“Сапат” эл аралык мекемелеринде билим берүү программалары өзгөрүүсүз калат

  • 21.01.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Сапат» эл аралык билим берүү тармагы тууралуу билдирүү жасады. Анда аталган мекемедеги башкаруучулардын курамы гана өзгөрөрүн,  негизги жана кошумча билим берүү программалары өзгөрүүсүз каларын кабарлады.  2024-2025-окуу жылында билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратууга жол берилбей турганын билдирди.

Ошондой эле министрлик өзүнүн компетенциясынын чегинде билим берүү уюмдарында Мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын, Базистик окуу планынын, окуу пландарынын, негизги жана кошумча билим берүү программаларынын аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Ошону менен бирге министрлик «Маариф” эл аралык фонду билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн билим берүү секторуна 2,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартып келүү милдетин алганын маалымдады.

Министрлик окуучулардын жана студенттердин ата-энелерин жана жакындарын тынчсызданбоого жана кызыкдар тараптардын куралына айланып калбоого чакырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер