СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДАГЫ И. БЕКТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ № 8 МЕКТЕП ЖАБЫЛГАН ЖОК

  • 28.11.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы Исабек Бектемиров атындагы № 8 мектепке байланыштуу  төмөнкүлөрдү билдирди.

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДАГЫ И. БЕКТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ № 8 МЕКТЕП ЖАБЫЛГАН ЖОК

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча  аталган мектепте  учурда 19 мугалим эмгектенип, 186 окуучу (1-9-класстар) окуп жатат. 1-9-класстар толук комплекттелген.

Ал эми жогорку класстарда окуучулардын саны аз (10-класста 9 окуучу, 11-класста 7 окуучу) болгонуна байланыштуу   16 окуучу  жакын жерде жайгашкан Токтогул атындагы № 2 орто мектепке которулган.

СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДАГЫ И. БЕКТЕМИРОВ АТЫНДАГЫ № 8 МЕКТЕП ЖАБЫЛГАН ЖОК

Балдардын мектепке барып-келүүсү үчүн автобус уюштурулган.
Министрлик тарабынан бул мектепти жабуу жөнүндө эч кандай чечим чыккан эмес. Окуучулар ушул эле мектепте билим алуусун улантышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер