САБАКТЫ КАНТИП ИЗИЛДЕЙБИЗ?

  • 30.11.2020
  • 0

Жакында Казакстандын ордо калаасы Нур-Султан шаарында жайгашкан Назарбаев интеллектуалдык мектептери ААКтын Педагогикалык чеберчилик борборунун улук менеджери Толкын АЙДОСОВА кыргызстандык мугалимдер үчүн атайын интерактивдүү вебинар өткөрдү. 

САБАКТЫ КАНТИП ИЗИЛДЕЙБИЗ?

Сабакты изилдөө  (Lesson Study) – Японияда иштелип чыгып, Азия, Европа, Түндүк Америка, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүндө жайылтылган биргелешип ой жүгүртүү усулу. Педагогикадагы бул жаӊы усул мугалимдердин өз ишин жакшыртуу демилгесин колго алышына мүмкүндүк берет. Сабактын планын биргелешип түзүү, анын жүрүшүнө көз салуу жана ой жүгүртүп талкуулоо – мунун орчундуу белгилери. Ишти чогуу пландаганда мектеп мугалимдери менен жетекчилери анын натыйжасына текши жооптуу болот да, кесиптик пикир алмашып турууга кеӊири жол ачылат. Сабакты изилдөө окуучулардын окуу материалын жакшы өздөштүрүшүнө өбөлгө түзөт.

Казакстанда бул усул 2012-жылы педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарында окутула баштагандан бери жайылтылып келет. Бул курсту Назарбаев интеллектуалдык мектептери ААКтын Педагогикалык чеберчилик борбору Кембридж университети менен биргеликте иштеп чыккан эле. Бул вебинарда Толкын Айдосова катышуучуларга ушул усулдун негизги принциптери менен артыкчылыктарын тааныштырат.

Спикер: Айдосова Толкын Кайырбековна, Назарбаев интеллектуалдык мектептери ААКтын Педагогикалык чеберчилик борборунун улук менеджери (Казакстан, Нур-Султан ш.).

Толкын Айдосова – деӊгээлдик/модерн программалар боюнча педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курстарынын сертификаттуу машыктыруучусу. Ал Казакстан Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилери менен мугалимдери жана Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин окутуучулары үчүн, ошондой эле мектеп деректирлери менен окуу-тарбия, илимий-усулдук иштер боюнча орун басарлары үчүн семинарларды жана курстарды өткөрүп келет.

Толкын Айдосова окутуунун активдүү усулдары боюнча онлайн курстарынын, информатика боюнча каникулярдык онлайн мектептин, “Кадр резервинин мектеби” долбоору боюнча курстардын контентин иштеп чыккан. Ал сабактарды пландоо, аралыктан окутууну уюштуруу, иштиктүү изилдөө, сабакты изилдөө боюнча илимий макалаларды жазып, усулдук иштелмелерди жана видео лекцияларды даярдаган. Толкын педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча эл аралык (Россия Федерациясы, Түркмөнстанда өтүүчү) долбоорлорго дайыма катышат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер