САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК ТАРТИБИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР
- 29.11.2024
- 0
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында колдонулуп келген санитардык-эпидемиологиялык талаптар өзгөрдү.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы №696 токтомуна ылайык, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшү, аларды күтүү жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар балдардын курактык топторунун санына жана катышына жана алардын чектүү толушуна жараша аныкталат.
Ясли курагындагы балдар үчүн:
— 1,6 жаштан 2 жашка чейинки – 20 балага чейин;
— топто 1,6 жаштан 3 жашка чейинки балдар болсо – 20 баладан ашык эмес;
Мектепке чейинки курактагы балдар үчүн:
2-З жаштагы 1-кенже топ – 25 баладан ашык эмес;
3-4 жаштагы 2-кенже топ – 25 баладан ашык эмес;
4-5 жаштагы ортоңку топ – 30 баладан ашык эмес;
5-6 жаштагы улуу топ – 30 баладан ашык эмес;
Топто 3-6 жаштагы балдар болсо – 25 баладан ашык эмес.
Ден соолугyнун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн адистештирилген бала бакчада балдардын саны жана катышы балдардын категориясына жана алардын курагына жараша белгиленет.
Топтогу 1,6 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын саны төмөнкүдөн ашпоого тийиш:
— сүйлөө речи бузулган балдар үчүн –16 баладан;
— речинин фонетика-фонематикасы бузулган үч жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн – 18 баладан;
— дүлөй балдар үчүн – эки курактагы тең топ үчүн – 6 баладан;
— угyусу начар балдар үчүн – 6 жана 10 баладан;
— сокур балдар үчүн – эки курактагы тең топ үчүн – 6 баладан;
— көрүүсү начар балдар, амблиопиясы бар, көзү чалыр балдар үчүн – 6 жана 10 баладан;
— таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн – 6 жана 8 баладан;
— психикалык өнүгүшү кечеңдеген балдар үчүн – 6 жана 12 баладан;
— акыл-эси бир аз артта калган балдар үчүн – 6 жана 12 баладан;
— акыл-эси бир аз, оор даражада артта калган үч жаштан жогорку курактагы гана балдар үчүн – 8 баладан;
— аутизми бар үч жаштан жогору курактагы гана балдар үчүн – 5 баладан;
— оор деффекти бар (дене бой жана же психикалык өнүгүүсүндө эки же андан ашык кемчиликтин айкалышы бар) балдар үчүн – эки курактагы тең топ үчүн – 5 баладан;
— ден соолугyнун башка мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн – 10 жана 15 баладан;
5-6 жаштагы балдар үчүн компьютерлерди колдонуу менен сабактарды бир күндө бир жолудан ашык эмес жана жумасына үч жолудан ашык эмес, ишке болгон жөндөмдүүлүк кыйла жогору болгон күндөрү – шейшемби, шаршемби жака бейшемби күндөрү өткөрүү керек. Балдар менен сабак өткөрүлгөндөн кийин көз гимнастикасы жасалат.
Өнүктүрүүчү оюн сабактарында компьютер менен иштөөнүн үзгүлтүксүз узактыгы 4 жаштагы балдар үчүн 10 мүнөттөн жана 5-6 жаштагы балдар үчүн — 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Өнөкөт патологиясы бар, тез-тез ооруган (жылына 4 жолудан көп) балдар үчүн oopyп айыккандан кийин 2 жуманын ичинде компьютер менен сабактардын узактыгы 4 жаштагы балдар үчүн 7 мүнөткө чейин, 5-6 жаштагы балдар үчүн 10 мүнөткө чейин кыскартылууга тийиш.
Эскерте кетсек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер