«Алтын сертификат» жана «Алтын тамга». Элеттик окуучунун бийик максаты жана ийгиликтери
- 02.08.2024
- 0
“Алтын сертификат” жана «Алтын тамга» ээси, тестти кыргыз тилинде тапшырууда өлкө боюнча 1-орунду алган Самарбек Кыргызстанда калып, “Ала-Тоо” эл аралык университетин тандады.
Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы “Семетей” лицейинин бүтүрүүчүсү Абдиманнанов Самарбек быйылкы ЖРТ боюнча 232 упайга ээ болуп, өлкө ичинде 2-орунга жетишип, тестти кыргыз тилинде тапшырууда 1-орунду алып, “Алтын сертификат” ээси болгон. Ошондой эле, ал лицейди “Алтын тамга” артыкчылык аттестаты менен бүтүрдү. Самарбек өзүн окуткан мугалимдери, тарбиялап өстүргөн ата-энеси жана, алдыдагы максаттары тууралуу “Кут Билим” гезитине маек курду.
-Мен 9-классымда бир жолу сынамык тест тапшырып көргөн элем, анда жакшы упай алгам. Ошол учурда деле мага “Алтын сертификат” алууга жетсе болооруна ишеним жаралган эле. Ушул убакыттан тарта терең билим алууга, тест тапшырууга кызыгуум артып, акырындап даярдык иштерин баштаган элем. Даярдоо китептерин көбүрөөк окуп, грамматикага басым коюп, эрежелерди жаттап, математикалык маселелерди чыгарып, даярдык көрүп жүрдүм. 11-класста тест тапшырууга толугу менен 7 ай даярдандым. “Кыргызстан боюнча алдыңкы орунга жетем” деп өзүмө максат койдум. “Аракет кылсаң, берекет” дегендей, аракетимдин үзүрүн көрүп, мен өлкө боюнча биринчи болбосом да, экинчи орунду ээледим.
Окууда чейректер ортосунда бир жумалык каникулдар болот эмеспи, ошол кездерде “Сапат” билим берүү мекемеси атайын окуу лагерлерин уюштуруп жаткандыктан, аны “Үмүт” тайпасы деп коет экен. Мен ошол кэмптерден окуп, дардык көрдүм. Ошондой эле, лицейде мага билим берген мугалимдеримден тесттин жол-жобосу боюнча сурамжылап, дагы кошумча даярдандым.
- “Алтын сертификатты” өлкө президенти Садыр Нургожоевичтин колунан алдыңыз? Өлкө жетекчиси менен жолугушууда толкундануу болдубу? Кандай таасир калтырды?
— Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тест тапшырууда эң көп упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн Президентибиз Садыр Жапаров “Алтын сертификаттарды” тапшыруу салтанаты жогорку деңгээлде өттү. Президентибиз менен жолукканда абдан толкундадым. ЖРТнын жыйынтыгында “мыкты” деп табылган балдардын ийгилиги, албетте, мектептердин, билим берүү мекемелеринин аракетинин аркасында жаралып жаткан айтып, анын ичинде “Сапат” билим берүү мекемелеринин окуучуларынын ийгиликтерин баса белгилеп, келечекте өлкөбүз үчүн мыкты адистерден болушубузду да эске салып, бийик максаттарга шыктандырып койду. Мен ал жолугушууда жаңы досторду таптым. Президент мага белек кылган ноутбукту апама тартуу кылдым. Себеби, мугалим болгондуктан сабактарына даярдануусу үчүн керек.
-Кыргызстанда калыпсыз, кайсы жогорку окуу жайга тапшырдыңыз? Кайсы кесипке тандадыңыз?
-Чынында, келечегимди ойлоп, бир чечимге келүү кыйын болду. Лицейдеги айрым өзгөчө мугалимдердин жогорку билим деңгээлине жана алардын чыгармачылык менен кылып жаткан мээнеттүү эмгектерине күбө болуп жүрдүм. Мен мыкты мугалимдерден таалим-тарбия, билим жана үлгү алдым. Ошондуктан алгач англис тили мугалими болоюн деп ойлогом. Бирок, учур талабын эске алып, Бишкек шаарындагы Ата Түрк атындагы “Ала-Тоо” эл аралык университетине прикладдык математика жана информатика адистиги боюнча тапшырдым. Окуу жай мени 100 пайыз жеңилдик менен кабыл алды. Ошондуктан Кыргызстанда калып, IT тармагы боюнча билим алууну көздөп, максат койдум.
-Ата-энеңиз, үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз, сиздин билим алууңузга алар кандай колдоо көрсөтүп жүрүшөт?
-Буга чейинки жетишкен ийгиликтеримде деле апам абдан сүйүнүп, өзгөчө кубаныч менен кабыл алып, шыктандырып турчу. Бул жолу мен аларга телефон аркылуу жакшы упай алып, “Алтын сертификатка” ээ болгонумду кабарлап жатканымда, апамдын кубангандан ыйлап жатканын үнүнөн байкап калдым. Алар “ Азаматсың, сени менен сыймыктанабыз,- деп абдан кубанды.
Ата-энемди сүйүнтүп, ушундай жакшы маанай тартуулаганым, мага ыраазы болуп, кубанганы үчүн тесттин жыйнтыгынан да артык. Ата-энем экөө тең мугалим десем болот, апам Канбүбү Жумашева мектепте тарых жана география сабактарынан берсе, атам Каныбек мечитте устат болуп иштейт. Алар экөө тең менин тандаган кесибимди колдоп, кубаттап беришти. Ата-энем мени кичине кезимден эле билим алууга кызыктырып, туура багыт берип, кеп-кеңештерин айтып турушат. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, менден кийинки карындашым Нурайым 9-класска көчтү. Ал мектеп окуучусу болгондуктан мен ага үлгү, өрнөк болуп, жол көрсөтүшүм керек да.
-Өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз, кайсы аймакта чоңойгонсуз?
-Мен Баткен облусунун Сүлүктү шаарына караштуу Кош-Булак айылында 2006-жылы төрөлгөнмүн. Ошол айылда эле чоңоюп, №7 орто мектебинде 4-класска чейин билим алдым. Ал кезде атам-энем менин окууда анчалык деле ийгиликтерге жетпей, билим алуу алууга дилгир болуп жатканымды байкашса керек. Ошентип, мени терең билим, таалим-тарбия алсын дешип, Сүлүктү шаарынан Раззаков шаарындагы жатак гимназияга окууга жөнөтүшкөн. Ал жакта окууда өтө катаал тартип жана талаптары бар эле. Гимназияда 2 жыл окудум. Ушул гиманазияда окуп жүргөндө математикага кызыгуумду Саадатгүл эжейим ойготуп, алгачкы фундаментти түзүп берген эле. Ошол жылдары “Сапат” лицейинин жамааты Лейлек районуна келип кабыл алуу экзамендерин өткөрүшкөн. Анда менин башкы максатым — лицейде окуу эмес, өзүмдүн билимимди сынап көрүү эле. Ага чейин 6-классымда да Кадамжайдагы “Сапат” лицейин көрүп, имараттын чоңдугуна, окуучуларга түзүп берген бардык шартына, камкордугуна абдан суктанган элем. Ал учурда бул жерде окуу мага кыял болуп сезилген. Кабыл алуу сынагында Лейлек району боюнча 2-орунга жетип, окууга 50 пайыз жеңилдетүү менен кабыл алынгам. Ата-энем дагы бул чечимди кубаттаган эле. Ошентип, 7-классымдан баштап, арзандатуу менен лицейден окуп, билим ала баштаган элем.
-Лицейдин окутуу системасынын башка мектептерден өзгөчөлүктөрү жана айырмачылыктары тууралуу айтып берсеңиз?
-Жөнөкөй мектепте түшкө чейин же түштөн кийин окуй тураган болсо, лицейде эртеден кечке чейин күнү бою окуп, билим алуу зарыл. Лицейде сабактар эртең мененки саат 08:00 баштап, ортодо түшкү тамак тыныгуусу менен саат 16:00кө чейин уланат. 18:00дө кечки тамак ичүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андан соң, 19:00дөн 21:00гө чейин үй тапшырмасын аткарууга атайын убакыт бөлүнөт. Окуудан тышкары өзүңдүн интеллектиңди, рухий дүйнөңдү ар тараптуу өнүктүрүү үчүн клубдарга, ийримдерге мүчө болуп, катышсаңыз болот. Ал жакта ар кандай иш-чаралар, конкурстар, мелдештер уюштурулуп турат. Лицейдин дагы бир өзгөчөлүгү — 9-класстан баштап ар бир окуучу өзүнүн тандоосу менен 3 багытка бөлүнүп, билимин тереңдетүүгө шарт түзүлгөн. Алар: Табигый илимдер (химия, биология) багыты, социалдык гуманитардык илимдер тармагы жана физика-математикалык багыт (инженерия, программалоо). Багыт тандоодо окуучулардын шык-жөндөмүнө жараша мугалимдер кеп-кеңештерин берип, акыл-насааттарын айтышат. Буга карата окуучунун тандап алган багытына жараша кээ бир сабактар жеңилдетилип, башка сабактардын убактысы көбөйтүлүп, терең билим алууга жол ачылат.
Мен жаңы лицейге кабыл алынып, окууга барганда, англис тилинен абдан күчтүү класс жетекчибиз Жамалидин Сулайманов агай үлгү, өрнөк болгон. Бул 7-класстагы лицейге келген убак, ар бир окуучу үчүн эң маанилүү, чөйрөгө көнүү учур десем болот экен. Себеби окуучу үчүн ага эмнени окуу керек жана ага кайсы багыт туура келерин класс жетекчи же тарбиячы багыттап, кеп-кеңештерин айтып берет. Бизге ошол Жамалидин агайыбыз абдан жакшы багыт көрсөткөн. Анын шыктандыруусу менен окууга кызыгуубуз артып, бүгүнкү ийгиликтерибиздин башаты болду десем ашыкча болбойт. Алгач лицейге барганда көбүрөөк жеңилдик алган окуучулар бизден дагы күчтүү окуйт деп ойлочумун. Бирок, 100 пайыз арзандатуу менен кабыл алган окуучулар деле убактын өтүшү менен өздөрүн бийик “жылдыздай” сезип, баарын билем дегендей менменсинип жүрүп, тескерисинче, артка кеткендер да болот экен. Ал эми бир аз жеңилдетүү менен окугандар өздөрүнүн аракетти,тырышчаактыгы, мээнеткечтиги менен жакшы окуп, ийгиликтерге жеткендерге күбө болдум.
-Чынында эле лицей өзгөчө чөйрө эмеспи? Башка лицейлер менен дагы атаандаштык күчтүүбү?
-Лицейде башкы максат – окуу, терең билим алуу. Окууга катуу көңүл бурулганы үчүн башка окуучулардан артта калып, төмөндөп кетпей, максат коюп, ар ким аракет кылып окуп калат. Ошондуктан “Сапат” лицейлери Кыргызстан ичинде билим жаатында алдыңкы мекеме катары таанылып жүрөт. Билим берүү мекемеси катары өзүнүн мыкты деңгээлин сактап калуу максатында өзүнүн лицейлеринин арасында жарыштарды, сынактарды көп өткөрүп турушат. Мына ушундай билим жаатында атаандашуунун, сапатка басым жасоонун аркасында лицейдин окуучулары алдыңкы жыйынтыктарды көрсөтүп келишет. “Сапаттын” мугалимдеринин да билим деңгээлдери жогору десем болот. Алар мыкты мугалимдерди конкурстук негизде тандап алышат. Анан дагы кыргыз тилинен берген Гүлсара Байзакова эжейиме, математикадан билим берген Арзыбек Жураев агайыма жана лицейдин жалпы жамаатына, эже-агайларыма, жетекчилерине терең ыраазычылыгымды билдирем.
Лицейден дагы бир өзгөчөлүгү жөнөкөй мектептен айырмаланып, 7-класста физика, биология, химия сабактары окутулбайт. Анткени, алгач балага англис тилин үйрөтүп алуу башкы максат болуп, ушуга басым жасалат экен. Аптасына 12 сабак, күнүнө 2-3 жолу англис тили сабагы кирет. Ошентип, 8-класста физика, химия, биология илимий сабактары англис тилинде дүйнөлүк деңгээлде окутула баштайт. Башка сабактар класстардын багытына жараша окутула берет. Ошондой эле, түрк тилин да үйрөтөт. Мындан сырткары башка дагы чет тилдер ийримдери да бар. Ага каалоочу окуучулар катышса алышат.
-Сиз математика сабагына кызыгып, олимпиадаларга да катышып жүрдүңүзбү?
-Ооба, лицейде математика тайпасында предметтик олимпиадага даярданып, өзүмдү сынап көрөйүн деп жүрдүм. 10-класста окуп жүргөндө райондук олимпиадада 1-орун алып, облустук олимпиадага катышканмын. Андан да облус боюнча биринчи орунга ээ болуп, Республикалык Олимпиадага катышканы келгем. Бирок тилекке каршы, ал жактан байгелүү орунга илинбей калдым. Чынында олимпиадага катышуу да билим деңгээлиңдин жогорулашына түртү болуп, жаңы досторду табууга себепкер болду. Ошондуктан ушул математика, информатика багыттагы кесип тандоомо ушул жагдайлар да түрткү болду окшойт.
—“Алтын тамга” ээси болдуңуз, бул туурасында да айтып берсеңиз?
-Жогоруда айтканымдай, математиканы жакшы окуганым үчүн лицейде физ-мат тайпасында окуганмын. Бизде 10-класстан баштап химия сабагы өтүлгөн эмес эле. Ал эми “Алтын тамгада” химия сабагынан да билимиң сыналат. Аны тапшырууга бир ай калганда химия сабагы боюнча олимпиадаларга катышкан досторум менен химиядан жана тарыхтан бирге даярдык көрдүк. Бул тестте суроолор ушул 4 сабактан эле болот. “Алтын тамгага “ ээ болушум, эң жакшы окуганымдын көрсөткүчү, далили болду. Өзүмө болгон ишенимди жаратты.
-Терең билим алуу үчүн чың ден доолук да зарыл эмеспи. Ошондуктан спорттун кайсы түрү менен машыктыңыз жана кандай хоббилериңиз бар?
-Сиз айткандай ден соолукту чыңдоо үчүн дене тарбия жана спорттун мааниси чоң. Ошондуктан лицейде башында баскетбол командасынын катарында ойноп жүрдүм. Кийин жеңил атлетикага басым жасап, бош убактымда чуркап, ден соолугума көңүл бурдум. Бош убактымда шахмат дагы ойнойм. Тогуз коргоол- акыл оюнунун эрежелерин билип, ага дагы кызыгам. Анан ар кандай кызыктуу подкасттарды укканды жакшы көрөм. Stanford университетинин профессору Andrew Huberman айткан подкасттары мага абдан жагат. Анын айткандары жашоого болгон көз-карашымды өзгөртүп, дүйнө таанымды кеңейтти. Ошондой эле, досторум менен аңгемелешип убакыт кечирген жагат. Негизи бош убактымда өзүмдүн интеллектимди өстүрө турган жана тарыхый китептерди окууну да жактырам. Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын окуп, абдан катуу таасир алдым. Ата-энем дагы керектүү, пайдалуу китептерди сатып алышымды колдоого алып турушат.
— Алдыга койгон кандай максаттарыңыз бар?
-ЖРТ орто деңгээлдеги окуучунун билим деңгээлин текшере турган тест болгону үчүн анын суроолору мага анча деле кыйынчылык туудурган жок. Тестте көпчүлүгү логикалык суроолор болгондуктан окуучулардын аң-сезимин, ойлоо жөндөмдүүлүгүн, чечим кабыл алуудагы чечикиндүүлүгүн калыптандырат. Билим деңгээлин, сапатын жогорулатууга да өбөлгө түзөт. Ошондуктан ЖРТ сынактарын тапшыруучулар үчүн даярдоо жана окутуу боюнча курс ачайын деген долбоор түзүү максатым бар. Ошондой эле орто класстын окуучулары үчүн математика боюнча онлайын окуу курсун ачсам деген тилегим бар. Кийин чет өлкөлөрдөн дагы билим алып, Кыргызстанга, элиме кызмат кылсам деген тилектемин.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер