САДЫР ЖАПАРОВ: “2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫН ТОЛУК ЖОЁБУЗ”

  • 13.04.2026
  • 0

Президент Садыр Жапаров Ош облусу боюнча жасаган иш сапарынын жүрүшүндө өлкөдөгү билим берүү системасынын эң оор маселелеринин бири болгон мектеп жана бала бакча тартыштыгы жакынкы 4-5 жылда жоюларын билдирди.

САДЫР ЖАПАРОВ: “2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫН ТОЛУК ЖОЁБУЗ”

Мамлекет башчысынын билдирүүлөрү бир эле аймактын көйгөйүн эмес, Кыргызстандагы урбанизациянын күчөшү, ички миграция, демографиялык өсүш жана социалдык инфраструктуранын жетишсиздиги сыяктуу көптөн бери топтолгон маселелерди кайрадан күн тартибине алып чыкты.

“2030-жылга чейин өлкөдөгү мектеп тартыштыгын толук жоёбуз. Бир класста 40-50дөн окуучу отурган көрүнүш болбойт”, — деди президент. Бул саясий жактан чоң милдеттенме болуп эсептелет.

Ош шаарындагы 70 мамлекеттик мектеп 46 миң окуучуга ылайыкталганы менен, учурда аларда 100 миңден ашуун бала билим алып жатат. Бул сан ар бир орунга экиден ашык окуучу туура келип жатканын билдирет.

Мындай шартта билим сапатынын төмөндөшү табигый көрүнүш. Бир класста 40–50 бала отурганда мугалим ар бир окуучуга жетиштүү көңүл бура албайт. Сабактагы тартип, окуучулардын өздөштүрүүсү, жеке иш алып баруу мүмкүнчүлүгү чектелет. Эл аралык билим берүү стандарттары боюнча бир класста 20–30 окуучудан ашпаган шарт эң ылайыктуу деп эсептелет. Кыргызстандагы айрым шаарларда, өзгөчө Ош сыяктуу калкы тездик менен көбөйгөн борборлордо бул көрсөткүч эки эсе ашып кетүүдө.

Президент мектептердеги нөөмөттүк окутуу маселесине да өзгөчө токтолду:

“16 мектеп үч нөөмөт менен, 51 мектеп эки нөөмөт менен окуп жатат. Бул нормалдуу көрүнүш эмес”, — деген пикири менен мамлекет башчысы азыркы абалды ачык сындады.

Үч нөөмөттүү окуу дүйнөлүк практикада өзгөчө кырдаалдагы чара катары гана каралат. Мындай учурда балдардын бир бөлүгү эртең менен, экинчиси түштө, үчүнчүсү кечинде окуйт. Бул окуучунун ден соолугуна, уйку режимине, коопсуздугуна жана үй-бүлөлүк жашоосуна түздөн-түз таасир этет. Айрыкча кыш мезгилинде кечки сменде окуган балдардын коопсуздугу өзүнчө көйгөй. Демек, Президент көтөргөн маселе жөн гана имарат тартыштыгы эмес, бул балдардын укугу жана билим сапаты маселеси болуп саналат.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн Садыр Жапаров Ош шаарында бир убакта 10 мектептин курулушуна капсула салды. Анын айтымында, бул долбоорлор Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланат. Мындан тышкары, бюджеттик каражат менен салынып жаткан дагы беш мектеп бар. Жалпысынан 15 мектеп пайдаланууга берилсе, орун тартыштыгы 20–22 пайызга чейин азаяры айтылды.

САДЫР ЖАПАРОВ: “2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫН ТОЛУК ЖОЁБУЗ”

Бул жерде эки маанилүү жагдай көрүнүп турат. Биринчиси — мамлекет капиталдык курулуштарды тездетүүгө өткөнү. Экинчиси — көйгөй өтө чоң болгондуктан, 15 мектептин өзү дагы маселени толук чечпейт. Эгер 100 миңден ашуун бала окуп жатса, ал эми орун 46 миңге гана эсептелсе, демек азыркы жетишпестик ондогон миң орун менен өлчөнөт. Ошондуктан 20–22 пайыздык кыскаруу — бул башталышы гана. Реалдуу чечим үчүн узак мөөнөттүү шаар куруу саясаты, жаңы конуштардагы мектептерди алдын ала пландоо жана калктын өсүшүн эске алган инфраструктура зарыл.

Мектеп тартыштыгын жоюу үчүн өлкө боюнча жүздөгөн жаңы мектептер керек. Анткени көйгөй бир гана Ош шаарында эмес, Бишкек, Чүй облусу жана башка калкы көбөйгөн аймактарда да бар. Ошондуктан 2030-жылга чейинки программа бир гана курулуш эмес, мугалим даярдоо, окуу жабдуулары, санариптештирүү жана билим берүүнүн жаңы моделин камтышы керек.

Иш сапарынын жүрүшүндө Садыр Жапаров бала бакча маселесине да токтолду. Ал мамлекет азыр бардык муктаждыкты тез арада жапканга жетишпей жатканын моюнга алып, жеке секторду тартуу зарылдыгын белгиледи. Бул өтө маанилүү билдирүү. Анткени мектептеги көйгөй көбүнчө мектепке чейинки билим берүү тармагында башталат. Бала бакчага барбаган балдардын мектепке даярдыгы ар түрдүү болот, ал эми ата-энелердин эмгек рыногуна катышуусу да чектелет.

Араван районунун тургундары менен жолугушууда мамлекет башчысы жеке мектеп же бала бакча курууну каалаган ишкерлерге бирден эки гектарга чейин жер акысыз берилерин жарыялады.

“Ким мектеп же бала бакча курса, жерди акысыз беребиз”, — деген билдирүүсү мамлекеттин социалдык маселелерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу чечүүгө өткөнүн көрсөтөт.

Бул демилгенин артыкчылыгы — бюджетке түшкөн басымды азайтуу жана жеке инвестицияны социалдык тармакка буруу. Бирок бул жерде көзөмөл механизми абдан маанилүү. Эгер жер бөлүнүп берилип, кийин ал башка максатта пайдаланылса, демилге натыйжасыз болуп калат. Ошондуктан ачык конкурс, курулуш мөөнөтү, лицензиялык талаптар жана сапат стандарттары так болушу шарт.

Президенттин Ош облусундагы билдирүүлөрүнөн дагы бир маанилүү саясий  ишарат ачык байкалат: бийлик эл көп күткөн социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бура баштады. Жол, суу, мектеп, бала бакча — жарандардын турмуш сапатына түздөн-түз таасир эте турган маселелер. Калк үчүн геосаясий билдирүүлөргө караганда, баласы кайсы мектепте окуйт же бала бакча табылабы деген суроо алда канча маанилүү эмеспи.

САДЫР ЖАПАРОВ: “2030-ЖЫЛГА ЧЕЙИН МЕКТЕП ТАРТЫШТЫГЫН ТОЛУК ЖОЁБУЗ”

Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаров Ош облусундагы иш сапарында билим берүү тармагындагы көйгөйлөргө биринчи кезекте көңүл буруп, аларды чечүүнүн үч негизги багытын сунуштады: жаңы мектептерди массалык куруу, мектеп тартыштыгын 2030-жылга чейин жоюу жана жеке секторду мектеп менен бала бакча курууга тартуу. Бул демилгелер толук жана сапаттуу ишке ашса, Кыргызстандагы билим берүү системасы үчүн жаңы этап башталышы мүмкүн. Бирок натыйжа сөздө эмес, курулган мектептердин санында, бала бакчалардын жеткиликтүүлүгүндө жана класстагы окуучулардын реалдуу азайышында көрүнөт.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер