САПАТТУУ ОКУУ КИТЕБИНЕ МУКТАЖБЫЗ, ЖЕ ОКУУЧУЛАР ЭМНЕ ҮЧҮН САБАККА КЫЗЫГЫШПАЙТ

  • 26.11.2020
  • 0

Өлкөбүздөгү жаңылануу желаргысы менен билим берүүдөгү жаңы кадамдар жакшылыкка болгон үмүт отун тутандырат. Республикалык илимий-практикалык  “Окуу китеби” борборунун иш аракетине момпосуй күткөн жаш балача кубануу менен колдоп-коштоп, ардагер мугалим катары айрым ой-пикирлеримди ортого таштоону туура көрдүм.

Билим сапаты окуу китебинин сапатына түздөн-түз байланыштуу. Китеп – окуучу үчүн бирден-бир курал эмеспи. Окуу китеби баланы өзүнө тартса, кызыктыра алса экен. 9-11-класстар үчүн “Кыргызстан тарыхында” айрым сабак 10-13-беттен туруп, 70тен 180ге чейинки цифралык, даталык маалыматтар бар. 11-классатрдын “Дүйнө тарыхында” бир саат үчүн берилген темада тил келбеген, эсте сактоого мүмкүн болбогон 80-100 даталар, терминдер, чет элдик үрп-адат, кийим-кече, тамак-аштардын аталыштары бар. Окуучу бир күндө 5-6 сабакка даярдануу керектигин эстеп көрүңүз. Ал эми 7-класстар үчүн “Кыргызстан тарыхын” мугалимдер “кытайча жазылган” деп коюшат. Бул окуу китебиндеги сүйлөмдөр жөнөкөй, түшүнүктүү, элестүү, ишенимдүү жазылышы зарыл. Ушулардын баары окуучулардын китепке болгон кызыгуусун жоюп, кыйынчылыктарды гана жаратпастан, окуудан баш тартууга аргасыз кылып, даярданбай келүүнү адатка айландырууга себеп болору бышык.

Окуу программасы, окуу китеби, мугалимдер үчүн усулдук колдонмо, сүрөттөр, схемалар, таблица, тесттер сыяктуу дидактикалык материалдар менен кошо бири-бирине дал келип, өз убагында, баарысы бир убакта чыгуу керек да. Адилеттик үчүн айта турган нерсе 5-6-класстар үчүн “Адам жана коом” окуу куралынын сапаттуулугу мугалимдердин ишин жеңилдетти. 1990-жылдардын башында адегенде “Маркетинг”, кийин “Экономикага киришүү”, “Адеп сабагы”, “Адам жана коом” сабактарынын программасы келгенден көп жылдардан кийин окуу китеби чыккан болчу. Элестетип көрүңүз, эч кандай куралсыз, майданга жылаңач бет маңдай чыккан мугалимдин эрдигин.

“Адам жана коомдон” 9-10-11-класстар үчүн ушул убакытка чейин окуу китебинин чыкпай келиши – бул тиешелүү тараптардын кечирилгис жана кечиктирилгис иши. Дал ушул сабакта окуучулардын улутмандык, мекенчилдик сыяктуу инсандык сапаттары калыптанат. Дүйнөгө болгон илимий көз карашты калыптандыра турган, идеологиялык милдетти аткара турган жерибизде боштук болгону эмнеси. КАО сунуш кылган 9-10-11-класстар үчүн азыр колдонулуп жаткан окуу программасында бир эле теманы кайра-кайра кайталоо, ыраатсыздык, адам коомун толук түшүндүрүп бере албаган мүмкүнчүлүктөргө жол берилген. “Жаран таануу, мамлекетти башкарууга катышуу” деген 10-11-класстар үчүн окуу китеби кыргыз коомуна коошпойт. Аны колдонууну тезирээк токтотуу керек. Андан көрөкчө орус тилдүү мектептерде дагы эле окутулуп келаткан Л. Богалюбовдун китеби алда канча артыкчылык кылат. Кыргыз коомун, улуттук менталитетти  терең камтыган белдүү окумуштуулардын: С. Иптаров, С. Байгазиев, С. Рыспаев, А. Муратов, Х. Исаев, ж.б. идеяларын камтыган “Адеп сабагын” жоюп жиберүү менен окуучуларда адамгерчиликти калыптандыруу маселесинде эң чоң жоготууга учурадык деп ойлойм. “Адам жана коом” сабагынын башкы милдети инсанды улуттук –мамлекеттик  идеология менен бириктирүү жана аң-сезимде цивилдик баалуулуктарды айкалыштыруу, андай болгондо, демек бизде эң башкысы мамлекеттик идеология иштелип чыга элек деп түшүнсө болот.

Жыйынтыктап айтканда окуу китептери окуучуларды кызыктыра албай, мугалимдер куралсыз, маалыматтык, усулдук-дидактикалык жактан суусап турганда, заманыбыздын залкар ойчулу Ч. Айтматов айткандай: чычкан ага, суу берчи” демекчи, мазмундук жактан идеалдуу, жаңы муундагы сапаттуу окуу китептери жаралат деген маанайда алдыңкы үмүт менен жашап келебиз.

 Жоошбай Каримов – М. Баетов орто мектеби, Лейлек району.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер