзүлгөн. Башка өлкөдөн келген балдар менен дагы жакындан таанышып, таасир алып, тажрыйба топтоп жатышат. Алсак,  Нур-Султан шаарынан келген топтор өздөрүнүн бий өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Кыргыз маданиятынын бир тармагын аз болсо дагы ушул окуучулар көтөрүп жатат. Биз булар менен сыймыктанышыбыз керек. Мындан ары да фестиваль өз ишин улантып, дагы көп жаңылыктар менен тааныштырат деп ишенем.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН" Аида Жакыпбаева, Ош шаарынын «Келечек» балдар чыгармачылык борборунун директору:

— Биз фестивалга “Айгине” комузчулар ансамблин, ырчы  окуучуларды алып келдик. Фестивалга мурдагы жылдары бий топтору келсе, эми башка ийримдеги балдарды алып келели деп чечтик. Жалпысынан биз үчүнчү жолу келип атабыз. Жыл сайын фестиваль өзгөчөлөнүп өтөт. Быйыл экскурсияга басым жасалыптыр. Көчмөндөр оюну өткөн ат майданын барып көрүп, таасирлендик.  «Газпром» спорт комплексинде таэквондо боюнча өтүп жаткан ортоазиялык чемпионатты көрүү балдарыбыз үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Абдан  таасирленишти. Сүрөткө түшүштү. Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда бардык диний конфессиялардын чагылдырылышы, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча жасалган айкелдери, кыргыз айылы ж.б.у.с. нерселер окуучулар эле эмес, бизге дагы чоң таасир калтырды.

«Сейтек» борбору «Кут Билим» гезити жазгандай, чын эле мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн флагманы экенин тастыктап келатат.

Айтмакчы, Оторбаев Топчубай, Талантбеков Дайырбек деген хореограф жигиттерибиз “Сейтек” борбору уюштурган мастер-класстарга дайыма  катышып, өз билимдерин өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп келатышат. Быйыл “Сейтектин” сунушу менен эки хореографтарыбыз Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетине тапшырып жатышат.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН" Санрабига Жолдошбек кызы, «Креатив-Таалим» билим берүү комплексинин “Салтанат” бий тобунун жетекчиси:

— Мектептин ачылганына үч жыл болду. Атайын “Салтанат” бий тобун ачканбыз. Фестивалга 13 окуучуну алып  келдик,  өз өнөрүбүздү көрсөтөлү, кыргыз маданиятына аз болсо дагы салым кошолу дедик.  Фестивалда, биринчиден, балдар достошуп атат, экинчиден, тажрыйба алмашып, билбеген ыкмаларды, усулдарды карап, биз билбеген бий элементтерди кошуу жагын да карап жатабыз. Балдар телефон номерлери менен алмашып жатышат. Кийинки жылы келгенде кайрадан чогуу болуу үчүн.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

 Гүлжан Мураталиева, «Санат» хореографиялык театрынын жетекчиси, Ош шаары:

— Мен “Сейтек” борборунун “Жаш кыял” үлгүлүү бий ансамблинин бүтүрүүчүсүмүн. Борборду бүткөндөн кийин “хореограф” деген адистиктеги дипломду алгам. Ошондуктан мен Ош шаарында “Санат” хореографиялык театрын ачтым. Бизге бир жыл толду. 3 жаштан 17 жашка чейинки 90 тарбиялануучум бар. “Сейтек” борборунун директору С.Челпакова Ош шаарында өткөн Түрксой иш-чарасына келип, биздин койгон бийди көрүп, фестивалга чакырган. 20 окуучу менен келдик. Балдар абдан сүйүнүп жатышат. Биринчиден, биринчи жолу Ысык-Көлгө келгендер бар экен, экинчиден, фестивалга ар облустан келген кыздар-балдар менен таанышып, достошуп, ар кандай бийлерди көрүп, ошол эле жерден бий элементтерин көрүп, үйрөнүп жатышат.

Айтмакчы, менин турмушумдун даңгыр жолун  “Сейтек” борбору ачты десем жаңылышпайм. Анткени 11-класстан кийин Ала-Тоо – Ата-Түрк университетине тапшырганы келгенимде, окуу жайдын жетекчилиги “Сейтек” борборунун дипломун көрүп, “эки бий коюп бер, эгер жакса, окууңдун төлөмүн жеңилдетип, андан сырткары айлык төлөп беребиз” дешти. Ошондо мен кыргыз жана индия бийин коюп бердим. Ошол кездеги окуу жайдын ректоруна койгон бийлерим жагып, мени жумушка алып, андан сырткары беш жыл бою бекер окудум. Мына “Сейтектин” күчү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, “Сейтек” борборунун жалпы жамаатына чоң рахмат айтам!

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН" Света Үсөналиева, Касымбек уулу Мамбетакун атындагы  орто мектебинин «Келечек» бий тобунун жетекчиси, Жумгал району:

Мектептин музыка мугалимимин. Бий тобун акы төлөнүүчү ийримдин эсебинен ачканбыз. Биздин топ райондук, облустук, республикалык ар кандай сынактарга, фестивалдарга катышып, ал эми райондук деңгээлдеги сынактарда дайыма биринчи орунду жеңип келатабыз. Облустан 3-орунга жетиштик. Мен «Сейтек» борбору уюштурган мастер-класска келип, окуп кеткем. Ошол мага чоң түрткү берди. Анткени алган билимимди келип, балдарга үйрөттүм. Ата-энелер дагы колдоо көрсөтүп жатышат. Кайда барбайлы, ата-энелер колдоп, балдардын талантынын өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошууда.

Балдар эс алуу менен бирге достошуп атышат. Тажрыйба топтошту. Дүйнөнү кабыл алуубуз дагы кеңейди. Региондон, боордош республикадан келген топтор менен сүрөткө түштүк, пикир алыштык. Өзгөчө орус бийи «Калинка» абдан элди шаңга бөлөдү, балдар дагы мыкты бийледи дешип, көрөрмандар  катуу кол чабышты. Мен сүйүнүп жатам, балдар шаардык, чет өлкөлүк профессионал бийчилер менен тең тайлашып, жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алгандарына. Бизге керектүү бир топ жаңы иш тажрыйбаны алып баратабыз.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

Бекдөөлөт Русланбеков, «Келечек» бий тобунун мүчөсү:

— Фестиваль абдан жакты. Кызыктуу оюндар уюштурулуп, маселен, «Нептун», «Кызыктуу старттар», «Кумдагы элестер», «Менин мекеним — Кыргызстан» дубал гезитинин конкурсу, эстен кеткис экскурсиялар: пароходко түшүү, капчыгайга чыгуу, «Рух Ордо» маданий борборуна жөө баруу, ипподромго баруу каралыптыр. Өзгөчө мага «Газпром»  спорттук комплексинде таэквондо боюнча жүрүп жаткан ортоазиялык чемпионатка киргенде, чоң таасир калтырды. 16 өлкөдөн келип катышып жатышыптыр.

Бардык дубандан келген балдар-кыздар менен жакындан тааныштык. «Сейтек» борборуна чоң ырахмат, биздин келечек үчүн кам көрүп, маданий, эстетикалык жактан алдыга умтултуп жатканына.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

Олег Коженков, «Анаэль» бий ансамблинин жетекчиси:

— Биздин студия 2012-жылы уюштурулган. Бул жылдар аралыгында республикалык, эл аралык сынактарга катышып бир топ ийгиликтерге жетиштик. Фестивалга экинчи жолу келип атабыз. Балдардын кубанычы койнуна батпай, күнүгө ар кандай иш-чараларга катышып, мыкты эс алып жатышат. Бул жагынан алганда “Сейтек” борборуна чоң рахмат! Анткени стратегиялык өнөктөштөрдү таптык, эми алар бизди конокко чакырса, биз аларды өз жолубуз менен чакырабыз. Ар кандай концерттерди чогуу уюштурабыз деген ниеттебиз.

Быйыл Нур-Султан шаарынан келген “Ритм-Данс” бий тобу менен жакындан таанышып, тажрыйба алмаштык. Жакын дос болуп калдык.

Өзгөчө быйыл экскурсиялар абдан жакты. Билгенден билбегенибиз көп экен, Кыргызстанда жашасак деле. Маселен “Рух Ордого” барганда боз үйгө кирип, Кыргызстан тарыхы тууралуу балдарга айтып бердик. Анткени мектепте биз берген маалыматтарды беришпейт. Ошондуктан балдар үчүн көп жаңылык болду.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

Зайнабу Кочкорбаева, Сузак районунун Октябрь балдардын чыгармачылык үйүнүн алдындагы комузчулар ансамблинин жетекчиси:

— Вокал, дастан, ошондой эле «Жаш кербез» комузчулар ансамбли менен келдик. «Сейтектин» иш-чарасы абдан жакты. Көзүбүздү ачты десек да болот. Шарттары абдан жакшы экен. Жакшы ырдаган Баястан деген балабыз, Арина, Айзат, Айзирек деген кыздарыбыз келди.  «Нептун» күнү абдан кызыктуу экен. Биринчи жолу көрүп атабыз. Баарыбыз ырдадык, бийледик.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

Мирбек Урсеитов «Ала-Тоо» эс алуу үйүнүн директорунун орун басары:

— «Сейтек» борбору менен он жылдан бери иштешип келатабыз. Балдардын коопсуздугун сактоо үчүн бардык шарттарды түздүк. Балдардын жакшы эс алып кетишине бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жээгибиз таза, балдар ойногонго бардык шарттар каралган. Көл жээгинде мына «Нептун» күнүн өткөрүштү. Атайын балдардын коопсуздугун көзөмөлдөп турган балдар иштешет. Көлгө түшкөндөр үчүн атайын чектер коюлган. Андан ары барууга тыюу салынат.

 

Махабат Субанбаева, «Айданек» бий тобунун жетекчиси, Түп району:

«Айданек» тобу Каракол шаарында жана Түп районунда уюшулган. Группада 30 бала бар. Ансамбль жаш, келечеги алдыда. Сентябрь айында үч жашка толобуз. Ата-энелердин колдоосу жана менин талабым катуу болгондуктан балдар жакшы ийгиликтерди жаратып жатышат. Жумасына 4-5 жолу сабак өтүлөт, көп иштейбиз. Ошого жараша ийгиликтерге жетишип жатабыз. Эки ансамбль менен иштейм. Бирөө мектептин алдында уюшулган, бирөө Түп райондук маданият үйүнүн алдында уюшулган.  Мектептегилер айына 300 сом, ал эми Түптөгү ата-энелер 500 сомдон төлөшөт.

"СЕЙТЕК": "МЕНИН МЕКЕНИМ - КЫРГЫЗСТАН"

 Айжан Мамбетова, Чаткал районунун «Асылзат» бий тобунун жетекчиси:

— Топто 22 окуучу бар. Алардын ичинен жети окуучу фестивалга келишти. Фестивалга үчүнчү жолу келип атабыз. Башка балдарды көрүп окуучуларым таасирленип абдан жакшы бийлешти. Фестиваль окуучуларга стимул берет экен, ошого жараша шыктануусу өөрчүп турат экен. Фестивалдан кийин окуучуларым зор ийгиликтерди жаратат деп ойлойм. Биз билбеген көп нерселерди ушул жерден үйрөндүк. Өзгөчө бийге туура туруу, сахнанын деми дегенди эске тутуп алдык. Бийге чыккандагы кадамдардын шилтөөсүнөн баштап, т.а. бийдин алиппесин үйрөндүк. Бий маданияттын бир бөлүгү.

Чаткал району дагы артта калбасын деп өзүм хореограф болбосом дагы, «Сейтек» уюштурган мастер-класстарга келип, көп нерселерди алып, балдарга үйрөтүп келем. Бул жолу ошол ишимдин жыйынтыгын көрүп, кубанып отурам.  Улуттук «Сейтек» борбору — улуттун санаттарын өйдө көтөрүүчү борбор. Уюштуруучуларга чоң рахмат, бар болушсун!

 Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”,

Бишкек — Чолпон-Ата — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер