Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын чет элдик студенттери менен жолукту

  • 21.05.2024
  • 0

Бул жолугушууда министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын чет элдик студенттери менен жолукту

Алымкадыр Бейшеналиев студенттерди кырдаал көзөмөлдө экениндигин айтып, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жоктугун билдирди. Ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде чет элдик студенттер министрге жолугушууну өткөрүп, алардын коопсуздугу жана ден соолугуна кепилдик бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер