САДЫР ЖАПАРОВ: “ӨЛКӨБҮЗДҮН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ СИЗДЕР АРКЫЛУУ ГАНА ЖЕТЕБИЗ”

  • 05.10.2024
  • 0

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мугалимдерди жана билим тармагындагы кызматкерлерди Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоосунда президент “Алтын казык” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка которуу боюнча бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынган. Ал чечимдердин аткарылышына мугалимдердин колдоосу абдан маанилүү деп белгиледи.

«Азыркы тапта табигый жана так илимдерге басым жасоо аракетиндебиз. Бул багытта физика, химия, биология, табият таануу жана англис тили боюнча чет элдик алдынкы окуу китептери менен окуу-методикалык комплекстерин которуп, өзүбүзгө ыңгайлаштырууга кадам таштадык. Ошону менен катар педагогикалык факультеттерде мугалим даярдоо программаларын, форматтарын кайрадан карап, кесипкөй мугалимдерди даярдоого көзөмөлдү күчөтүшүбүз зарыл болуп турат”, – деди С.Жапаров.

Ошондой эле “жаңы окуу программалары, жаңы усулдар, жаңы окуу китептери болобу — баары практик мугалимдердин катышуусундагы эксперттик топтор, илимпоздор тарабынан иштелип чыгат.

Булардын бардыгын билим берүү тармагында жасалган ыраатсыз бир иш-аракеттер эмес, системалуу өнүгүү стратегиясынын негизги бөлүгү катары кабыл алышыбыз зарыл.

Биз бардык ийгиликтердин башында билим менен илим турат деп так жана кесе айтышыбыз керек. Ансыз Кыргызстандын бакубат келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Айтайын дегеним, өлкөбүздүн жаркын келечегине сиздер аркылуу гана жетебиз!

Берекесин төгүп, мол түшүмүн берип жаткан алтын күз сымал, мөмөлүү даракка айланган мугалимдер, сиздер дагы өлкөбүз үчүн өз жемишиңиздерди арнай бериңиздер. Сиздер менен бирге Кыргызстандын билим берүү системасын жаңы бийиктиктерге алып чыга берели!” – деп, мугалимдерге чың ден соолук, түгөнгүс күч-кубат, чыгармачыл эргүү каалады.

Бөлүшүү

Комментарийлер