САНАРИПТЕШТИРҮҮ: МКТ КОЛДОНУУ ТЕНДЕНЦИЯСЫ ӨСҮҮДӨ

  • 08.09.2020
  • 0

Улутстатком тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй2019-жылы 21 миңден ашык ишкердик субъектилердин (ишканалар, уюмдар жана мекемелер) ичинен 60 пайыздан ашыгы өздөрүнүн практикалык ишмердигинде маалыматтыккоммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонушту.

Акыркы беш жылдын ичинде мындай субъектилердин саны 11,4 пайызга өстү. Алардын жалпы санындагы эң чоң үлүшү (38 пайызга жакыны) Бишкек шаарына, ал эми эң азы — Талас облусуна (4 пайызга жакыны) туура келди.

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуучу  чарбалык субъекттердин көпчүлүгү (66 пайызы) өз ишмердиктерин шаар жерлеринде жүргүзүшөт.

Көбүрөөк үлүшүн (ушундай субъекттердин жалпы санындагы — 57 пайызга жакыны)  жеке менчик формасы менен болгон ишканалар жана уюмдар түздү.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө түздөн-түз иштеген  ишканалардын жана уюмдардын адистеринин саны 2019-жылы 18 миңден ашык адамды түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу 3,6 пайызга өстү. Мындай жумушчулардын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (республика боюнча алардын жалпы санында 33 пайызы), ал эми эң азы — Нарын облусуна (2 пайызга жакыны) туура келет.

Маалыматтык технологияларды жана эсептөө каражаттарын түздөн-түз өнүктүрүүгө жана колдонууга багытталган ишканалардын жана уюмдардын чыгашаларынын суммасы 2019-жылы жалпы республика боюнча 4 миллиард сомдон ашты, анын ичинен 82 пайызы Бишкек шаарынын үлушүнө туура келди.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар өнүктүрүү боюнча каржылоо иштеринин негизги булагы болуп, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттары саналды, ал эми бул максаттарга 18 пайызга жакыны мамлекеттик бюджеттен бөлүндү.

2019-жылы ишканаларда жана уюмдарда 222 миңден ашык персоналдык компьютерлер болгон болсо, алардын жарымынан көбү Бишкек шаарына туура келет. Муну менен бирге, жеке компьютерлердин эң көп саны (алардын жалпы санынын 63 пайызы) мамлекеттик менчик формасындагы ишканаларга жана уюмдарга таандык болду.

2019-жылы республикада Интернет түйүнө жетүү боюнча 28 миңден ашык түйүндөр болгон, бул 2015-жылдагы ушуга окшош көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге ашты.  Интернет түйүндөрүнүн жарымына жакыны Бишкек шаарында жайгашкан.

КР Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер