САЛТТУУ  ОКУТУУНУН АЛГОРИТМИ

  • 19.11.2020
  • 0

Өткөн жуманын соңунда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев республикадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Анда ЖОЖдордогу онлайн окутуудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору, акы төлөө маселелери, билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын толтуруу, билим берүү ишмердигин лицензиялоонун тартиби жөнүндө Убактылуу жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланып, бир топ жетекчилерге жогорку билим берүү системасын өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

САЛТТУУ  ОКУТУУНУН АЛГОРИТМИ

ЖОЖДОР САЛТТЫК ОКУУГА АЗЫРЫНЧА ӨТПӨЙТ

Ириде жогорку окуу жайларын реалдуу режимге өткөрүү маселеси каралды. Министрлик тарабынан атайын Консультациялык кеңеш түзүлгөн. Ал эпидемиологиялык абалды эске алуу менен үч сценарийден турган алгоритм иштеп чыккан. Биринчи сценарийге ылайык, студенттер толугу менен дистанттык форматта окуйт. Экинчи сценарий боюнча, дистанттык технологиялар менен салттуу окутуу айкалышат. Министрлик конкреттүү региондогу эпидкырдаалга жараша, санитардык нормаларды сөзсүз түрдө сактоо шарты менен айрым сабактарды саллтык форматта окутууга уруксат берүүнү сунуш кылган. Үчүнчү сценарий — толугу менен салттык форматта окутуу, эпидемиологиялык абал турукташканда ишке ашышы мүмкүн. Андайда окуу жайга кире бериштер дене табын өлчөгүчтөр менен жабдылып, аудиториялар күн сайын санитардык тазалоодон өтүп, студенттердин жана окутуучулардын өздүк гигиенасын көзөмөлдөөгө шарттар түзүлүшү керек.

Айрым ЖОЖ жетекчилери реалдуу окууну  кышкы сессиядан кийин баштоо сунушун айтышса, айрымдары азыртадан эле баштап, бирок керектүү предметтерди гана оффлайн окутуу жолун сунушташты. Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова   медициналык адистиктерди даярдаган окуу жайларга жок дегенде  4-5-6-курстарды реалдуу режимде окутууга уруксат берүүнү өтүнүп,  анын бир катар себептерине токтолду.

  • Биздин жогорку курстар ансыз деле оорунун очогунда иштеп жатышат. Алар сактануунун жолун билишет. Атайын аудиторияларды дагы даярдап койдук. Бул курстарды реалдуу режимде окутпасак сапатка таасири тийип жатат. Практикалык сабактар өзгөчө керек. Алар бүт баарын өз көздөрү менен көрүп, колдору менен жасабаса, сапат тууралуу кеп кылбай эле койсок болот, — деди Индира Кудайбергенова.

МинистрАлмазбек Бейшеналиев окуу жайларга гибриддик окутууну киргизүүнү сунуштап, кайсы сабактарды онлайн окута берсе болорун, кайсы сабактарды оффлайнга өткөрүү керектигин аныктап, таразалап чыгуу үчүн атайын жумушту топ түзүү тапшырмасын берди. Бул топ бир жуманын ичинде жождорду ачуунун алгоритмин иштеп чыгып, министрликке сунушташы керек.

САЛТТУУ  ОКУТУУНУН АЛГОРИТМИ

КОНКРЕТТҮҮ БАГЫТТАР, КОНКРЕТТҮҮ ТАПШЫРМАЛАР

Билим берүү тармагын жакшыртуу максатында министрлик тарабынан иштелип чыккан долбоорлор өлкөнүн жогорку окуу жайларына координациялоо үчүн тапшырылды. Башкача айтканда, 14 алдыңкы жогорку окуу жайына 14 конкреттүү тапшырма берилди. Алар бир айдын ичинде берилген багыттар боюнча өнүгүү багыттарын аныктап, министрликке тийиштүү сунуштарын бериши керек.

  • “Жогорку билимди санариптештирүү” боюнча — Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
  • “Келечектин мугалимдерин” даярдоо боюнча — Кыргыз мамлекеттик университети;
  • “Заманбап окуу китептерин” түзүү боюнча — Кыргыз улуттук университети;
  • “Сапаттуу билим” боюнча — Борбор Азиядагы Америка университети;
  • “Билим жана коом”. Мыйзам базасын инвентаризациялоо боюнча —  Ош мамлекеттик университети;
  • “Илимий өсүш” боюнча — Кыргыз мамлекеттик агрардык университети;
  • “Технология жана билимдин мазмуну” боюнча — Борбордук Азия университети;
  • “Эл аралык академиялык, студенттик мобилдүүлүктү камсыздоо” боюнча -Мамлекеттик башкаруу академиясы;
  • Өлкөнүн “PISA — 2025” даярдануусу боюнча — Ала-Тоо университети (Кыргыз билим берүү академиясы жардам берет);
  • “ЖОЖдордун рейтингин” түзүү боюнча — Бишкек мамлекеттик университети;
  • “Окуу-методикалык уюмдарды кайра карап чыгуу” боюнча — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети;
  • “Эмгек рыногун анализдеп чыгуу жана адистиктерге мониторинг жүргүзүү” боюнча — Кыргыз экономикалык университети менен Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы координатор болуп дайындалды.

 

ЖОЖДОРДО ИЗИЛДӨӨ ЖАНА ӨНҮГҮҮ БОЮНЧА ПРОРЕКТОРЛОР ИШТЕП БАШТАЙТ

Алмазбек Бейшеналиев жогорку окуу жайларында изилдөө жана өнүгүү боюнча проректорлук кызмат ордун түзүү сунушун дагы киргизди.

  • Бардык өнүккөн өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларында өнүгүү саясатын жүргүзгөн, илимий долбоорлорду тарткан жана алар менен иштешкен   проректорлору бар. Азыр бизге дагы ийкемдүү, бүгүнкү күндүн шартын түшүнгөн, санариптештирүүнү өздөштүрө алган, долбоорлор менен иштеше алган проректорлор керек. Алар жогорку билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар боюнча министрлик менен активдүү иштешиши керек, — дейт министр.

 

ЖОЖДОРДО PhD ПРОГРАММАСЫ АЧЫЛАТ

Кыргызстандын ЖОЖдорунда 2021-окуу жылынан баштап  PhD программасы киргизилип баштайт. Министр университеттерге PhD программасын ачуу үчүн даярдыкты эмитеден баштай берүүсүн айтып, бирок багыттар козу карындай окшош болбош керектигин эскертти. Бул боюнча лицензия бөлүмүнө дагы катуу талап коюлат. Ар бир окуу жай өзүнүн профили боюнча гана сунуш бериши керек. Мисалы, чыгыш таануу боюнча БМУ, педагогика боюнча КМУ, айыл чарба боюнча Агрардык университети, кыскасы, ар бир окуу жай кайсы тармактарда күчтүү болсо жана коюлган талаптарды аткара алса PhD ачканга даярдана берсе болот. Тийиштүү талаптарды министрлик иштеп чыгат. ЖОЖдор программаны ачып жатканда англис тилине басым жасоону унутпашы керек, себеби чет тили маанилүү ролду ойнойт.

 

ЖАҢЫ АДИСТИКТЕР АЧЫЛЫП, ЭСКИЛЕРИ  ОПТИМАЛДАШТЫРЫЛАТ

Алмазбек Бейшеналиев келээрки окуу жылынан баштап дисциплиналар аралык жаңы бөлүмдөрдү ачууну зарылдыгын айтып, ЖОЖ жетекчилерине бир катар көрсөтмөлөрдү берди.  Министрдин айтымында, азыр көп окуу жайларда эмгек рыногу талап кылбай калган, студенттерди толтура албай жаткан бөлүмдөр же адистиктер бар. Аларды замандын талабына жараша оптималдаштырып же жоюп, ордуна жаңы багыттагы кесиптерди ачуу керек. Башка чет мамлекеттердегидей эки же үч  дисциплинанын тогошкон жеринен бөлүмдөрдү ачууга дагы болот.

  • Мен Германиядан билим алгам. Ал жакта бир студент эки же үч бөлүмдү бир бүтүрөт. Мисалы, мен эки бөлүмдү бир бүтүргөм. Биринчиси, педагогика, экинчиси, англис тили. Башкача айтканда, бир эле дипломду эки адистик боюнча беришет. Муну эмне үчүн бизде практикаласа болбойт? Эмне үчүн математика мугалими физиканы кошо өздөштүрүп кетсе болбойт, ошол эле химия менен бирге биологияны да окутса болбойт? Эмнеге биз бир мугалимге эки багытты бир камтыган диплом берсек болбойт? Азыр айылдарда химик мугалимдер көп, биолог жок, же математиктер бар, физиктер жок болуп калган учурлар көп. Ошондуктан ушул боюнча дагы ойлонуп, тийиштүү кадамдарды баштай беришибиз керек, — дейт министр.

 

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ЭКСПОРТТОО КҮЧӨТҮЛӨТ

Министр билим берүүнү экспорттоо экономиканын, туризмдин бир класстери болушу керектигин баса белгилеп, жетекчилерге бул жагын дагы колго алуу тапшырмасын берди. Себеби  чет мамлекеттик студенттер менен бирге мамлекетке миллиондогон акча кошо келет.

  • 30 000 студенттен жылына мамлекетке 250, 300 млн. доллар калат экен. Эмнеге биз азыр 41 миң студенттин санын  70 миңге көтөрө албайбыз. Келгиле, эки, үч жылдын ичинде көтөрөлүк. Бул биздин колдон келет. Болгону өзүңөрдүн базаңарды, кадрларды, аудиториялардын сапатын жакшырткыла. Тилекке каршы, буга чейин биздин медициналык окуу жайлар Пакистандын кара тизмесине кирип калыптыр. Бул боюнча маселе чечилип жатат. Алар жалпы Кыргызстан деген атты коюп койгон, бул мамлекеттин жалпы имиджине зыян алып келүүдө. Ошондуктан сапатты көтөрүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Пакистандын элчиси сапатка кепилдик берсеңер, студенттердин санын 15 000 чыгаралык деп жатат. Ушундай эле сунуш башка өлкөлөрдөн дагы түшүүдө. Биз окуу жайлардын лицензиядагы квотасын көтөрүп беребиз, бирок силер дагы талапка жооп бергидей кызмат көрсөтүшүңөр керек. Буйрутма түшүп жаткандан кийин, эмнеге акча таппашыбыз керек. Мен бул жагынан  ачык саясат жүргүзөм, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер