САБАКТЫ ИЗИЛДЕП, ӨРКҮНДӨТӨ АЛАБЫЗ
- 07.09.2023
- 0
(Lesson Study: окутуу жана билим берүү процессин өнүктүрүү жана жакшыртуунун заманбап технологиясы жөнүндө)
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мугалимдеринин ишин жакшыртуу үчүн заманбап илимий технологияларды колдонуу зарылдыгы барган сайын көбүрөөк сезилүүдө. Изилдөө мугалимдердин өзүнүн педагогикалык ишмердигине карата рефлексивдүү ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, бул XXI кылымдагы мугалимдин негизги көндүмү болуп саналат. Дүйнөдө билим берүү системасы уламдан улам жакшырып, окуучулардын билим жарышы мамлекеттерди кеңири кучагына тартып жатат. Дүйнөлүк деңгээлдеги TIMMS, PISA га окшогон окуучулардын ой жүгүртүү чабытын текшерген, билим берүүгө мамлекеттердин көӊүлүн бурдурган иш-аракеттер ыкчамдоодо. Кудай буюрса, Кыргызстан 2026-окуу жылында эл аралык абройлуу PISA жарышына түшкөнү турат. Албетте, даярдыктар эмитен башталса, жемишин мелдештин жыйынтыгынан күтөбүз. Мугалимдерибиз канчалык деңгээлде даяр, окуучулардын окууга болгон жөндөмүн изилдей алабы деген ойлор баарыбызды тынчсыздандырышы керек.
“PISA”да кантип алдыңкы орундарды Япония, Сингапур ж.б. өлкөлөр камсыз кылууда?” деген суроолорго жооп издейли. 2018-жылы Казакстандын Астана шаарында “Назарбаев интеллектуалдык мектеби” дүйнөлүк педагогдордун IX семинарын өткөрүштү. Менин бактыма дүйнөлүк педагогиканын дөө-шааларынын лекцияларын угуп, Казакстандын мыкты педагогдорунун мастер класстарына катышуу насип болгон экен. Семинарда менин кызыкканым дүйнөлүк мелдеште окуучулары жетишип жаткан өлкөлөрдүн мугалимдеринин педагогикалык чеберчиликтеринин сыры эмнеде экендигин билүү эле. Назарбаев интеллектуалдык мектеби чоң залда өздөрүнүн жетишкендиктерин жар салган көрсөтмөлөрдү уюштурушуптур. Менин көзүм Lesson Study методологиясына бурулду. Аны Назарбаев университетинин педагогдору презентация жасап жатыптыр, эң сонун методология мугалимдердин биргелешип кесиптик өнүгүшү жана сабакты изилдөөнүн мыкты жолу экен.
Назарбаев университетинин профессору Шаматов Дүйшөн агай бул долбоорду алууну сунуштап, эгер Кыргызстанга жайылта турган болсок, мыкты көрсөткүчкө жетишерибизди далилдер менен айтып берди. Ал өзүнүн аймактарда өткөрүп жүргөн семинарынын башкы темаларынын бири Lesson Study (сабакты изилдөө) экенин айтты. Ошентип бул долбоордун китептерин Назарбаев интеллектуалдык мектебинен сатып алып, бир эки жыл жакшылап изилдеп чыкканга туура келди. 2023-2024-окуу жылында Lesson Study технологиясын Эл аралык САПАТ Билим берүү мекемесинин лицейлеринин педагогдоруна үйрөтө баштадык. Быйылкы август конференциясындагы башкы темабыз да ушул болду. Мугалимдерибиз Lesson Study (“сабакты изилдөө”) боюнча маалымат алышып, топтордо талкуу жүргүзүп, ишке ашыруунун жолдорун көрсөткөн нускамаларга ээ болушту.
Lesson Study деген эмне жана анын кандай артыкчылыгы бар?
Lesson Study (“сабакты изилдөө”) — окутуу практикасы жаатындагы билимди өркүндөтүүгө багытталган, сабактагы иш-аракеттерди изилдөөнүн өзгөчө формасы бар педагогикалык технология. Бул педагогикалык усул Японияда XIX кылымдын 1970-жылдары негизделген. Ошондон бери Lesson study методологиясы бардык жапон мектептеринде мугалимдерди өнүктүрүүнүн негизги платформасы болуп эсептелет.
Lesson Study методологиясында мугалимдер сабакты пландаштыруу, пландалган сабактын жүрүшүн байкоо, окутуу жана билим алууну изилдөө, өздөрүнүн жыйынтыктарын документтештирүү иш-аракеттерин биргелешип жүзөгө ашырышат.
Lesson Study циклинин жүрүшүндө мугалимдер педагогикалык ыкмаларына жаңылык киргизип же өркүндөтө алышат, андан кийин ачык сабакта Lesson Study методологиясын өткөрүү, же алардын ишин мүнөздөгөн документти басып чыгаруу аркылуу кесиптештери менен бөлүшөт.
Америкалык изилдөөчүлөр жапон мугалимдеринин жалпы педагогика тармагында да, окутулуп жаткан предмет боюнча да терең билимге ээ болгондугу ырасталгандан кийин Батышта Lesson Study жаӊы кылымда гана таанымал болду. Предметтик тармактар боюнча билимдерди тереңдетүү америкалыктарга салыштырмалуу япон окуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктеринин жогору болушуна алып келди (Stigier and Hiebert, 1999; TIMMS., 1999).
Төмөнкү таблицада TIMMS (Эл аралык математика жана табигый билим берүүнүн сапатын изилдөө) жүргүзгөн – улуттук билим берүү тутумдарында математика жана табигый билимдердин өнүгүүсүнүн сапатын жана тенденцияларын мезгилдүү мониторингдөөчү изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүлгөн.
Lesson Study методологиясы колдонулуп келген Сингапур, Кытай, Гонконг жана Японияда окуучуларды баалоодогу жана катышуучулардын рейтингдеги көрсөткүчтөрү алдыңкы катарда туруктуу болуп келгенин көрсөтүүдө.
Өлкөлөр Катышуучулардын упайы Катышуучулардын рейтинги
1999 2003 2007 2011 1999 2003 2007 2011
Япония 579 570 570 570 5 5 5 5
Түштүк Корея 587 589 597 613 2 2 2 1
Кытай 585 585 598 609 3 4 1 3
Сингапур 604 605 593 611 1 1 3 2
Гонконг 582 586 572 586 4 3 4 4
Малазия 519 508 474 440 16 10 20 26
Эл аралык орточо 487 466 500 467 — — — —
Учурда Lesson Study (сабакты изилдөө) Чыгыш Азияда Япониядан тышкары Сингапур, Гонконг жана Кытайда колдонулат. Бул педагогикалык усул Батыш өлкөлөрүндө, анын ичинен АКШ, Улуу Британия, Швецияда жана Канадада кеңири колдонулуп жатат. Борбордук Азия аймагында Казакстан биринчилерден болуп колдонууга өттү. Назарбаев университети жана Назарбаев интеллектуалдык мектебинин мугалимдери Япониядан Lesson Study методологиясын үйрөнүп келишип, азыр иштиктүү түрдө мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатууда пайдаланып жатышат.
Дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүндө Lesson Study (сабакты изилдөө) башталгыч жана орто мектептерде окутуунун ыкмаларын жакшыртуу, окуучулардын негизги предметтер боюнча билимин өркүндөтүү, ошондой эле окууну баалоо сыяктуу концептуалдык педагогикалык мамилелерди иштеп чыгуу үчүн ийгиликтүү колдонулуп келет.
Lesson Study методологиясы менен окутуунун салттуу усулунун айырмачылыгын карап көрөлү:
Lesson Study (сабакты изилдөө) усулу | Окутуунун салттуу усулу |
Мугалимдер биргелешип иштешет
Ар бир окуучу муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окутулат
Класста биринчи кезекте окуучуларга көңүл бурулат
Маалымат ырааттуу берилет
Үч топтогу окуучулардын жетишүүсү изилденет
Сабак биргелешип пландаштырылат, топтун биргелешкен менчиги болуп саналат
Сабактын өтүлүшү боюнча окуучулардан маалымат чогултулат
Сабакты анализи суроо-жооп түрүндө жүргүзүлөт | Мугалим өз алдынча иштейт
Балдардын баарына бирдей сабак берилет
Класста биринчи кезекте мугалимге көңүл бурулат
Маалыматтын ырааттуулугу жок
Окуучулардын жетишүүсү талдоого алынбайт
Сабак өз алдынча пландаштырылган, мугалимдин менчиги болуп саналат
Мугалим жөнүндө маалымат сабактан кийин чогултулат
Сабактын анализи билдирүү катары берилет
|
Жогорудагы салыштыруу көрсөткөндөй, Lesson Study технологиясы өтө баалуу. Бизде мугалимдер ар бири сабактын планын өздөрү даярдашат. Сабакка изилдөө эмес сабакка анализ жүргүзүлөт. Анализде мугалимдин иш-аракети көзөмөлдөнүп, сындалат же макталат. Ачык сабак өтүүдө мугалимдер стресс абалында болот, сабакка анализдөө учурунда кээ бир мугалимдер өздөрүн жоготуп да коюшат. Lesson Study технологиясынын баалуулугу – биргелешип пландаштыруу, биргелешип байкоо, биргелешип тыянак чыгаруу, биргелешип окуучунун өнүгүүсүн байкоо жана жакшыртууга басым жасалганы. Бул мугалимдердин башын бириктирип, алардын ийгиликке жетүүсүн шарттайт.
Lesson Study технологиясынын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Бул мугалимди башкарып, аны сындоо ыкмасы эмес. Адатта мугалимдер сындан коркушат, бирок бул жерде көңүл окуучулардын ишине бурулат. Мугалимдер ачык сабак өткөргөнгө караганда азыраак стресс болушат.
- Конкреттүү бир маселе чечилет (мисалы, “начар” окуучуларды кантип сүрөп, колдоо керек, топтук ишти кантип жүргүзүү керек ж.б.у.с.), мектеп, параллел класс үчүн эң орчундуу болгон маселе аныкталат.
- Мугалимдер сабакты чогуу пландаштырышат жана ар кайсы деӊгээлдеги окуучулар жете алгыдай, деӊгээли өлчөнө турган максаттарды коюшат. Үч типтеги окуучулар байкоого алынат: «алдыңкы», «орто», «артта калган».
- Биргелешкен иште мугалимдер бири-биринин “адамдык капиталын” өздөштүрүүгө (тажрыйбасын, усулдарын үйрөнүүгө) мүмкүнчүлүк алышат.
- Мугалимдер командалык иштерге, биргелешкен долбоордук ишмердикке катышат. Ошентип, алар XXI кылымдын көндүмдөрүн өздөштүрүп, практика жүзүндө колдонушат.
- Көңүл айрым окуучулардын иш-аракеттерине бурулгандыктан, сабактарда билим берүүнүн негизги тенденцияларынын бири – окууну жекелештирүү ишке ашырылат.
- Долбоордун жыйынтыктарын окутуучулар натыйжалуу презентациялап, кесиптештерине абдан баалуу кеӊештерди бере алышат.
Мугалимдердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү үчүн Lesson Study технологиясын колдонуу төмөнкүлөргө өбөлгө түзөт:
- реалдуу окуу процессинин жүрүшүндө окутуучулардын заманбап окутуу ыкмаларын жана технологияларын өздөштүрүүсү;
- мугалимдердин командада иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
- мугалимдердин окутуунун натыйжаларын болжолдоо жана диагностикалоо жөндөмдүүлүгүн өнүгүүсү.
Lesson Study технологиясын колдонуунун артыкчылыктары
Мугалимдердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү үчүн Lesson Study технологиясын колдонуунун натыйжалуулугу анын төмөнкү артыкчылыктары менен шартталган:
- мугалимде окуу процессиндеги кылдат кубулуштарды демейдегиге караганда ачык-айкын көрүү, байкоо мүмкүнчүлүгү бар;
- мугалим сабак учурунда эмне болушун көздөгөнү менен реалдуулукта эмне болуп жатканын айырмалай алат;
- мугалим акырында окуучулардын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча толук канааттандыруу үчүн окутууну кантип пландаштыруу керектигин түшүнө алат;
- мугалим кесиптеш жамааты менен тыгыз байланышта иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ, анын артыкчылыгы окуучуларга билим алууга жана топтун мүчөлөрүнүн кесиптик өсүшүнө жардам берүү болуп саналат.
Lesson study (Сабакты изилдөөнүн) уникалдуулугу
- Мугалимдер сабактарды окуучулардын кантип үйрөнүп жатканы жөнүндөгү идеялардын негизинде пландаштырышат
- Сабактын жүрүшүндө байкоо окуучуга багытталган
- Сабактан кийин мугалимдин эмес, окуучунун ишине байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы талданат
- Рефлексияда окуучулардын окуу процессине кандайча катышкандыгы тууралуу маалымат колдонулат.
Lesson study технологиясы боюнча дүйнөлүк окумуштуу педагогдордун айтканы:
Сабакты изилдөө абдан жөнөкөй уюштурулат. Эгерде сиз билим берүү процессин өркүндөткүңүз келсе, сабактарды пландаштырууда, байкоо жүргүзүүдө жана ой жүгүртүүдө кесиптештер менен кызматташуудан артык эмне болушу мүмкүн?
Льюис, 2002
Lesson study бизди окуучунун ишин баалоого эмес, анын класста кандай иштегенин байкоого багыттайт.
Петси Ванг-Айверсон
Жапон мугалимдери “Lesson study”нин эң чоң баалуулугу – бул окуучулардын жумуштарын байкоо жөндөмүңүздү өрчүткөнүндө деп айтышат.
Катрина Миллз
Билим берүү тынымсыз өзгөрүп, реформалар тынымсыз жүргүзүлүүдө, бирок ал азыркы замандын талаптарына али дээрлик жооп бербейт.
Lesson study (сабакты изилдөө) – бул биздин мектептерде чоң өзгөрүүлөрдү алып келе турган ыкма. Анын натыйжалуулугун дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндөгү көптөгөн мисалдар тастыктап турат.
Сабакты изилдөө мугалимдин ой жүгүртүүсүнө негизделгендиктен, үзгүлтүксүз жүрүүчү процесс болуп саналат. Биз мугалимдерибиздин чеберчилигин арттырып, окуучуларыбыздын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн дүйнөлүк тажрыйбаны, педагогикалык технологияларды сөзсүз жайылтышыбыз керек.
Асылбек Доталиев, Эл аралык “САПАТ” Билим берүү мекемесинин илимий-методикалык борборунун координатору
Комментарийлер