САДЫР ЖАПАРОВ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА БАРДЫ
- 19.12.2024
- 0
Президент Садыр Жапаров 19-декабрда оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясында барып, окумуштуулар менен жолукту.
Ал өз сөзүндө, өлкөнүн башкы илимий мекемеси Кыргызстандын экономикасы, өнөр жайы, айыл чарбасы үчүн олуттуу салым кошпой жатканын айтып, окумуштууларды мамлекет үчүн илимий сунуштарды, натыйжалуу долбоорлорду берүүгө чакырды.
Айта кетсек, учурда академияга караштуу 20 илимий мекемеде 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкерлер болуп саналат. Академия улуттук деген макамга ээ. Кыргыз коомчулугунда академияны реформалоо зарыл деген пикирлер көптөн бери айтылып жүрөт.
Быйыл Улуттук илимдер академиясынын имаратын оңдоого бюджеттен 500 миллион сом бөлүнгөн.
Бөлүшүү
Комментарийлер